Өлкөдө 2200дөн ашуун мектепте 70 000ге жакын мугалимдер эмгектенип келет. Би-Би-Си алыскы Баткен облусунун Лейлек районундагы 3-эксперименталдык гимназиянын директору, КРнын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовго кайрылып, мугалимдердин маянасы жашоо шартына жетиштүүбү деп сурады?

Г. Мадаминов: Жашоо-шарты, айлыгы үчүн арыздансак туура эмес болуп калат. Азыркы эмгегибизге жараша десек болот. Албетте, кымбаттолорго шайкеш айлык акыны да жогорулата турган механизм болсо жакшы болмок.

Би-Би-Си: Мына, ЖРТнын упайлары, ЖОЖдорго тапшыруу жыйынтыктары боюнча сиздердин көрсөткүч алыскы чек арадагы айыл экенине карабай шаардын алдыңкы мектептери менен тең катар болгону көптөрдү таң калтырды.

: Жыл бою иштей турган «Жайкы олимпиадалык мектеп» ачканбыз. Ошол такай иштеп тургандыктан

Г. Мадаминов: Рахмат. Бир-эки өзгөчөлүгүбүздү айта кетейин. Биздин гимназияда жалпы мугалимдер менен биргеликте «Эне мектебин» уюштурганбыз. Ал аркылуу ата-энелерди бала тарбиялоого тарттык. Үй-бүлөдө энелер бала тарбиясы менен алкетене баштады. Мында 60 сааттык программа менен энелер «Энелер мектебинде» окутулуп, жыйынтыгында экзамен, атайын сынактарды тапшырышып бала тарбиясы, билим баалуулугу тууралуу маалымат алышат.

Экинчи бир өзгөчөлүк -азыркы информациялык коомдо аябай маалымат көп болгондуктан балдар кайсыл маалыматты, кайсы китепти алаарын билбей башы чыңалат. Ошол үчүн атайын «Акыл эмгегинин маданияты» деген экинчи сабакты киргиздик. Бул сабактын да атайын программа менен китеби жазылып, жумасына бир сааттан окутулат. Анда балдар көп маалыматтын арасынан негизгисин, зарылын тандап, өз алдынча билим алууга, алган билимин турмушта пайдаланууга үйрөтүлөт.

Үчүнчү өзгөчөлүгү — балдардын дүйнө таанымын, ой чабытын өстүрүү зарыл деп «Ой өрүшү дүйнө тааным» сабагын киргизгенбиз. Бул сабактын да китеби атайын программа негизинде жазылды.

Мына ушулар биздин окуучулардын ЖРТдан орточо балы 160тан жогору алып, медициналык, юридикалык академия жана башка ЖОЖдордун бюджеттик бөлүмдөрүнө өтүшүнө башкы өбөлгөнү түзүүдө.

. Мадаминов: Ачуу чындыкты да айтайын. Бирок бүтүп келген жаш мугалимдердин билим сапаты аябай ойлондурат. Аларды өзүбүз окутуп, кайрадан даярдап жатабыз.

Би-Би-Си: Силердин мектепти өткөн жылы канча окуучу аяктады? ЖРТ боюнча көрсөткүчтөргө токтоло кетсеңиз?

Г. Мадаминов: Жылда 24-25 окуучуну мектеп уясынан учурабыз. Былтыр мектепти аяктагандар 100 пайыз бюджетке өттү. Медициналык академия, политехникалык институт, «Манас» университети, Улуттук университетке, Кытайга, Россияга окууга өтүштү. Окуучулардын ЖРТ да алган упайы 200дүн айланасында болду. Биз 180-190 упай алганын «Алтын сертификат» деп эсептейбиз. Себеби айылдын инфраструктурасы, айылдык ата-энелер, шарт андан артыгы кыйын болуп калат. Биздин гимназия бүтүрүүчүлөрүнүн кырк жетиси чет өлкөлөрдө билим алып, иштеп жатышат. Алтымышы медициналык окуу жайда, алтымыш экиси «Манас» университетинде билим алышууда.

Би-Би-Си: Алыскы элет жеринде жаш мугалимдердин ишке тартылуусу, ишке болгон мамилеси кандай болуп жатат? Көп учурда алардын качып жатканы, барган күндө да билим сапаты төмөн болуп жатканы айтылып келе жатпайбы. Сиз жетекчи катары буга кандай дейсиз?

Г. Мадаминов: Эң туура суроону бердиңиз. Жаш мугалимдердин айыл жерине келгендери бар. Бирок көп себептерден улам борборго, ал гана эмес эң жакшы адис мугалимдер деле башка өлкөлөргө жумуш издеп кетип жатышат. Ачуу чындыкты да айтайын. ЖОЖдорго да рахмат ушул шарттарда иштеп жатышат. Бирок бүтүп келген жаш мугалимдердин билим сапаты аябай ойлондурат. Аларды өзүбүз окутуп, кайрадан даярдап жатабыз. Ушул жагдайларды эске алып, мугалимдердин педагогикалык сабаттуулугун арттыруу максатында «Устаттык өнөр» китебин жаздым. Ошол программа менен окутуп, өстүргөнгө аракет кылып келебиз.

Би-Би-Си: Мен билген маалымат боюнча алыскы Баткенде, сиз жетектеп аткан гимназиянын окуучусу орус тилинен республикалык олимпиаданы жеңип алды эле. Бул женишке даярдык кандай жүргөн, бул ийгиликтин сыры эмнеде?

Г. Мадаминов: Рахмат сизге. Айылыбыз Кыргызстандын түштүк батышындагы эң акыркы чеги болгон жерде жашайбыз. Тажикистан менен чектешпиз. Жадакалса районубуздун борборуна Оочу Калача деген Тажикстандын бажы бекети аркылуу барабыз. Ошого карабастан ак эмгектин акыбети кайтып, өмүрү бир да орусту көрбөгөн окуучубуз быйыл Республикалык олимпиададан орус тили боюнча биринчи орунду алды. Бул биринчи жолкусу эмес. Андан мурун дагы Республикалык олимпиадада орус тилинен алган окуучубуз болгон. Алгач Мадина, бул жылы Жанара деген окуучу кыздарыбыз алышты. Ал окуучуларды даярдаган Чынара Токтоназарова орус тилчи мугалимибиз. Чынара өзүбүздүн гимназиянын бүтүрүүчүсү.

Анын сыры — ак эмгек кылганыбыз жана жогоруда айткан «Акыл эмгегинин маданияты» сабагыбызды киргизгенбиз. Ал китеп менен биз билим алуунун сырларын, рационалдык жолдорун, дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүртүп билим алууну атайын сабак кылып өтөбүз. Анан дагы жыл бою иштей турган «Жайкы олимпиадалык мектеп» ачканбыз. Ошол такай иштеп тургандыктан мына 10 жылдан бери 19 окуучубуз Республикалык олимпиададан 1-2- орундарды алып келишүүдө.

Би-Би-Си: Республикадагы көрсөткүчү начар болуп жатат деген башка эле мектепке сизди ишке жиберсе барып иштейт белениз?

Г. Мадаминов: Албетте. Негизи азыркы сөз кылып жаткан гимназиябыздагы ошондой эле начр деген мектептердин катарында болчу. Акырындап аракет кылып келе жатабыз. Чакырса барып иштеп бергенден баш тарпайм. Бирок ушул гимназиямды мыкты көрсөткүчтөргө жеткирүүгө менин жана мугалимдер жамаатымдын өмүрү, талыкпаган эмгеги арналды.