Исфана шаарында Энелер күнү белгиленди

Шаардагы “Айжан” кафесинде, Исфана мэриясынын жана шаардык кеңешинин демилгеси менен Энелер күнү белгиленди. Майрамдык кечеге Исфана мэриясына караштуу аймактардан, элибизге эмгеги менен даңкталган жана көп балалуу болгон 80 эне чакырылып, салтанаттын сыйлуу коноктору болушту.