“Лейлек” базарында өрт катталды

20-май күнү, түнкү саат 02-30 да Исфана шаарындагы борбордук “Лейлек” базарында өрт чыккан. Өрттүн очогу базардын так ортосунан орун алгындыктан айланасына бат тарап натыйжада Лейлектин тарыхында мурда болбогон өтө чоң өрт катталды. Айрым соодагерлер түндөсү анча-мынча товарларын алып чыгууга үлгүргөнү менен борбордук базардын 80 пайызын толук жоосуз тил жалмап кетти. Өрттү өчүрүүгө Лейлек, Сүлүктү, Кулунду аймагындагы өрт өчүрүүчү техникалар жана суу ташуучу авто унаалар тартылды. Ошого карабастан өрттү өчүрүү эрте мененки 9га чейин уланып араң тилсиз жоонун жалынын өчүрүштү. Өрттөн базардын болжол менен жалпы 700 м2 аянты күйгөн. Тагыраак айтканда 53 соода дүкөнү, 2 жабык соода түйүнү жана 15 ашкана күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Өрттүн чыгуу себептери тергөөгө алынып, кетирилген чыгымдар такталууда. 


 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *