"Айтыш-2016" республикалык конкурсу

Мындан туптуура бир жыл мурда ак таңдай акындардын республикалык деңгээлдеги айтышы ордолуу Оштогу “Ак таңдай” акындар ордосунун башчысы – Абдивали Акимбековдун жана Лейлек районунун жетекчилигинин демилгеси менен легендарлуу Лейлек жергесинин дал ушул кереметтүү “Төө-Жайлоо” аймагында өтүп, байге фондусу 500 000 сом болгон таймашта “Гран Прини” жаш төкмө Идирис Айтбаев багындырып, айтыш соңунда Президентибиздин азыркы кездеги кеңешчиси, Лейлек кулуну – Икрамжан Илмиянов: “Буюрса, кийинки жылы да айтыш ушул жерде өтөт, байгеге 1000 000 сом сайылат” – деп айтканы, элибиздин эсинде болчу. Убада аткарылып, мына быйыл да бул жөрөлгөгө күбө болгон лейлектик элдин жарпы дагы бир ирет жазылып, руханий бөксөсүн толтургандай болушту.

Быйылкы жылы өткөн айтышка КСДП саясий партиясынын Баткен аймактык өкүлчүлүгү демөөрчүлүк кылып, Ак калпактуу Ала-Тоо аймагынын Нарын, Талас, Көл кылаасы, Чүй, Жалал-Абад, ордолуу Ош тараптарынан күч сынаганы келишкен 20 акынды 27-май күнү Лейлек акими Баймурат Бекмуратов баш болгон Лейлек акындары Исфана шаарынан кош колдоп тосуп алышып, сый-урмат көрсөтүштү.

Эртесинде эми гана бараалына келип, толуп да, болуп турган арчалуу “Алтын-Бешик” тоосунун этегиндеги айтыш өтчү 11 үйлүү эс алуу комплексине келген акындар табияттын ажайып кооздугуна таңдайларын такылдата тамшанышып, лейлектиктерге ыраазылыгын ыроолоп жатышты.

Бул аймакта өтчү сынакка, жолдун алыстыгына карабай, акындардан мурда келе баштаган аламандын аягы үзүлбөй, “Төө-Жайлоо” өрөөнүнүн койнунда учу-кыйырсыз чубурган автокербендин узундугу да өзгөчө кооз көрүнүш жаратып турду. Баса, айтышка күбө болгон элдин айтымында бүгүн бул жерге 1000ден ашуун автоунаа келип, МАИ кызматкерлерин да бир топ түйшүккө салды.

Аңгыча акын, КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Мирлан Самыйкожо алып баруучулук тизгинин алган таймаш да башталып, алгач калыстар тобунун курамы тастыкталып, анын төрагалыгын Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов баштаган жети адамдан түзүлгөн белгилүү инсандар экени маалым болду. Ошентип, Лейлек эли бир жылдан бери арзып күткөн, калкыбызга руханий азык, шандуу маанай тартуулаган акындар таймашы да ана-мына дегенче башталып, бут койорго жер калтырбай топтолгон миңдеген күйөрман, көрөрман, демөөрчүлөр, облус, район жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары – Тилек Исаев, Табылды Тиллаев, ЖК спикеринин кеңешчиси Жусупали Исаев ж.б. расмий өкүлдөрдүн катышуусунда, арада жаап өткөн жамгыр, мөндүргө карабастан, 8 саатка созулуп, 1-айлампадан өтүшкөн акындар түштөн соң 2-айлампада күч сынашып, соңунда жеңүүчүлөр аныкталып, сынак өтө калыс баалангандыгы аламан тарабынан адилет белгиленди.

Чүчү кулак тартышып, биринчи айлампада айтышкан акындар – Идирис Айтбаев, Абдылда Нуралиев, Рахматулла Козукеев, Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Болот Назаров, Акжолтой Канатов, Асылбек Маратов, Маматкабыл Осмонов, Максат Кулуев, Сыргак Мурзакаримов, Шамырбек Турганбаев, Төрөбай Арзыбаев, Мамен Исраилов, Азамат Болгонбаев, Жолдошали Жанузаков, Аалы Туткучев, Эламан Келдибеков, Сапарбек Зулпуев, Абдивали Акимбековдордун ичинен эң көп упай топтоп, алдыга озуп чыккан акындар – Амантай Кутманалиев, Идирис Айтбаев, Абдивали Акимбеков, Болот Назаров, Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Абдылда Нуралиев жана Аалы Туткучевдер көрүүчүлөрдүн жарпын жазып, алардын дүркүрөгөн кол чабуулары менен алкышына арзып турушту.

Сынак жүрүп жаткан кезде биз менен блиц-маек курган акындар – Абдылда Нуралиев, Рахматулла Козукеев, Жеңишбек Жумакадыр, Мамен Исраиловдор кыргыз элине Исхак Раззаковдой көсөм инсанды берген Лейлек жергесинин элинин ашкере меймандостугу, кооз жергесиндей болгон кең пейилдиги, көрөрмандык бийик маданияты, ак таңдай акын журтуна болгон аздек мамилеси, эң башкысы – табиятыбыздын кол тийгис сулуулугу менен кооздугуна астейдил тан беришип, таазим кылышса, ушул айтыштын негизги уюштуруучуларынын бири – Икрамжан Илмиянов: “Былтыркы жылы элибиздин айтыш өнөрүн ушунчалык сүйүп, жактырганын көрүп, таң калып, анан кийинки жылы да айтышты ушул жерде өткөрөбүз деп сөз бердик эле, буга Президентибиз тарабынан быйылкы жылыбызды тарых жана маданият жылы деп жарыялаганы да кошумча жөлөк, түрткү болуп, мына бүгүн элибизге дагы бир ирет майрамдык маанай тартуулап, көңүлүн көтөргөнүбүз жеке менин, демөөрчү болгон КСДП партиясынын өкүлдөрүнүн төбөсүн көккө жеткирип турганын жашырбайм. Буюрса, бул жөрөлгөнү салтка айлантып, Лейлек, Баткен жергебиздин атын узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тааныта берсек неге болбосун” – деп, агынан жарылды.

Кара кылды как жарган калыстар тобунун адилет чечими менен кечке жуук жыйынтык чыгарылып, алгач кызыктыруучу сыйлыктар, айтышка катышкан ар бир акынга акчалай соорундар ыйгарылып, элдин дүркүрөгөн кол чабуулары, кыйкырык-сүрөөндөрү менен коштолуп турду. Үчүнчү байгелүү орун Амантай Кутманалиевге 70 миң сом, Диплому менен, 2-орун – Азамат Болгонбаевге 100 миң сом, Диплому менен, ал эми 1-орун – Жеңишбек Жумакадырга 150 миң сом, Диплому менен салтанаттуу кырдаалда тапшырылды. “Ак таңдай – 2016” республикалык төкмө акындар сынагынын эң башкы байгеси – ГРАН-ПРИнин ээси таланттуу акын, кыргыз элин башка журттарга талыкпай таанытып, даңазалап жүргөн өнөр инсаны – Аалы Туткучев экендиги анык болуп, калың калктын коштоосунда 300 миң сом, Диплому менен тапшырылып, маанайлары жаркыган күйөрмандары кызуу куттукташып, Аалы Жээренче чечен, жез таңдайга мындан аркы орошон оомат, ири ийгиликтерди каалашты. Баса, белгилей кетчү дагы бир жагдай – бул күнкү сынактагы биринчи айлампадан чыккан акындардын ар бирине 40 миңден, ал эми калгандарына 10 миң сомдон соорун берилди.

Бул сынакты Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор, обончу жана аткаруучу – Бабаравшан Тургунбаев, Бахтияр Токторов жетектеген легендарлуу “Биз” тобунун жигиттери, таланттуу актриса, ырчы кызыбыз – Самара Каримова, маркум Жолдошбек Мамажановдун бир тууган иниси, ырчы – Мамытбек Мамажановдор да обологон обондору, ширин кайрыктары менен чырайына чыгарышып, ажарын ачышканы көпчүлүктүн көңүл көйүнөн көпкө кеткис элестерди калтырганы менен да өз максатына жетти десек жаңылбайбыз.

Сөз соңунда адилеттик үчүн айта кетчү кеп: биринчиден, жердешибиз, жаш экендигине карабастан, ата-бабаларыбыздан бери келаткан салттуу айтыш өнөрүнүн дөө-шааларынын арасына кошулуп, коркпой-үркпөй айтышкан инибиз – Эламан Келдибеков лейлектиктердин да уучу куру эмес экендигин далилдесе, экинчиден, элибиздин айтыш өнөрүнө болгон кусалыгы артып, аябай суусап калгандыгы, мөндүр аралаш нөшөрлөгөн жамгыр, шамалда 8 саат бою ачык асман астында жылбай олтуруп, акындарды колдошкону көп нерсени каңкуулап койгону болду.

Демек, биздин атуулдук ар-намыс, мекенчилдик, эл үчүн деген мүдөө-тилектерибиздин потенциалы өтө бийик экендиги, мындай деңгээлдеги иш-чараларды, буюрса, мындан ары да калың калкыбыздын колдоп-жөлөөсү менен өтө зор, татыктуу деңгээлде өткөрүүгө күч-кудуретибиз да, дараметибиз да жетет турбайбы деген изги ишеним арта түшкөнү кашкайган чындык.

Андыктан, ушундай жакшылыкты жар салган акындар айтышы, элибизди изги ой, илгери үмүт менен алдыга жетелеген маданий иш-чаралар, той-маарекелерден жолугушуп жүрө берели, ылайым!                                      

Абдилаат ДООРОВ,

Абдиллабек АВАЗОВ,

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *