ТАБИЙГАТ КЫРСЫГЫ

2016-жылдын 29-марттын түнү менен болгон катуу шамалдын кесепети Исфана шаар аймагындагы айрым турак жайларга катуу зыян келтирди. Айрыкча, шаар башкармалыгынын аймагындагы  Голбо айылындагы жергиликтүү тургундарынын үйлөрүнүн шыйпырлары  учуп, тургундар ушундай кыйын кырдаалда мамлекеттен жардам күтүп турушат.

Исфанада Айгүл гүлү ачылды

Исфана шаарынын борборунда орун алган балдар чыгырмачылык борборунун аймагында атайын корукка алынган Айгүл гүлү толук бойдон гүлдөрүн ачып турган чагы. Айгүл гүлүнүн көчөттөрү мындан бир канча жыл мурда Лейлектин «Атаян Баба» тоосунан алынып келип отургузулган.

Лейлек шайлоого активдүү катышууда

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда эл шайлоого активдүү катышууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, Лейлекте эл добуш берүүдө эң активдүү катышууда. Ал жакта жергиликтүү кеңештин депутаттарын тандоого 2 345 адам катышты. maralfm.kg

Ваканттык орундарга конкурс жарыялайт!

Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы төмөнкү ваканттык орундарга конкурс жарыялайт! -Жумуш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы адиси — 1 орун. — Социалдык кепилдиктерди дайындоо бөлүмүнүн башкы адиси – 1 орун -Финансылык эсеп жана отчеттук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси -1 орун…

Коомдук ишмер Ж. Исаев "Ардактуу атуул" наамына татыктуу болду

 Улустун улуу күнү Нооруз майрамын атайы Лейлек жерине келип тосуп жаткан Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу  өкүлү Раззаков Жеңишбек Парпиевич жалпы Лейлек элин Нооруз майрамы менен куттуктоо менен бир топ Ардак Грамоталарды жана баалуу белектерин тапшырды. Коомдук жана саясий ишмер, ЖКнын…

"Бакубат үй-бүлө — кубаттуу мамлекет" аттуу китеп жарыкка чыгарылды.

Сарымсакова Анара эжебиздин талбаган күжүрмөн эмгегин эл баалап «Бакубат үй-бүлө — кубаттуу мамлекет» аттуу китеби Машрабов Абдумалик  Амировичтин авторлугу аркылуу жарык көрүп олтурат. Бул жыйнакка негизинен 2012-жылы 25-декабрда СГЕИ БатМу жана Сүлүктү шаардык ЖААК бөлүмү тарабынан 2012-жыл үй-бүлө, тынчтык, ынтымак…

"Сармерден+" фестивалы

«Лейлек Жаштары» коомдук бирикмеси демилгеси жана Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы менен Сүлүктү шаардык мэриясынын колдоосунда «Сармерден+» фестивалы өткөрүлдү. Фестивалдын максаты Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын аймагындагы жаш кыз-келиндердин коомдогу ордун даңазалоо болуп саналат.

УРМАТТУУ АТА-ЭНЕЛЕР!

Мите курт ооруларын дарылоо максатында Академик Оморбай Нарбаев тарабынан “Ташчайнар” деген экологиялык таза чөптөрдөн жасалган дары келген. Балдарыңыздын  заңынан анализ тапшырып көрүңүздөр, эгер мите курт оорулары менен ооруган болсо, ушул дарыдан алып балдарга ичирүүңүздөрдү сунуш кылабыз. Дары бекер берилет. Толук…

ӨЗГӨРҮШ-БАТКЕН ЖАҢЫ КАТТАМЫ АЧЫЛДЫ

 Өзгөрүш-Катраң-Коргон-Кара-Суу айылдары аркылуу Баткен шаарына жаңы автокаттам ачылды. Аталган багыттагы унаа күн сайын эртең мененки 07-45те Өзгөрүш айылынан чыгып, Коргон айылына 9-00дө келип, 9-15те Баткен шаарын көздөй жөнөп кетет. Ал эми Баткен шаарынан кайра Өзгөрүштү көздөй 16-20да жөнөп кетет. Каттамдын…

ТАМАША АЙТСАМ КҮЛӨСҮҢБҮ?

Шакарап, Шакарап… Күйөөсү роддомго баратып, ким төрөлдү деп сурарын билбей аябай бушайман болот. Анан: — Эгер эркек болсо, «бадыраңбы», а кыз болсо «помидорбу» деп сурайм, — деп аябай даярданып алып, анан терезенин алдына келип, аялына кыйкырып атат дейт. — Э-эй,…