Эмгеги бааланган элеттик ырчы

Президент Алмазбек Атамбаев 30-августта эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, бир катар белгилүү инсандар Кыргыз мамлекетинин элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык…

ЭСКЕРИЛИП ЖАҢЫЛАНГАН ЭСТЕЛИК

Исфана шаарындагы райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн имаратынын алдында көп жылдардан бери жакшы көңүлбай келген, улуу көсөм В. И. Лениндин эстелик-монументи кайрадан реконструкцияланып, ага жаңы өң түс берилди. Албетте мындай иш чаралар быйылкы тарых жана маданият жылынын ошондой эле эгемендүүлүктүн 25…

Москвадагы өрт

27-августта Москва шаарындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан типографияда өрт чыгып, натыйжада он жети адам каза болду. Алардын он төртү кыргызстандык кыз-келиндер экени аныкталды. Учурда өрттүн келип чыгышы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.  Өрттө өмүрү кыйылган 14 кыргызстандык кыз-келиндин тизмеси такталып жарыяланды.…

“АЙЖАН” ДАРЫКАНАСЫ АЧЫЛДЫ

 Жакында  Кулунду айылындагы элди эң керектүү дары-дармектер менен камсыздап келген “Айжан” жоопкерчилиги чектелген коомунун жаңы ишканасынын ачылуу аземи болду. Жаңы заманбап болгон эки кабаттуу имараттын ачылышына Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов, Кулунду айылынын аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышышты.

“Аль-Жазира” телеканалынын өкүлдөрү Көчмөндөр оюнун чагылдыруу үчүн ТИМге расмий катталды.

Эске сала кетсек, 14-февралда Доха шаарында КРнын Катар мамлекетиндеги элчиси Нурлан Ниязалиев “Аль-Жазира” медиа-тармагынын башкы директору Мостефа Соуаг менен жолугушкан. Жолугушууга аталган медиа-тармактын бир катар бөлүмдөрүнүн башчылары катышып, Кыргызстан менен эл аралык телекомпаниянын ортосундагы кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттары, тажрыйба алмашуу…

ЧЕК АРАСЫЗ – ДОСТУК

 Бир топ жылдардан бери республикабызда Ооган согушунун ардагерлеринин башын бириктирүү максатында конференциялар өткөрүлүп келет. Араван районунан соң, быйылкы жылга жөрөлгөнү улантуу үчүн эстафетаны биздин районго өткөрүп беришкен болчу. Август айынын 20-числосунда ат арытып, Кыргызстандын ар кайсы областтарынан, жана  Тажик Республикасынын…

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына дүйнөлүк кинонун жылдызы Стивен Сигал келет

Кино жаатында дүйнөлүк атактуулукка жеткен актёр, кинопродюсер, сценарист, кинорежиссёр, музыкант жана күрөш чебери Стивен Фредерик Сигал экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 3-сентябрда Ысык-Көлдө өтө турган ачылыш аземине келет. Актёр Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин чакыруу менен келет. Жакында ал жообун кат…

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 мамлекеттин спортчулары катышат.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 мамлекеттин миңге жакын спортчу катышууну пландап жатат. Оюндарга катыша тургандыгын расмий тастыктаган мамлекеттер: Азербайжан, Аргентина, Армения, Бангладеш, Белоруссия, Бенин, Ботсвана, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Германия, Грузия, Замбия, Зимбабве, Израиль, Индия, Индонезия, Иран, Исландия, Италия, Казакстан, Канада,…

Исфана шаарынын өнүктүрүү планынын алкагында шаарда бир топ алгылыктуу жумуштар ишке ашырылууда

1. Исфана шаарынын Навои, Самат көчөлөрүн асфальттоо иштери жүрүгүзүлүп жалпы узундугу 520 метр жолго жергиликтүү бюджеттин эсебинен асфальт басылып пайдаланууга берилди. 2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бөлүнүп, Исфана шаарынын ички Строительная, СССРдин 60 жылдыгы, Додосьян, И.Раззаков, Манас-Ата, Кошмуратов көчөлөрүндө жалпы…

Кош бол бакчам «Шекерим»

23-август күнү Исфана шаарындагы «Шекерим» балдар бакчасында аталган бакчанын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн аземи-майрам салтанаты болуп өттү. Бул күнү «Шекерим» балдар бакчасында тарбияланып келе жаткан жаш жеткинчектер тарабынан даярдалган ырлар, бийлер жана балдар үчүн чыгарылган түрдүү жанрдагы чыгармалар ата-энелерге жана кечеге келген…

КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЙСЫ СПОРТЧУСУ, КАЧАН КҮЧҮН СЫНАЙТ?

12-август (анонс) Дзюдо. Бишкек сааты боюнча 19:00дө дзюдочу Юрий Краковецкий (100 килограммдан жогорку салмак) татамиге чыгат. Ал жарым чейрек финалда Германиянын өкүлү Брейтбарт Андре менен беттешет. Жеңил атлетика. Саат 18:30дө спортчубуз Дарья Маслова 10 миң метр аралыкка чуркоо боюнча жарышка…

Бүгүн, 9-августта Исфана шаарын айланып өтүүчү айланма жолдун курулуш иштери башталды.

Ашар ыкмасы менен башталган жолдун курулушу тууралуу Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов келген конокторго толук маалымат берип тааныштырды. Курулуштун жалпы сметалык баасы 1 млн. 200 миң сомду түзүп, анын курулушу жергиликтүү демөөчүлөр тарабынан каржылана тургандыгы маалым болду. Учурда, ар түрдүү оор жүк ташуучу…