Исфана шаарында Энелер күнү белгиленди

Шаардагы “Айжан” кафесинде, Исфана мэриясынын жана шаардык кеңешинин демилгеси менен Энелер күнү белгиленди. Майрамдык кечеге Исфана мэриясына караштуу аймактардан, элибизге эмгеги менен даңкталган жана көп балалуу болгон 80 эне чакырылып, салтанаттын сыйлуу коноктору болушту. Кеченин жүрүшүндө Исфана шаарынын мэри Абдулмухтар Анарботоев, шаардык кеңештин төрагасы Бөрүкул Максутов жана Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Амирова Рахатай Маматовналар энелер майрамы карата куттуктоо сөздөрүн айтышты. Ар бир энеге Алкыш баракчасын тапшыруу менен ашканага ылайыктуу сервистерин тапшырышты. Салтанаттын жүрүшүндө мектеп окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.


 
 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *