Энелер күнү белгиленди

Исфана мэриясынын демилгеси менен «Энелер күнүнө» арналып майрамдык салтанат, «Салкын Төр» кафесинде белгиленди. Аталган майрамдык кечеге Исфана шаарындагы мекемелерден, өз ак эмгектери менен бааланган бир топ энелер, мейман катары чакырылды. Салтанатты Исфана шаарынын мэри Абдулмухтар Анарботоев ачып Энелер күнү менен жалпы кеченин катышуучуларын куттуктоо менен аларга арналган майрамдык белектерин тапшырды. Ошондой шаардык кеңештин, райондук аялдар кеңешинин өкүлдөрү да майрамдык жылуу калоо тилектерин билдирип кетишти. «Энелер күнүнө» арналып сый тамак менен кошо концерттик программа тартууланды.
 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *