Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Жаңы 2015-жыл менен куттуктады

“Урматтуу мекендештер! Жаңы жыл — адамзаттын эң байыркы майрамдарынын бири. Ондогон кылымдар, миңдеген жылдар мурун адам баласы кыштын бир мезгилинде күндөр эң кыска, түндөр эң узун болгонун байкаган. Ааламды бүтпөс түн басып, күн чыкпай койбосун деп абдан корккон. Ошондуктан, кыскарып…

Ош-Баткен-Исфана жолун реконструкциялоого Ислам өнүктүрүү банкы насыя берет

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2014-жылдын 24-июнунда Сауд Арабиясы Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча (№KYR-0048 долбоору) насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

"Социалдык Балаты" аземи Кошбулакта

Кошбулак аймактык башкармалыгы тарабынан борбордук аянтта «Социалдык Балаты» аземи өткөрүлдү. Бул жаңы жылдык салтанатка Сүлүктү шаарынын мэри А. Ибрагимов, Кош Булак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Сапаркулов жана айыл тургундары катышышты.

Жаңы жылда кимге кандай белек берсе болот?

Жаңы жыл майрамы босогодо турат. Жакындарыңызга эмне белек берсем, деп баш катырып жатсан чыгаарсыз. Албетте, берген белегиңиздин өзгөчө, кооз жана эсте калаарлык болушун каалайсыз. Ошондуктан чыгыш календарынын белгисине ылайык айрым маанилүү жагдайларды эске алуу сунушталат.

2015-жылга жылдыз төлгө

  Чыдамсыздык менен күткөн Жаңы жылга саналуу гана сааттар калды. Жаңы кыялдар, жаңы идеялар, жетишкендиктер тууралуу ойлор ар бирибизде күч алып, жакшы үмүттөр артып турган маал. Булар тууралуу жылдызыңыз кандай кабар айтат болду экен? 

Хризантема салаты

1)”Доктор” колбасасын жука тегеректеп кесип алабыз. Кесиндилер 18 даана болуусу керек. Аны сүрөттөгүдөй кылып бүктөйбүз. 2)Биринчи бүктөмгө каратып топтоп барабыз. 3)Жыйналган колбаса бүктөмдөрүн жүсай же көк пияз менен байлап, түбүн бычак менен кесип алабыз. 4) Эми жүрөкчөнү табакка салып, аны…

Биометрикалык иш чаралар улантылууда

Башка мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктар да биометрикалык маалыматты тапшырышууда. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, чет жерде жүргөн жарандардын маалыматын чогултууга 12 атайын жабдык жөнөтүлдү. Алар Россияга, Казакстанга, Түркияга, Бириккен Араб Эмираттарына жана Түштүк Кореяга жиберилди.

ОШ газ менен камсыз болду

Бүгүндөн баштап Кыргызстандын түштүгүнө газ бериле баштады, деп билдирди бүгүн, 30-декабрда «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын басма сөз кызматы. Жалпыга маалым болгондой ушул жылдын  14-апрелинен бери Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүн газ менен камсыздоону токтоткон.