Арка айылындагы окуучулар эми мектепке телефон көтөрүп келишпейт

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылындагы Б.Набиев атындагы мектептин окуучуларына опурталдуу интернет оюндардан оолак болуу эскертилди. Маалыматка караганда, түшүндүрүү иштерине ата-энелер, мугалимдер жана милиция кызматкерлери катышты. Ата-энелер балдарга телефон көтөрүүгө тыюу салуу керектигин билдиришти. Окуучулар мектепке телефон көтөрүп келсе чогултуп алуу сунушталды.
«Бул демилге чоң көйгөйдү чечүүдөгү кичинекей жеңиш. Себеби ата-энелер көйгөйдү чечүүгө кызыкдар экенин билдиришти. Алынган телефондор кайтарылбайт. Ата-энеси мугалимдин үйүнө барбайт деген чечим болду. Калганын убакыт көрсөтөт», — деди айыл өкмөт башчысы С.Эгембердиев.

Turmush.kg

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *