Биометрикалык каттоодон өткөндөрдүн 15-20 % өздөрүн шайлоочулар тизмесинен таппай жатат

tandoУчурда добуш берүүчүлөрдүн айрымдары шайлоо участокторунан өздөрүнүн аты-жөнүн таппай убара. Биометрикалык каттоодон өткөндөрдүн 15-20 % өздөрүн шайлоочулар тизмесинен таппай жатат.

Тизмеге өкмөт, бөтөнчө МКК Төрайымы Алина Шаикова жооптуу

Ушул күндөрү шайлоочулар өзүлөрүн тизмеден тактап, добуш берүү күнүнө даярдыктарды көрүп жатышат. Бирок биометрикалык маалыматын тапшырган айрым жарандар өзүлөрүн тизмеден таппай калган учурлар кездешүүдө. Өкмөт башчы Темир Сариев парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын лидерлерин жана өкүлдөрүн чогулткан жыйында айрыкча мына ушул маселеге көңүл бурулду. “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов тизмеден өздүгүн таппай калган жарандардын укугун ким коргой турганын сурады. Суроону берээрден мурун Сулайманов, шайлоо мөөнөтүнөн мурда болбогонун айтып, ал үчүн даярдыктар мурда эле башталганын эске салды.

— Бизде бүт региондор боюнча так маалымат бар. 15-20 пайызга чейин эл фамилиясын таппай жатат. Алар өмүр бою жашаган дарегин которгон эмес. Ошол айылда туулуп, ошол айылда өскөн, биометрикадан өткөн. А бирок участогуна барып өзүн таппай калууда. Биздин Баш мыйзамда жазылган, 18 жашка толгон жаран шайлоого барып катышканга укуктуу. Мен милдеттүү деп айтат элем. Ар бир жаран кайдыгер карабашыбыз керек. Ошол өзүнүн аты-жөнүн таппай калган жарандын укугу эмне болот, буга ким жооп берет?

Премьер-министр буга биринчиден өкмөт, аны менен катар 1 жылдан бери дал ушул маселенин үстүндө иш жүргүзүп жаткан Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жооп берет деп билдирди. Ал ошондой эле биометрикалык маалыматын тапшырган шайлоочу добуш бергенге келип, өзүн тизмеден таппай, добуш бере албай калса, бул үчүн кылмыш жоопкерчилигине чейин жеке жоопкерчилик Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаиковага жүктөлөөрүн кесе айтты.

— Биринчи өкмөт жооп берет. Өкмөт башчы катары мен жооп берем. Тайырбек Сарпашев Биринчи вице-премьер катары бир жылдан бери ушул маселе менен алектенип келатат, бул кишиге жоопкерчилик жүктөлгөн. Анан Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаикова жооп берет.

Анткени буга чейин тизмени БШК жергиликтүү бийлик менен түзүп келген. Бул милдет Мамлекеттик каттоо кызматына өтүп, тизме биометрикалык маалыматтын негизинде түзүлгөн. Аталган мекеменин төрайымы Алина Шаикова жоопкерчиликтен качпай турганын өз сөзүндө белгиледи.

Шайлоонун өтүшүн жакын жайгашкан шайлоо участоктору татаалдантат

Биометрикалык маалыматын тапшырып, бирок тизмеден өздүгүн таппай жаткан учурдун негизги себеби катары бири-бирине жакын жайгашкан шайлоо участокторунун кесепетинен болуп жатканы айтылууда. Маселен Кыргызстан боюнча ачылган шайлоо участокторунун саны 2 миң 374. Алардын 1741и бири-бирине жанаша жайгашкан. Тизмеден өздүгүн таппай жаткан учурдун 90-95 пайызы дал ушул себепке байланыштуу. Бирок бул кырдаал шайлоо күнү бир топ тоскоолдукту жаратаарын Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жашырган жок. Себеп дегенде добуш берүү үчүн келген жарандар бир участоктон өзүлөрүн таппаса, анда жанындагы участокто экени айкын болот. Бирок анткен менен биометрикалык аппарат мындай маалыматты бере албайт. Дал ушул учур шайлоонун өтүшүн бир аз татаалдантып коюшу мүмкүн болуп жатат.

Шайлоо күнү добуш берүүчүлөр атайын чек алууга тийиш. Добуш берээрде бир жаранга манжасын 5 жолу басууга жол берилет. Эгер бешинчи жолу басканда анын маалыматы чыкпаса анда пин коду киргизилет.

Биометриканы канча жолу тапшырса да, бир адам катары катталат

Ушул күнгө чейин кээ бир жарандар өзүнүн биометрикалык маалыматын тапшыра элек болсо, айрымдары 12 жолу тапшырганга жетишишкен. Бирок бул нерсенин шайлоого кедергиси тийбей турганын Сарпашев тактады.

— Бир адам 12 жолу биометрикалык маалымат тапшырган учур кездешти. Алар 12 жолу тапшырсак, 12 жерден тизмеден чыгат деп ойлошту. Андай мүмкүнчүлүк жок. Анткени борбордук базага киргенде тазаланып, бир адам канча жолу тапшырбасын бир эле адам болуп катталат.

Шайлоого бир гана биометрикалык маалыматын тапшыргандар эле катыша турганы маалым. Ушул кезге чейин 2 млн. 633 миңден ашуун жаран шайлоого катышууга толук даяр болду. Өздүгүн тапшыра электер 19-сентябрга чейин үлгүрүп калуулары керек. Анткени ал акыркы күн.

Парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында өтөт. Ага жалпы 14 саясий партия катышып, ат салышат.

Автор: Диналиана Джунушева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *