Малды идентификациялоо долбоору Талас облусунан башталат

Малды идентификациялоо долбоору Талас облусунан башталат. Бул тууралуу бизге айыл чарба министрлигинин адиси Байымбет Мураталиев билдирди. Анын айтымында, тиешелүү укуктук документтер даярдалып, Россиянын акчасына техника сатылып алынды.

Кой, эчкилердин бруцеллез ылаңына каршы 2,4 млн доза вакцина сатып алынды

“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” деп аталган долбоордун алкагында 11,7 млн сомго кой, эчкилерди бруцеллез ылаӊына каршы эмдөө үчүн 2,4 млн доза REV-1 вакцинасы сатып алынды. Алынган вакцина каражаттары Ветеринардык жана фитосанитардык инспекцияга өткөрүлүп берилди.

Быйыл жаңы окуу жылында пайдаланууга бериле турган мектептер өз маалында курулуп бүтпөсө, тиешелүү адамдарга чара көрүлөт

Быйыл жаңы окуу жылында пайдаланууга бериле турган мектептер өз маалында курулуп бүтпөсө, тиешелүү адамдарга чара көрүлөт. Мындай билдирүүнү вице-премьер министр Дамира Ниязалиева жасады. Анын айтымында, Кочкор районун Ак-Жар айылынын окуучулары жаңы окуу жылында билим алуу үчүн кайрадан чатырларга барышат.

ТҮРК ЭЛДЕРИ: БИРДИКТҮҮ ТЕЛЕКАНАЛ ТҮЗҮЛӨТ

Казакстандын борбору Астанада түрк тилдүү элдердин маалымат министрлери жана маалымат агенттиктеринин жетекчилери чогулуп, бирдиктүү телеканал түзүү боюнча сүйлөшүү өткөрүп жатышат. Алар кол койгон концепцияда бирдиктүү спутник телеканалынын борбору Астанада жайгашып, Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркиядагы телеканалдарга орток маалыматтар берилип турат…

Спорт аянтчасы тапшырылды

Исфана шаарынын №2 кичирайонунда балдар атайын үчүн курулган спорт аянтчаларынын ачылыш аземи болду. Аталган салтанатка Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан, Исфана шаар мэриясынан өкүлдөр жана шаар тургундары катышышты. Балдардын спорт аянтчасынын тегерегине кошумча эс алууга отургучтар, таштандыларга урналар жана балдарга селкинчектер…

ОРУСИЯ ЧЕТ ЭЛДИК МЕДИКТЕРДИ ЧАКЫРУУДА

Орусиянын Эмгек министрлиги жарыялаган маалыматка ылайык, кардиоревматолог, үй-дарыгер, педиатр, терапевт, акушер, медайым жана ушул сыяктуу 2бүлөлүк 0 чакты кесип ээлери Орусияда  үч жыл иштегенден кийин орус жарандыгын ала алышат.

ДОБУШТУ 100 ДОЛЛАРДАН КЕМ БААЛАБАЙТ ЭКЕНБИЗ

Күздө болчу шайлоо кыргыз тарыхындагы эң кымбат шайлоо болоору айтылууда. Парламентке келем деген саясий партиялардын алдыңкы орундарынын баасы бир миллион долларга чейин жетиптир. Депутаттык мандат тагынам дегендер кеминде 200 миң доллар коротушу керек экен. Мындай акчасы капчыгында жоктор мандатты эстебей…