Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен 2017-жылдын 30-апрели Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-апрелде “2017-жылдын  30-апрелин Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыктын тексти: 2017-жылдын 29-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылдык аймагынын Аюу айылында адам курмандыктарына алып келген жер көчкү болду.…

Жумушуңду берилип аткарганың сени үч нерседен сактайт

Эгер бактылуу жашагың келсе бардык нерсени анализдей, бардык нерсени чечмелей, бардык нерсени тактай бербе. Алмазды тактап табам деген адам  көмүрдү казып алышы турган кеп. Сен ыйлап төрөлгөндө адамдар күлүп, кубангандыгын эсиңден чыгарба! Сен көз жумган күнү адамдар ыйлап кайгырышат, ошол күнү…

Голбо айылына жаңы маршруттук каттам ачылды

Жакынкы күндөрдөн баштап Исфана шаарынан Голбо айылына карай жаңы маршруттук такси каттамы ачылып, аталган айыл тургундарына шаарга каттоо үчүн бир топ ыңгайлуу болуп калды. Жол кире акысы 15 сом.

Маданият жаңылыктары

Өнөрпоздор  Ак-Суудагы  чек арачыларда Райондук  маданият  үйүнүн чыгармачыл  тобу  Ак-Суу тозотунун жоокерлерине  маданий кызмат  көрсөтүү  максатында  чакан программадагы  концерт  менен мейманда болушту. Мекен сакчылары  өздөрунун  аткарып жаткан атуулдук милдеттери, жашоо шарттары  менен кенири  тааныштырып,  өздөрү кызыккан  суроолору менен пикир алышууга …

УКМУШТУУ ЦИРК, ИСФАНАДА

Ар улуттун укмуштуу цирк көрсөтүүсү: өткөн доор жана жомок, цирк жанрында акылдуу жаныбарларды бириктирет. Цирк аренасынан Канада пумасы, Персия леопарды, Ара тоту кушу, Индия павлиндери, арстан жана башка жаныбарлар түрдүү киймыл аракеттери менен оюндарды көрсөтөт. ЦИРК оюндары Исфана шаарынын борбордук стадионунда…

Май айындагы майрамдарга карата 5 күн дем алыш болот

  Май айындагы майрамдарга карата Кыргыз Республикасында 5 күн катары менен дем алыш күндөрү болот. Тиешелүү токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун бүгүн, 24-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 13-майдагы дем алыш күнү 8-майдагы жумушчу күнүнө жылдырылды. Ошентип Кыргыз өлкөсүндө…

Лейлектин борбордук мечитинин курулушу күзүндө аяктайт

Лейлек районунун борбордук мечитинин курулуш иштери күз айларында толугу менен бүтөт. Бул тууралуу курулуштун демөөрчүсү жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда билдирди. Маалыматка караганда, мечит 2014-жылы курулуп баштап, райондун борбордук мечити макамына ээ болгон. Turmush —   

Лейлекте эгин эгүү иштери 25-апрелге чейин толук бүткөрүлөт

Лейлек районунда 14210 гектарга кылкандуу дан эгүү пландаштырылган болсо, 13824 гектарга эгилип, тапшырма 97,3% аткарылды. Бул тууралуу Лейлек районунун акимчилиги билдирди. Маалыматка караганда, дан эгүү иштери 25-апрелге чейин толук бүткөрүлөт. Эгин эгүүгө 300дөн ашык айыл чарба техникалары тартылды. Turmush — 

Эл өкүлү Өмүрбек Бабанов Лейлекте

21-апрель күнү, “Республика-Атажурт” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жана Жогорку Кеңештин депутаты мекендешибиз Таабалды Тиллаев атайын иш сапары менен Лейлек жергесине келишти. Алгач борбордук аянтта улуу инсан Исхак Раззаковдун эстелигине гүлчамбар коюу менен маркумдарга багыштап куран окутушту. Андан соң райондук…

Кыргыз гиннес

Сталинге 3 жолу кирген жалгыз кыргыз Төрөбай Кулатов 1. Алгачкы кыргыз фантасты Кусейин Эсенкожоев. Анын “Саякатчы бала” китеби 1937¬жылы, “Родинанын уулу” жана “Үчүнчү шар” деген эки китеби 1938¬жылы жарык көргөн. 17-18 жашында катары менен эки жылда үч китеби жарык көргөн башка…