Партиялардын өзбек тилиндеги үгүт жарнактары коомдо нааразычылык жаратты

тилМыйзам боюнча Кыргызстан аймагында эң оболу үгүт иштери кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керек. Шаар көчөлөрүндөгү керме, такталардагы жарнамалар, дегеле бардык маалыматтар алгач мамлекеттик тилде берилиши зарыл.

Парламентке аттанган айрым саясий партиялар түштүк аймагында жарнамаларын жалаң гана өзбек тилинде чыгарып илип салышкан. Көлөмү чоң жарнамаларда кыргыз тилинде жазуулар орун алган эмес. Бул боюнча мамлекеттик тил комиссиясы эскертүүлөрдү берди. Бирок алигиче эч кандай чара көрүлө элек. Мыйзам боюнча Кыргызстан аймагында эң оболу үгүт иштери кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керек. Шаар көчөлөрүндөгү керме, такталардагы жарнамалар, дегеле бардык маалыматтар алгач мамлекеттик тилде берилиши шарт. Ал жарнамаларды зарыл учурда расмий тилге которсо болот. Ал эми кыргызча жарнамаларды которууда башка тилдеги ариптин көлөмү кыргыз тилиндегиден чоң болбоого тийиш жана сөзсүз түрдө кыргызча вариантынан кийин же анын алдында гана жазылуусу керек.Эгер бул эрежелер бузула турган болсо, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы ал жарнамаларды алып салууга укуктуу. Ошондуктан партиялар жарнама жана маалыматтарды таратуу маселесин сөзсүз түрдө Мамлекеттик тил комиссиясы менен макулдашуусу зарыл, дейт муниципалдык мүлк башкаруу башкармалыктын башчысынын орун басары Султан Өмүров.

Кыргызстанда 100дөн ашык улут жашаары, улуттук азчылыктар өлкө калкынын 34 пайызын түзөрү айтылып жүрөт. Саясий партиялардын башка тилде үгүт иштетин жүргүзүүсу коом арасында терс пикирди жаратууда. Алар Кыргызстанда калктын 80 пайызы кыргыз тилин билээрин айтышып, партияларын бул аракетине чара көрүүсүн тишелүү мекемелерден өтүнүшөт. Апта башында өкмөт башчы Темир Сариев саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуп, шайлоо даярдыктарын талуулашкан. Анда мыйзам бузуулар боюнча да сөз болгон. Өкмөт башчы азырынча мыйзам бузуулар катталбагандыгын белгилеген. А бирок майда мыйзам бузуулар болуп жатканын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирип, бардык партияларды мыйзам чегинде шайлоонун тынч өтүшүнө көмөктөшүүгө чакырды.
4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоого 14 саясий партия аттанган. Быйыл өлкөдө шайлоо биринчи жолу жаңы технологиянын негизинде жаңы эреже тартиптер менен болгону жатат. Расмийлер бул шайлоонун ачык айкын болушуна өбөлгө түзүлөт деп ишендирүүдө.

Автор: Чолпонай Латыпжан кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *