* Эстутум  “ЖЫГЫЛСАМ, КАНА, КИМГЕ ЖӨЛӨНӨМҮН?.. ”

Жапжаш туруп жайрап калган бир агабызды эскерип олтуруп, бир инибиздин: “Жакшы адамдар ал жакта да өтө керек окшойт, ов?!” – деген сөзү, маркум акын Айдарали Жапаровдун “Жыгылсам, кана, кимге жөлөнөмүн?” аттуу ыр жыйнагын жакында кайрадан окуп олтуруп, жадымда дагы бир ирет чагылгандай жарк этти.

Ырас эле, жакшы адамдар, айрыкча жакшы акындар “ал жакка” да өтө керек окшобойбу. Алды майрам, арты ойрон шум дүйнө, бир селт этип койбой, чыпчыргасы коробой, кечээ күнү кандай болсо бүгүн да так ошондой тамылжып турганы-турган. Аткан күндүн аманын, баткан кечтин эсенин тилеп, “көп менен көргөн той да” деп, аккан суу менен чыккан чөптөн башкага зыяны жок канча пенде акпады албуут дайраңдан?  Канчасы дагы агып, аты-жыты, ың-жыңы билинбей көздөн кайым болоор…

Неликтен, камчысынан кан, каарынан жан чыккан өкүмдарга да, өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун жагып жашаган, мүңкүрөгөн мунжуга да, каалаганы кашайып кабыл болбой калчылдаган карыпка да, оо шум дүйнө, сенин күнүңдү көрүп жашоо бирдей ырахат? Маңгүлүккө аттанган чексиз, саатсыз сапарыңда сен Үмүттү кайдан аласың? Закымыңдын заң-закүнү, максаты эмне?

Айдарали акын ушул жазда 61 (!) гана жашка чыкмак эле. Аттиң, аттиң…

Койгун эми, делебеңди козгобо,

Жаштык келбейт, боздогун да, боздобо.

Жайыбыз бар бүктөмүнөн мезгилдин,

Күтүп турат боз дөбөлөр, боз дөбө… – деп, өзү жазгандай, боз дөбөгө айланып, келбес сапар кеткенине быйыл 17 жылдын жүзү болуптур. Ошондо ал 44 гана жашта болчу. Ошол жылы туулган наристелер быйыл 17 жашка толуп, бараалына келип калыптыр. Аккан арман азайып, көздүн жашы кургай түшүптүр… Актыгы менен арамдыгы, тазасы менен тайкысы, бийиги менен пастыгы, тереңи менен тайызы, өлүмү менен өмүрү эриш-аркак, бири-биринин жакасына жармашып, этегине эрмешип жүргөн бул жалган да, оопасыз дүйнөнүн келгин кушу учуп келди эле, учуп кетти дейбиз, көңүл сооротуп. Бирок, дагы аз гана, азыраак өмүр берсе болбос беле, атаганат!

Мекен кылып алдым жашыл бурчуңду,

Ырдай берем тара-тара, тара-там…

Таткан сайын туз, калемпир, мурчуңду,

Улам эргип, канбай сага баратам, — деп, жашыл ааламга, жарык күнгө, өмүргө канбай, дагы канча ширин-ширин ырларын жазбай, планетадай огунан тайып кетти. Деген менен:

Башка тагдыр сураганда теңирден,

Бермек беле… Көп ээленбей эми мен,

Токтоо, сергек карап калдым дүйнөгө,

Максатыма жетем бир күн, өлбөсөм, — деп, өжөрлөнүп, көшөрүп, анан:

Уланып турмуш көчү кете берет,

Өтүүбүз керек алып милдет, жүктү.

Жашоону Сүймөнкулдай сүйүү керек,

Жолондой даңктоо керек тирүүлүктү! – деп, жалындап жашап өттү. Артында өчпөс изи, өлбөс ырлары калды.

Айдаралинин ырлары оозунан эмес, жүрөгүнөн чыкчу. Көк мухитте калкылдаган кайык сындуу, канаттуу саптары менен ойду өрүп, миң кайрык сөзү менен кызыл-тазыл ырдын кыштарын кынаптап, үлбүрөгөн, үлпүлдөгөн бир керемет дүйнө жаратып кетти. Ал ыр дегенде азап-кайгысын, муң-ташпишин унутуп, бүгүнкү күн эртең табылбастыгын сезип, узун-туурасыз туңгуюк ааламдын жоктон-бар болуп миң кубулуп, бардан-жок болуп миң кайталанып турарын туюп жашады. Анын ырларында карыны жашартчу касиет, караңгыны жарытчу үмүт, жакшылыкка гана чакырган бийик аваз бар.

Ар бир гүлдүн өзүнө гана таандык жыты, ар бир чырактын өзүнө гана мас жарыгы болгон сындуу Айдарали да өз үнү, өз дили жана сөзү менен артында калган урпактарына орошон аалам жаратып кетти. Өмүрдөн эл караган жүзү жер карабай, ылайланбаган ыйманы менен өттү. Пенделик өмүрү кыска болгону менен, акындык өмүрү узун болоруна мээримсиз мезгил, жараткандын тирүү пенделери күбө болуп келебиз.

“Ал баладай байоо, ишенчээк, сезимтал эле” – дешет, жоро-жолдоштору. Өзү менен өзү болуп, чыгармачылык менен гана алпурушуп, басмырт жүрчү. Алсам, жетсем, жутсам деп эзелим жулунуп көргөн эмес. “Буюрганы болор” деп, даргөйдү кең таштап, бирөөлөргө сук артпай, кызганбай жашады. Көрсө, Жараткан эгем эчак эле анын маңдайына улуулукту, ал эми жазмышына өлбөстүктү жазып койгон экен…”

Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко, ыйманың саламат болсун, оо, өрүкзардын гүл ырларды жараткан акыны!

Айдараали, кылым жашап, эрте өчтүң,

Аттиң арман! Кыр төрт гана жаз көрдүң.

Күлүү үчүн келдиң, бирок өмүрдө

Күргүштөгөн турмуш кутун аз көрдүң.

“Белестеги ырды” элиңе шыбырап,

Жанга жагым жамгыр элең дыбырап.

Аламандын калып кеттиң көзүндө,

Аргымагың чаап өтүп зымырап.

Ичке жутуп күн, айларды, жылдарың,

Ирик-чирик сөздүн ой да, кырларын.

Сездиң беле айланаарың өтмүшкө,

“Согот кырктын шамалы” деп ырдадың.

Ашы болот талдын дагы, теректин,

Арты болот алмактын да, бермектин…

Учуп кетип бир дулдулу келбеске,

Урап түштү бир ныптасы Лейлектин.

Жактырчусуң гүл ачканын өрүкзар,

Жайнап чыкчу гүл ырлардан барактар.

Эртели-кеч сүйлөгөндөр өйдө-ылдый,

Эми сенин бир сабыңа болоор зар.

Күлсөң дагы чыкчу күлкүң муңайып,

Кубанчы аз күнүң батып сумсайып.

Ооруу тушап, сездиң беле турганын,

Орто жолдон ажал сага тор жайып?

Тагыр – сүткор, санап турган пулуну,

Тараазадан өөнөйт, бербейт кунуну…

Айдараали, өлгөнүң жок, сен барсың,

Ай чырайлуу Кулундунун кулуну!!!

Абдиллабек АВАЗОВ.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *