Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу долбоору боюнча насыялык макулдашуу ратификацияланды

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 25-июнунда Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Баткен облусундагы Лейлек районунун Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу» долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Кайрымдуулук акциясы

Сүлүктү шаарындагы көмөкчү мектеп-интернатында 1-июнь балдарды коргоо кунүнө карата «Кайрымдуулук акциясы» болуп өттү. Аталган иш чарага Сүлүктү шаарындагы мекеме-ишканалар жана Лейлек районунан өкүлдөр катышты. Акциянын жүрүшүндө Сүлүктүдөгү көмөкчү мектеп-интернатында 2014-2015-окуу жылындагы аткарылган иш аракеттер тууралуу маалымат берилди.

Мектептерде акыркы коңгуроолор кагылды

Бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарындагы мектептерде акыркы коңгуроолор кагылып бүтүрүүчүлөргө ак тилектер айтылды. Сүлүктү шаарындагы №1 орто мектебинде да бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу кечеси өткөрүлдү. Акыркы конгуроо салтанатына шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исманов Бахап жана бир топ шаардагы мекемелердин өкүлдөрү катышышты.

1995-жылкы бүтүрүүчүлөрдүн кубогу

Исфана шаарындагы борбордук стадиондо орун алган кичи футбол аянтчасында, Лейлек-Сүлүктү аймактарында 1995-жылы мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн мини футбол боюнча мелдеши уюштурулду. Аталган  мелдешке быйылкы жылы 20 жылдыгын белгилеп жатышкан Лейлектик жана Сүлүктүлүк жаштар катышышты.

Отчеттук концерт

Райондук маданият үйүндө Балдардын музыкалык мектебинин окуучуларынын отчеттук концерти тартууланды. Отчеттук концертте музыкалык мектептин окуучулары тарабынан даярдалган музыкалык программа, келген конокторго жана ата-энелерге тартууланды. Жыйынтыгында музыкалык мектебинин бүтүрүүчү окуучуларына дипломдор тапшырылды.

Ачык эшик күнү 48 лицейде

Исфана шаарындагы 48 лицейде бүтүрүүчү мектеп окуучулары үчүн ачык эшик күнү болуп өттү. Бул күнү шаардагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү 48 лицейдин мугалимдери менен жолугушуп, кесиптик окуу жайдагы түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты. Аталган кесиптик окуу жайында куруучуларды, тигүүчү-бычмачы, ашпозчу, айдоочу, сварщик…

Лейлекте «Ак таңдай-2015» айтышы

  «Ак таңдай — 2015» аттуу республикалык төкмө акындардын мелдеши Лейлек районун “Төө жайлоо” жайлоосунда өткөрүлөрү маалым болду. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4-5-июнь күндөрү өтүүчү акындардын айтышына Бишкек, Ош шаарларынан жана Өзбекстандан, Тажикстандан ырчылар чакырылган.

Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгынын урматына

Лейлек-Сүлүктү аймактарындагы мектептерге Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгынын урматына, анын котормосундагы грузин акыны Шота Руставелинин калемине таандык болгон “Жолборс терисин кийген баатыр” китеби таратылууда. Аталган чыгарманы Алыкул Осмонов 1940-жылы которуп Казань шаарындагы басмаканадан латын тамгасы менен жарыкка чыгарган. Андан бери бул китеп…

Мектептер арасындагы фестиваль

Райондук маданият үйүндө Исфана шаарындагы мектептер арасында фестиваль болуп өттү. Бул фестивалда мектеп окуучулары ыр-бийге, музыкалык аспаптарда ойноо жана хор ырларын ырдоо боюнча күчтөрүн сынашты. Ар бир мектептерден таланттуу окуучулар өздөрү даярдаган музыкалык номерлерин жогорку деңгээлде аткарганга болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшашты.

Мыкты окуучулардын слету

Бүгүн Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында, райондогу мыкты окуган окуучулардын слету болуп өттү. Аталган слетко райондун акими Т. Арипов,  Исфана шаарыны мэри А. Анарботоев, Сүлүктү-Лейлек аймагындагы мекеме-уюм жетекчилери катышышты. Алгач райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А. Жамилов райондогу жалпы…