Парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн так саны аныкталды

20130226-9CB4D556E70AAA07-0-0-219ED0B5-DB7403FFF5BD48B1КРнын Биринчи вице-премьер министри Тайырбек Сарпашев 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого катышууга укуктуу болгон шайлоочулардын так санын Ош шаарында жарыя кылды. “2 млн 849 миң 524 жаран биометрикалык маалыматын тапшырган. Бирок алардын ичинен 2 млн 757 миң 826 адам шайлоого катышат. Добуш берүүгө катыша турган жарандардын саны аз болгондугунун себеби, арасында 4-октябрга чейин 18 жашка толбогон жарандар бар. Ошол үчүн шайлоочулардын саны биометрика тапшыргандардын санынан аз болду. Бул сан өзгөрбөйт”,-деди Тайырбек Сарпашев.

Ал кошумчалагандай, такталган шайлоочулар Кыргызстан боюнча 2374 шайлоо участкасына бөлүнөт. Булардын ичинен Бишкек шаарында 39, Ош шаарында 7 кошумча шайлоо участкалары бар.

“Кечээ түнү менен чет жактардагы шайлоо участокторуна шайлоочулардын маалыматтары жүктөлөт. Ал эми 2-октябрга чейин баардык шайлоо участокторго добуш берүүчү аппараттар келип бүтөт”,-деди Т.Сарпашев.

maralfm.kg

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *