Биометрикалык маалыматтарды тапшыргандардын саны 500 миңге жетип калды

Кыргыз Өкмөтү кабарлагандай азыркы кезде биометрикалык маалыматтарды тапшыргандардын саны жарым миллионго жетип калды. Учурда күн сайын өлкө боюнча 50 миңге жакын адам тапшырууда. “Эгер ушундай калыпта бара турган болсо, анда 2015-жылдын 1-мартында биометрикалык маалыматты тапшыруу аягына чыгууга жакындап калары мүмкүн”-…

Дүйнөдөгү эң байкуш президенттин “Коңузу” миллион долларга бааланды

Уругвай өлкөсүнүн президенти Хосе Мухика, башка өлкөлөргө өзүнүн өтө жөнөкөй жүрүм-туруму жана эң жөнөкөй мамлекет башчысы катары белгилүү. Анын мындай өзүнүн алып жүрүүсүн байкаган Араб шейхи, Уругвайдын президенти Хосе Мухиканын 1987-жылы чыккан Volkswagen Beetle үлгүсүндөгү авто унаасын бир миллион долларга сатып аларын…

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн назарында

КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын сайтында “Сиз КМШнын кайсы өлкөсүнө барат элеңиз?”- деген интернет-сурамжылоого, көпчүлүгү Кыргызстан үчүн добушун беришкен. Бул тууралуу КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын төрайымы, Федералдык Жыйындын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко билдирген. Бул билдирүү кечээ Санкт-Петербург шаарында…

Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге камкордук

 «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун имаратында «Стимул» маалымат-кеңеш берүү жана демонстрациялоо Борборунун ишин баштоо жана жандандыруу багытында «Лейлек районундагы 20 мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды эмгекке жайгаштырууга көмөктөшүү долбоорунун презентациясы өттү. Аталган долбоор «Абилис» Фондунун каржылоосунда жогоруда белгиленген багыт боюнча 2014-жылдын 1-ноябрь күнүнөн тарта…

Бир талды кыйсаң, 10 көчөт олтургуз !

Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын инвестиция залында АРИСтин “Карыздык милдеттемелерди конверсиялоо III Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин азайтуу” долбоорунун дарыя жээктерине жеке үй-чарбалары тарабынан терек жана тал көчөттөрүн олтургузуу компонентинин алкагында Лейлек районунун дэңгээлинде маалыматтык тегерек-стол болуп өттү. Бул тегерек столго Лейлек…

ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргыздын боз үйү каттоого алынды

Учурда Париж шаарында ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин 9-отуруму өтүүдө.  Бул отурумда Кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон боз үйүн дүйнөлүк мурастар тизмесине каттоого алышты.  Кыргыздын боз үйү казактын боз үйү менен биргеликте салттуу билим жана кыргыз менен казактын боз үйүн жасоо номинациясы менен…

Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына сүрөт тартуу конкурсу

Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн демилгеси менен Сүлүктү Гуманитардык-Экономикалык Институттун имаратында Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата сүрөт тартуу конкурсу болуп өттү.  Бул конкурска шаардагы мектептердин окуучулары жана окуу жайлардын студенттери да катышышты. Конкурстун негизги максаты, жаш сүрөткерлерге колдоо көрсөтүү, С. Каралаевдин…

1-декабрдан баштап электр энергиясы кымбаттайт.

Өлкөбүздө ушул жылдын 1-декабрь айынан тартып электр энергиясына баалардын көтөрүлүшү күтүлүүдө. Кыргыз Өкмөтү кабарлагандай, Кыргызстан быйылкы сезондо 7.5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүүнү пландаштырып жатат. Калкыбызга бөлүштүргөндө 700 киловатт-сааттан тиери айтылууда. Андыктан жаңы тариф боюнча 700 киловатт-саатка чейин 70 тыйын,…