Ырдап жүр.


ЖЫЛДЫЗДУУ ТҮН
 Хабибилла Азиреткулов.
Сөзү: Токсейит Дыйкановдуку
Обону: Хабибилла Азиреткуловдуку
 
Жүзүмдү айдың жел аймалап,
Жүрөктө ызалык айланат.
Аттиң ай,кайрылып келсеңчи,
Ай менен сырдашкан махабат.
 
Жаралуу жүрөктү мас кылып,
Жанымда жүрсөң да каткырып.
Кечээги кыялдар бүгүн жок,
Кеткенсийт бурганак сапырып.
 
Чолпондой жаркыган үмүтүм,
Чогунда алоолойт күйүттүн.
Жүрөктөр биригип сыр чечкен,
Кайдасың жылдыздуу,айлуу түн…
 
Бүтөөрдө:
 
Кош бол жаным,өмүр азыгы,
Боздоп калды арзуу,тилектер,
Болбосо да жүрөк жазыгы,
Кош бол,айлуу түн…

Один комментарий к “Ырдап жүр.

  1. Jursun

    “Жузумду айлуу жел аймалап” деген саптарды укканда эки чач өрүлгөн ойунда эч нерсе жок капарсыз жүргөн секлек кызды эстедим. Аттин ай ошол күндөр азыр болуп калсачы анда эмнеден баштаар элем билбейм?
    Эмнегедир атамды эстедим жанында жүргөн,колумда бир баштык бор конфетти көтөрүп алып эч кимге бербей эркелеп жеп жүргөн балалык кезим, таттуу кыялдарым бир гана конфетти жеп курсагымдын тойгонуна кубанып атам менен апамдын жанында жүргөн кезим көз алдыма келе түштү. Кечкисин эшик алдына чыгып айлуу түндөгү мага жакын болуп келген жылдыздуу асманды карап көпкө чейин алардын сулуулугуна жана тазалыгына суктанып карап тураар элем. Эми да айылга барганда ошол жылдыздар менен кайрадан жолугушкандай болуп, алар менен суйлөшөм, аларды сагынып аларга менен оюумду тең бөлүшүп алар менен сырдашам алар мага кайрат дем беришкендей. Мындай таза, асманды, жылдызды мен шаардан таба албадым,канча карасам да чаң, түтүн баскан булуттар аларды каптап алган.
    Балдай таттуу балалык кез, жүзүнөн күлкү кетпеген, дүйнө түгөл баардыгы бар,оюунда бир гана оюн жана да оюн. Айланада эмне болуп жатканы менен иши жок курсагы ток,жанында жакшы көргөн бир туугандары, ата энеси, жакындары бар жайлоонун салкын абасынан терең дем алып тынч уйкуга жылдыздарды тиктеп, алар менен суйлошуп жатып уктап калган мезгил. Жайлоо демекчи, анын сулуулугун эс тартып калган мезгилде студенттерди тобу менен биринчи курста Атбашынын Босого деген жайлоосуна археологиялык экиспидицяга барган күндүн биринчи күнү жаңы таң атып жерге жарык кирээри менен таңкы булбул безеленип “ойгонгула таңкы кереметти көрүп, таза абадан дем алып,айлананын сулуулугу менен танышып алгыла” дегенсип ушунчалык сайрап жатыптыр көзүмдү ачпай суктануу менен угуп жатам, бул керемети коштоп тоодон агып түшкөн шылдыр булактын үнү коштоп жатты, кандай гана керемет. Бул керемет сулуулуктун бар экендигин чымчык менен агып жаткан суу гана билдирип жаткандай. Мына ошо абасы бийик жайлоодо өткөн балалык күндөрүм кайрылып келсечи.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *