Кыргыз эл акыны Э.Эрматов атындагы жаш акын-жазуучулардын республикалык фестивалы өттү

Кадамжай шаарчасында Кыргыз эл акыны, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мурунку төрагасы Эгемберди Эрматовдун жаркын элесине арналган республикалык адабий фестиваль болуп өттү.
Иш-чарага КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Халмурзаев,  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы А.Рыскулов, аймактык Жазуучулар союздарынын төрагалары, акын-жазуучулар жана жаш калемгерлер катышты.

Фестивалга республиканын жети дубанынан келген жаш калемгерлер Э.Эрматовдун ырларын жана ага арналган арноо ырларын, ошондой эле өзүлөрүнүн калемдерине таандык ырларды окуу менен 2 күндүк иш чара көркүнө чыкты. Жыйынтыгында “Эң мыкты поэзия” жанры боюнча байгелүү орунга Лейлек районунун Кара-Булак айылынын тургуну Кеңешбек уулу Сыймык татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө Эгемберди Эрматов атындагы коомдук фондунун жана КР Улуттук жазуучулар союзунун Ардак Грамотасы жана акчалай сыйлыктары, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын китептери тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *