Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев кыргызстандыктарды Рамазан айы менен куттуктады

«Урматтуу мекендештер, ага-ини, эже-карындаштар!

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын атынан жана өзүмдүн атыман сиздерди касиеттүү Рамазан айы менен куттуктайм!
Алланын белеги болгон, рухий калыптануунун, чын ыкластуулукка жетишүүнүн айы болгон, бактылуу мезгил – Рамазан айы келди. Касиеттүү Куранда, бул айда Аллага жагуучу иштерди аткарууга, кайрымдуулукту жана ырайымдуулукту көрсөтүүгө Алла Таала тарабынан сооптор көп эселенип көбөйтүлүп берилет деп айтылган.
Дал ушул айда Мухаммад пайгамбарыбызга (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) касиеттүү Куран  түшө баштаган.
«Рамазан айы – бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү» (2:185). «Жана кимде ким ага кире турган болсо, аны орозо кармап өткөрсүн», деп буйруйт Алла Таала.
Орозо бул адамдын Алланын мээримине жетишүүгө багытталган чын ыкласы менен Жаратканга кулчулук кылуусу. Рамазанда, Алла Тааланын касиеттүү Курандагы буйруктарын, көрсөтмөлөрүн аткаруу менен Жаратуучунун ыраазылыгына ээ болуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ал эми бул болсо бактылуулуктун да, рахаттын да, жакшылыктын да эң бийик туу чокусу.
Хадисте айтылган: Алла Таала айтат: «… акыйкатта, орозо Мен үчүн кармалат жана ал үчүн Мен соопторду берем, анткени, адам Мен үчүн деп өзүнүн нафси-каалоосун тыят, тамактан баш тартат!». Орозо кармаган адамды эки кубаныч күтөт: бири – ооз ачаар мезгилде, экинчиси болсо, өзүнүн Роббиси менен жолугушууда. Жана чындыгында орозо кармаган адамдын ооздон чыккан илебинин жыты Алла үчүн аңкыган мускустун жытынан жакшыраак!»
Рамазан руханий жаңылануунун жана тазалануунун айы. Жердеги бардык тирүү жандыктар, айбандар жана канаттуулар жаңылануу жана өзгөрүү процессинен өтүшөөрү белгилүү. Алланын чексиз мээрими жана белеги бул – Рамазан. Бул айда бизди күнөөлөрдөн токтотуучу, жакшылыкка тарбиялоочу, руханий жан азыгын берүүчү жана бизди жакшы жакка өзгөртүүчү ибаадаттар кылынат. Рамазандын пайдалуулугун билүүчү адам бул жакшылыктан куру калбайт.
Дин сабырдуулукту жана такыбалыкты талап кылат. Орозо кармоо менен адам такыбалыкка — Алладан коркуу касиетине ээ болот. Алла Таала айтат: «О, ыйман келтиргендер! Сабырдуу жана чыдамдуу болгула…» Ушул чакырыкка амал кылуу менен биз өзүбүзгө ушул сыпаттарды киргизүү менен өзүбүздүн ашказан, тил, көз, кулак, кол, бутубузду эле сыноодон өткөрбөстөн, аң-сезимибизди жана жүрөгүбүздү да сыноодон өткөрүүбүз керек.
Урматтуу мекендештер! Сиздерди кирип келген касиеттүү Рамазан айы менен куттуктайм! Алла Таала ар бир үй-бүлөнү, ар бир адамды куттуу кубанычтын нуру менен нурландырсын. Барыбызга тынчтык, кубаныч, бакыт, ден-соолук, ийгилик жана аман-эсендик, мээрим жана береке, ал эми биздин мекенибизге тынчтык, туруктуулук жана өсүп-өнүгүүнү тартууласын. Барыбызга Алла Тааланын тынчтыгы, мээрими жана берекеси болсун!»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *