Айылдык айымдарга майрамдык маанай тартууланды

розаКатыраң айыл аймагындагы Баул айылында 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Аталган салтанатка Катыраң айыл аймагындагы өздөрүнүн иш аракеттери менен элге таанымал болгон 100 аял заты катышышты. Айыл аймактын жаш, бирок иштин көзүн билген Исаев Абдикасыт Абдулакимович энелерди 8-март майрамы менен куттуктады. 100 эненин баарына ак жоолукту майрамдык  белек катары тартуулоо менен алардын ичинен 50 энеге «Баатыр эне» ордендери жана 25 аялга «Эне даңкы» медалдарын салтанаттуу түрдө тапшырды. Кеченин жүрүшүндө Катыраң айыл аймагындагы өнөр адамдары концерттик программасын тартуулашып баатыр энелердин маанайларын көтөрүштү.

Маалымат катары айтсак: Баткен облусундагы Лейлек районунда жашаган 447 энеге «Баатыр эне» наамы берилди. Ошондой эле, 74 энеге «Эне даңкы» медалы берилип, республикада «Баатыр эне», «Эне даңкы» наамдарынын берилиши боюнча Лейлек району 1-орунга чыкты.

Один комментарий к “Айылдык айымдарга майрамдык маанай тартууланды

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *