А. Атамбаев Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын активи менен жолугушту

39_23Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн,  16-сентябрда  Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана  Сүлүктү шаарынын активи менен жолугушту. Бул тууралуу маалыматты президент басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу “суроо-жооп” форматында өткөрүлдү. Мамлекет башчысы  региондун жашоочуларынын  автомобиль жолдорунун курулушу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, калкты электр энергиясы жана сугат суусу менен камсыз кылууга байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Президент Алмазбек Атамбаев  акыркы жылдары Баткен облусунда энергетикалык коопсуздукту чыңдоого, стратегиялык автомобиль жолдорунун курулушун аяктоого, ири ирригациялык долбоорлорду  жана социалдык обьектилерди ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген олуттуу долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жакынкы жылдары  Баткен облусунда мелиорация маселелерин чечүүгө мамлекет өзгөчө көңүл бураарын белгиледи.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө жана региондо ири инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө, ошондой эле  Баткен облусун мындан ары социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү пландарына токтолду.

kyrgyztoday.kg

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *