Исфана шаарында сел жүрүп, ири мүйүздүү малдарды агызып кетти

Лейлек районунун Исфана шаарында 2016-жылдын 22-майында саат 18:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Чимген жана Самат айылдары аркылуу өткөн Исфанасай -1, Исфанасай-2 сел агып өтүүчү сайлары аркылуу сел агып өтүп, 4-5 баш ири мүйүздүү малдарды агызып кеткен жана сай боюндагы участкалардын сел калдыктар менен толуп калган. Ош-Баткен-Исфана автожолунун 350-чакырымында  көпүрөнүн астын сел жууп жар кылып кеткен. Учурда Райондук ИИБнөн тийиштүү кызматкерлер тарабынан көзөмөлгө алынган, жол каттамы ачык. Исфана-Кулунду автожолунун 3-чакырымында  көпүрөнүн алдын сел жууп кетип жол каттамы айланып өтүп жатат.


Сумбула айыл аймагынын Андарак айылындагы Азоб участкасында 5-6 турак үйдүн короо жайына селдин суулары кирген. Азоб участкасында селден каналынын бир жерине сел калдыктар менен толуп калды.  Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Лейлек районунун бөлүмүнүн башчысы менен биргеликте тактоо иштеринин жүргүзүлүүдө.  

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *