Бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарындагы мектептерде бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроосу кагылды

Бул күнү башка мектептердин катарында Ак-Суу айылындагы М. Горкий атындагы орто мектебинде да бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроосу кагылды. Мектепте 11-а жана 11-б класстарында жалпысынан 40 окуучу мектепти аяктоодо. Бүтүрүүчүлөрдүн кечесине Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан, райондук билим берүү бөлүмүнөн жана мекеме-ишканалардан өкүлдөр катышышты. Ошондой эле мектепти мындан 10 жана 20 жыл мурда аяктаган мурдакы бүтүрүүчүлөр да акыркы коңгуроо салтанатына катышып, мектепке атайын даярдаган  белектерин тартуулашты.  М. Горкий атындагы эски орто мектеп быйыл акыркы бүтүрүүчүлөрүн турмуш сапарына узатууда. Жаңы окуу жылынан баштап Ак-Суу айылындагы жаңы салынган 3 этаждуу мектепте окуучулар билим алышмакчы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *