ЖЕҢИШБЕКТИН ЖЕҢИШИ

ГОЛБО. Жакында Кожояр Казыев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Жеңишбек Абдиназаров, Кочкор районундагы кыргыз билим берүү Академиясы жана райондук билим берүү бөлүмү, Шапак Рысмендеев атындагы орто мектептери менен биргеликте тарых жана маданият жылына карата, түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы билим берүүчү уюмдарынын, окумуштуу педагогдордун “Түрк дүйнөсү: — Тарыхый-маданий мурастар – элдин көөнөрбөс кенчи” деген темада өткөрүлгөн Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келди. Анда “Окуучуларды макал-лакаптар аркылуу тарбиялоо” аталышындагы макаласы менен “Мыкты баяндама” аталып, Кыргыз билим берүү Академиясынын сертификаты, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн Ыраазычылык, ошондой эле Казакстандын Түркстан шаарындагы Кулкожо Акмат Яссави атындагы казак-түрк университетинин Алкыш каттары жана бир нече китептер сериясы менен сыйланды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *