Жаш талант: Лейлектик окуучу С.Абдраимов суу менен иштеген экскаватор жасады

Turmush —  Лейлек районундагы 12 жаштагы окуучу Санжар Абдираимов 1 ай аралыгында суу менен жүргөн экскаватордун макетин жасады. Аймактык кабарчы жаш талант менен маектешти.

— Ар кандай жаңы үлгүдөгү техникаларды жасоого кызыгам. Окуучулар арасында «Илим, техника жана өндүрүш» сынагы боло турганын угуп, катышууну чечтим. 5 кызматты аткарууга жөндөмдүү экскаваторду 1 ай аралыгында жасадым.

— Сен жасаган экскаватордун өзгөчөлүгү эмнеде?

— Күн санап бензин менен солярканын баасы өсүп жаткандыктан бензин алууда айдоочулардын чөнтөгүнө ылайыкташканы менен өзгөчөлөнөт. Бул техника суунун жардамы менен жүрөт.

— 5 кызмат аткарууга жөндөмдүү деп айтып өттүң. Кандай кызматтарды аткара алат?

— Ооба, 5 техникалык кызматты аткарууга жөндөмдүү. Жүктү алууну, бурууну, орнотулган баллондун жардамы менен башка аралыктарга жетүүнү аткара алат. Ошондой эле астына орнотулган баллондорду алып, ордуна башка темир орнотуп койсок дагы өз милдетин аткарууга жөндөмдүү.


— Экскаваторду эмненин жардамы менен жасадың?
— Көп деле өзгөчө тетиктерди пайдаланган жокмун. Үйдө бар жыгач такталарды, эски оюнчук унаанын дөңгөлөктөрүн жана медициналык шприцти пайдаланып жасадым.
— Келечекте ким болгуң келет?
— Учурда Лейлек районундагы №4 гимназия-мектебинде билим алып жатам. Бүгүнкү күндө макетин жаратып жаткан ар бир техникам ишке киришин каалайм. Ошондуктан инженер болгум келет.
turmush.kg

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *