Кыргызстанда президенттик шайлоо 19-ноябрда өтөт.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 19-ноябрда өтөрүн президент Алмазбек Атамбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Нуржан Шайлдабекованы кабыл алуу учурунда билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда президент БШКнын азыркы жасап жаткан иштери жана шайлоо системасын жакшыртуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алып, жаңы президентти шайлоо маанилүү экенин баса белгиледи. Ошондой эле шайлоого чейинки тогуз ай ичинде кетирилген кемчиликтерди эске алып, шайлоонун ачыктыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кылуу керектигин кошумчалады. «Адилет жана эркин шайлоо гана бийликтин мыйзамдуулугун жана өлкөдөгү туруктулуукту кепилдейт», — деди Атамбаев. Белгилей кетсек, буга чейин президенттик шайлоого катыша турганын Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев билдирген жана Өмүрбек Бабановду РАЖ партиясы сунуштаган.
sputnik.kg

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *