Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы аныкталды

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бүгүн, 30-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө токтом кабыл алды. Ага ылайык, КР Өкмөтүнүн төмөнкү курамы аныкталды:

Парламентте Темир Сариевдин талапкерлиги колдоого алынды

Парламенттин жалпы жыйыны Темир Сариевдин өкмөт башчылыкка талапкерлигин жактырды. Жаңы шайланган өкмөт башчынын ант берүү аземи 6-майга белгиленди. Маалым болгондой, Сариевдин талапкерлигин кечээ көпчүлүк коалиция жактырган. Ал эми бүгүн профилдик комитет да аны колдоп, жалпы жыйынга сунуштаган.

Улуу Британиялыктар эң коопсуз велосипедди ойлоп табышты

Улуу Британиялыктар эң коопсуз велосипедди ойлоп табышты. Аны жаратуучулардын айтымында, жаңы буюм адамдардын өмүрүнө эч коркунуч алып келбешине кепилдик берилет. Ал эми жаңы велосипеддин тунук түстөгү корпусу адамды жаракат алгандан сактайт.

Кыргызстандын 2.5 млн. калкы биометрикалык маалыматтарын тапшырышты

2015-жылдын 28-апрель күнүнө карата алынган маалыматтар боюнча, Кыргызстандын 16 жаштан жогорку 2.5 млн. калкы биометрикалык маалыматтарын тапшырышты. Бул республика боюнча 66, 26 пайызды түздү. Анын ичинде Баткен областынын калкынын 63,71 пайызы тапшырган.

Исфанадагы "Кыз-Жигит" сармердени

Кыргыз элинин маданиятынын улуулугун, руханий байлыктарынын булактарынын негизги булактары болгон оозеки чыгармаларын, каада-салт жана салттуу оюндарын сактап аны муундарга өткөрүү максатында Исфана шаарындагы мекемелер арасында «Кыз-Жигит» сармердени өткөрүлүүдө. Бул жолку  «Кыз-Жигит» сармердени Исфана шаарындагы Раззаков атындагы 2021 аскер бөлүгүнүн жеке…

Максым суусундугун даярдоо ыкмасы

Ысыкка чыдабай көлөкө издеп, суусап турган маалда чаңкаганыңызды кандыра турган суусундук ичип алганга эмне жетсин. Кыргыздын улуттук ашканасы табигый азыктардан жасалган суусундуктарга бай. Аларга жарма, максым да кирет. Максым – талкандан жасалган жарманын ачытылганы. Ал эми жарманы ачытпай, жөн гана…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей 26-апрель күнү Лейлек району боюнча катуу болгон шамалдан 124 үйдүн 1789 даана шифери жана чарбалык сарайлардын 431 даана шифери талкаланган. 3 социалдык обьектердин чатырынан 102 даана шиферин шамал учурган.

Президент А. Атамбаев, И. Илмияновду кызматтан бошотту

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмияновдун отставкасын кабыл алды.  Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан 27-апрелде билдиришти. И. Илмиянов 23-апрелде өз каалоосу менен кызматтан кетүүнү суранып, президентке арыз жазган.

Катуу шамалдын кесепети

25-апрелден 26-апрелге караган күнү, түн ичинде болгон катуу шамалдын кесепетинен, Исфана, Сүлүктү шаарларында жана анын тегерегинде жайгашкан айрым үйлөрдүн шиферлерин шамал учуруп бир топ чыгымдарга алып келди. Бак-дарактардын да шактары сынып айрым жерлерде электр линиялары иштен чыкканы да маалым болду.

Электр тармактар ишканасынын спартакиадасы

Улуу жеңиштин 70 жылдыгы жана улуу инсан И. Раззаковдун 105 жылдыгынын татыктуу тосуп алуу максатында Лейлек райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлеринин арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү. Бул спартакиаданы уюштуруу иштерине «Ошэлектро» ААКоому тарабынан материалдык каражаттар бөлүнгөнү маалым болду.