Баймурат Бекмуратов Лейлек районунун жаңы акими болуп шайланды

Райондук мамлекеттик администрация маалымдагандай, Б. Бекмуратов шайлоодо 120 добушка ээ болгон. Ал эми Жамалидин Эшанкулов 90 добушка ээ болсо,  Эрмек Бахавадинов өз каалоосу менен талапкерлигин алганы белгилүү болду. Баймурат Асатович Бекмуратов буга чейин райондогу Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.  Шайлоого жалпысынан 220 депутат катышкан.

Один комментарий к “Баймурат Бекмуратов Лейлек районунун жаңы акими болуп шайланды

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *