Мэр МЭУнун өкүлдөрү менен жолукту

Исфана шаарынын мэри Анарботоев Абдулмухтар Дастанович 2-февраль күнү Исфана шаар мэриясынын аймагындагы мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү: “Билек” КФ өкүлү Асанова Ж, ”Бабушка Эдопшн” КФ жетекчиси А. Рахманов, ”Инсан -Лейлек” КФ жетекчиси Дербишева Г. АКТЕДин өкүлү Абдураимов Т. “Активист” КФ өкүлү Кадырова М. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Лейлек районундагы өкүлү Ж. Жороевдер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда мэр, шаар мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери, 2017-жылга шаардын өнүгүү программасы жөнүндө толук маалымат берилип, шаардын өнүгүүсүндө МЭУ тарабынан өзүнчө салымы бар экендигин белгилеп кетти.

      Жарыш сөзгө чыккан ”Инсан -Лейлек” КФ жетекчиси Дербишева Гүлнара  бүгүнкү өткөрүлүн жаткан жолугушуу маанилүү экендигин айтып, өз учурунда уюштурганын жана эң туура болгондугун белгилеп кетти, себеби МЭУ жылдын башында долбоорлоду сунуштоодо кайсы багытка долбоорлорду жазуу боюнча  проблемалар болуп келгендигин билдирди. Ошондой эле МЭУнун бардык өкүлдөрү сүйлөп өз ойлорун  билдиришип ушундай жолугушуулар көбүрөөк болушун сунуштады.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *