Республикалык "Айтыш-2016" телесынагы

Бүгүн, Лейлек районунун “Төө-жайлоо” жайлоосунда “Айтыш-2016″ телесынагы өткөрүлөт. Аталган телесынакка Кыргызстан боюнча жалпысынан 20 ак таңдай төкмө акындардын катышуусу күтүлүүдө. “Төө-жайлоо” жайлоосундагы 11 үйдүн алдында орун алган ачык асмандагы сахнада акындардын таймашы алдында Кыргызстанга белгилүү эстрада ырчылары, жердештерибиз Самара Каримова, “БИЗ” тобу, Бактыяр Токторов сыяктуу талантардын коштоосунда концерттик программа коштолмокчу.

Республикалык “Айтыш-2015″ телесынагына белгилүү төкмө акындар Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучев, Идрис Айтбаев, Азамат Болгонбаев жана башкалар катышмакчы. Байге фондуна 1 000 000 сом акча каражаты коюлган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *