Коомдук эркин гезит

Кыймылдаган - кыр ашат

Архив по месяцам: Май 2016

"Айтыш-2016" республикалык конкурсу

Мындан туптуура бир жыл мурда ак таңдай акындардын республикалык деңгээлдеги айтышы ордолуу Оштогу “Ак таңдай” акындар ордосунун башчысы – Абдивали Акимбековдун жана Лейлек районунун жетекчилигинин демилгеси менен легендарлуу Лейлек жергесинин дал ушул кереметтүү “Төө-Жайлоо” аймагында өтүп, байге фондусу 500 000 сом болгон таймашта “Гран Прини” жаш төкмө Идирис Айтбаев багындырып, айтыш соңунда Президентибиздин азыркы кездеги...

Республикалык "Айтыш-2016" телесынагы

Бүгүн, Лейлек районунун “Төө-жайлоо” жайлоосунда “Айтыш-2016″ телесынагы өткөрүлөт. Аталган телесынакка Кыргызстан боюнча жалпысынан 20 ак таңдай төкмө акындардын катышуусу күтүлүүдө. “Төө-жайлоо” жайлоосундагы 11 үйдүн алдында орун алган ачык асмандагы сахнада акындардын таймашы алдында Кыргызстанга белгилүү эстрада ырчылары, жердештерибиз Самара Каримова, “БИЗ” тобу, Бактыяр Токторов сыяктуу талантардын коштоосунда концерттик программа коштолмокчу. Республикалык “Айтыш-2015″ телесынагына белгилүү төкмө...

Көл ичиндеги шаркыратма (Португалия)

ЖЕҢИШБЕКТИН ЖЕҢИШИ

ГОЛБО. Жакында Кожояр Казыев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Жеңишбек Абдиназаров, Кочкор районундагы кыргыз билим берүү Академиясы жана райондук билим берүү бөлүмү, Шапак Рысмендеев атындагы орто мектептери менен биргеликте тарых жана маданият жылына карата, түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы билим берүүчү уюмдарынын, окумуштуу педагогдордун “Түрк дүйнөсү: — Тарыхый-маданий мурастар – элдин көөнөрбөс кенчи”...

Жарыя

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасын аткарууга алуу максатында Катраң айылдык Кеңешинин 25-сессиясынын чечимдерине негизденип Катраң айыл өкмөтү айыл чарба жерлерин кирешелүү тармакка которуу максатында көп жылдык алма багын өстүрүү үчүн инвестициялык конкурс жарыялайт. — Конкурска 33га. жер коюлат, 1(бир)га. дан бөлүнүп коюлат. -Конкурска коюлган жерлер 25 жылдык мөөнөткө берилет 2017-2042-жылдарга. -Конкурска коюлган жерге алма багын өстүрүү...

Исфана шаарында сел жүрүп, ири мүйүздүү малдарды агызып кетти

Лейлек районунун Исфана шаарында 2016-жылдын 22-майында саат 18:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Чимген жана Самат айылдары аркылуу өткөн Исфанасай -1, Исфанасай-2 сел агып өтүүчү сайлары аркылуу сел агып өтүп, 4-5 баш ири мүйүздүү малдарды агызып кеткен жана сай боюндагы участкалардын сел калдыктар менен толуп калган. Ош-Баткен-Исфана автожолунун 350-чакырымында  көпүрөнүн астын сел жууп...

Исфана шаарында Энелер күнү белгиленди

Шаардагы “Айжан” кафесинде, Исфана мэриясынын жана шаардык кеңешинин демилгеси менен Энелер күнү белгиленди. Майрамдык кечеге Исфана мэриясына караштуу аймактардан, элибизге эмгеги менен даңкталган жана көп балалуу болгон 80 эне чакырылып, салтанаттын сыйлуу коноктору болушту.

“Лейлек” базарында өрт катталды

20-май күнү, түнкү саат 02-30 да Исфана шаарындагы борбордук “Лейлек” базарында өрт чыккан. Өрттүн очогу базардын так ортосунан орун алгындыктан айланасына бат тарап натыйжада Лейлектин тарыхында мурда болбогон өтө чоң өрт катталды. Айрым соодагерлер түндөсү анча-мынча товарларын алып чыгууга үлгүргөнү менен борбордук базардын 80 пайызын толук жоосуз тил жалмап кетти. Өрттү өчүрүүгө Лейлек, Сүлүктү, Кулунду аймагындагы...

Исфанадагы медресе студенттерине акысыз түшкү тамактануу уюштурулду

20-май /muftiyat.kg/ Баткен облусунун Исфана шаарындагы “Абдулла ибн Аббас” медресесинин студенттери үчүн акысыз түшкү тамак уюштурулду. Медресе мүдүрү Тыныбек Кудайбердиевдин айтымында түшкү тамактын чыгымдарын жергиликтүү тургундар колго алышып, бул саамалык 19-майдан тарта башталды.

№48-кесиптик окуу жайында ачык эшик күндөрү өткөрүлдү

Салтка айлангандай жыл сайын май айынын акыркы күндөрү №48-кесиптик окуу жайында ачык эшик күндөрү өткөрүлүп келет. Бүгүн да аталган окуу жайында, Исфана шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда ачык эшик күнү өткөрүлдү. Кечеге Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов, мекеме-уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Бул күнү кесиптик окуу жайы тууралуу маалыматтар берилип, түрдүү кесиптин багыттары боюнча...

2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлап

 Лейлек районунун Маргун айылынын тургуну чебер айым Каныгүл Анварова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эн белгисин килем бетине түшүрдү. Анварованын айтымында, аны бир айга жакын убакытта токуп бүтүргөн. Килем боёксуз, койдун таза жүнүнөн жасалган. Учурда 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында карата килемдин чоңун токуп чыгууну максат кылууда.

Диний сөздөрдүн кыскача сөздүгү чыкты

Бүгүн,18-майда “Кыргыз тилиндеги диний сөздөрдүн кыскача түшүндүрмөсү” аталышындагы китепченин бет ачары өткөрүлөт. Иш-чара  КРнын Улуттук илимдер академиясында өтөт. Бул туурасында «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган эмгек  Илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту жана Кыргызстан мусулман дин башкармалыгынын  билим берүү бөлүмүнүн демилгесинин негизинде “Ыйман” диний маданиятты...