ӨКМ: Аба ырайы кескин өзгөрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча  13-сентябрдан 15-сентябрына чейин, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болот.