Бүгүн асмандан «көгүш» Ай чыгат

      Бүгүн, 2015-жылдын июль айынын акыркы күнү Жердин калкы сейрек кездешчү көрүнүштү-«көгүш Айды» көрө алышат. Бул тууралуу National Geographic маалымдайт деп ммк.кейжи сайты жазды.

“Жаӊы муун” партиясы “Ата-Мекен” партиясы менен бирикти

Бүгүн, 30-июлда эки партиянын өкүлдөрү стратегиялык кызматташууга. Бирок кечээ, кол коюшуу иш-чарасын БШК чыгарган токтомго ылайык, коомчулук алдында эмес, эки тараптуу жолугушуунун алкагында ишке ашырышты. Жыйынга катышкан Марал радиосунун кабарчысы билдиргендей, “Жаӊы Муун” партиясы өлкөдө көз карандысыз күч катары “Ата…

Лейлек районунда 13 тонна алюминийди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган үч тажик жараны кармалды

Лейлек районунда 13 тонна алюминийди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан тажик жарандары кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, кечээ, 29-июль күнү Жаштык айылына жакын жерде 3 тажик жараны кармалган. Алар кыргыз-тажик чек арасы аркылуу Кыргыз…

КОСМОСТО ЖЕРГЕ ОКШОШ ПЛАНЕТА ТАБЫЛГАНЫ АЙТЫЛУУДА

АКШнын Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NASA) Космосто Жерге окшош планета табылганы тууралуу айтып чыкты. Муну Вашингтондо өткөн онлайн-маалымат-жыйынында айтылган билдирүүгө таянып 24-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Планетаны Күн системинин чегинен орбитага чыгып башка планеталарды издеген…

Лейлекте газ түтүктөрү арзан сатылууда

       2014-жылы “Кыргыз газ” ишканасы 1 долларга Орусияга баардык карыздары менен сатылган. Лейлек, Баткен, Кадамжай Өзбекстандан Тажикстанга өткөн 176 км газ түтүктүн бир бөлүгү бар. Бирок ал түтүктөрдү  Казакстанга 8 млн. карызды төлөө боюнча келишимге ылайык, “Казнефтпром” ЖчК…

Курандын байыркы кол жазмасы элди дүрбөтөт

Британиянын Бирмингем шаарында Мухаммед пайгамбардын учурундагы доорго туура келген Курандын эң байыркы кол жазмасы табылып, дүйнөлүк коомчулук кызуу талкууга алууда. Аны көрүш үчүн дүйнөнүн чар тарабынан адамдар эми Бирмингемге агылышы ыктымал экенин жазды The Washington Post гезити.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ШАЙЛООГО БАЙЛАНЫШТУУ «БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН ЭМГЕК» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМЧУЛУГУНА, САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРГА, МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРГА, ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРГА ЖАНА ЖМКга КАЙРЫЛУУСУ

2015-жылдын күзүндө Кыргызстандын элинин алдында тагдыр чечүүчү тандоо – Жогорку Кеңештин жаңы курамын шайлоо турат. «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы республикабыздын бүткүл саясий күчтөрүн шайлоо босогосундагы күрөштү конституциялык жана мыйзам талаасынын чектеринде чынчыл жүргүзүүгө, өлкөнүн коопсуздугун бүлүнтүүчү жана мамлекеттин өзүнүн…

«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын лидерлери Баткенде

26-июль күнү, «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын тең төрагалары Адахан Мадумаров жана Аскар Салымбековдор атайын иш сапарлары менен Баткен шаарына келишти. Партиянын лидерлери алгач Самаркандек айылында жаңы курулган кичи футбол аянтчасынын ачылышына катышты. Андан соң Баткен шаарындагы А. Жайнаков атындагы…

Айыл жергесиндеги аялдар үчүн семинар

2015-жылдын жаз мезгилиндеги күтүүсүз үшүк Баткен областында өзгөчө оор катталып, дыйкандар үчүн көптөгөн кыйынчылыктарды алып келди. Негизинен бак-дарактар, эрте эгилген жашылчалар үшүккө тушугушту. Кээ бир дыйкандар бир жылдык кирешесинен кол жууду. Натыйжада башка киреше булагы жок үй-бүлөлөр бирден-экиден уул-кыздарын Россияга,…

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону 2015-жылдын 4-октябрына дайындады

Бүгүн, 2015-жылдын 25-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы  Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону 2015-жылдын 4-октябрына  дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону…

Лейлекти дүрбөлөңгө салган жасалма токтом

Лейлек районунун акимчилигинин расмий электрондук дарегине акимдин иштен бошотулганы тууралуу премьер-министр Темир Сариевдин атынан кат келип түшкөн. Бир сыйра тополоңго түшкөн акимчилик кызматкерлери өкмөткө чалганда андай кат жөнөтүлбөгөнү аныкталган.