Аймактын атактуулары

Аймактын атактуулары

Исхак Раззаков

ИСХАК РАЗЗАКОВ 

Коомдук жана саясий белгилүү ишмер Исхак Раззаков Лейлек районунун Коросон айылында жашаган Берк уулу Раззак жана Сайып кызы Жамийланын үй-бүлөсүндө 1910-жылдын күз айларында жарык дүйнөгө келген. Сүйүнүчтөрү койнуна батпаган жубайлар уулуна Исхак деген ысым ыйгарышып, жашоонун белгисиз тагдырын моюндарына илишип эл катары жупуну турмуштарын өткөрүшкөн. Ал кездеги жашоонун оорчулугун, жон териси менен тарткан Раззак бүт мүмкүнчүлүгүн үй-бүлөсү, ымыркайы Исхакка арнаган. Бал тили чыгып, ата-энесинин кубанычы болгон үч жашар кезинде Исхак апасынан айрылган. Энесинин элеси эсинде калбаган Исхакты атасынын эжеси Гүлхан багып калат. 1918-жылдагы түшүмсүздүк, элдин жашоосун оорлотуп ачарчылык каптап эптеген турмуш кыйынчылыгы башталат. Мындай кыйынчылык Коросон айылынын жашоочуларынын башына да түшүп ар үй-бүлө жан багуунун айласын издеп туш тарапка чилдей тарашкан. Жашоосу оорлогон Раззак апасы Сараны, эжеси Гүлхан, анын кызы Жаңылай, уулу Исхакты алып Ташкент областындагы Курама айлында жашаган таякеси Абдулла молдонукун көздөп жөнөгөн. Исхак Раззаков жазган күндөлүгүнө караганда баруучу жер өтө эле алыс эле. Алар Ходжентке жетип, Сырдарьядан өтүп, бөксө тоолорду ашып, Курама айлына жетишмек.

Ошентип кыйынчылыкка карабастан Раззактын чакан үй-бүлөсү жолго аттанган. Алар жол азабын тартып эптеп Исфасар айылына жетишет. Жолдогу оорчулуктан атасы Раззак катуу ооруп калат. Ошол аймактагы кичине мечитке жайгашып, атасынын абалы жакшырганча күтүп калышат. Жабышкан оору, ажалга айланып Раззак 8 жашар уулун таштап, жарык дүйнө менен кош айтышат. Гүлхан кызын, апасын алып Коросонго кайтат, ал эми Исхак Раззаков жолдон кошулган тилемчи менен Ходжентти көздөй беттеген. Тилемчи Гүлханга Исхакты таякеси Абдулла молдого жетирүүгө убадасын берген. Үч күн жол жүрүп, жолдогу жолуккан адамдардын кайрымдуулугунун аркасында Исхак Раззаков жана тилемчи Ходжентке жетишкен. Исхактын эскерүүсү боюнча алардын ал ахбалын начарлыгын сезишкен пахта заводунун жумушчулары байкап, алардын кайдан келе жатканын жана кайда бараарын сурашкан. Турмуштун оорчулугун жаштайынан көрүп ага бышыгып калган тири карак Исхак болгон окуяны толугу менен жумушчуларга такылдап баяндап берет. Жумушчулардын бирөөсү, Исхакты ээрчитип Ходженттеги жетим балдар үйүнө алып келет. Жетим балдар үйүнө кабыл алынгандан баштап Исхактын жашоосунда чоң өзгөрүүнүн башаты башталган. Жетим балдар үйүндө Исхак тың окуп, орус тилин өздөштүрөт. «Менин жашоомдо жаңы бегисиз дүйнө ачылды, мен ири кубанычтын даамын таттым»- деп эскерек Исхак Раззаков. Ал күндөрүн. Жетим балдар үйүндөгү тарбиячылар Исхактын зээндүүлүгүн, билимге болгон зор ынтызарлыгын таасын байкашып аны Ташкенттеги жатак мектепке жөнөтүшүп, анда 1925-жылга чейин билим алган. Андан кийин жөндөмдүү окуучуну Самарканд шаарындагы агартуу институна окуусун улантууга багыт беришет. Ал жерде тың окуу менен комсомолдук иш-чаралардын активдүү катышуучусуна айланат. Комсомолдук турмуш анын лидердик сапатын калыптандырган. 1927-жылы Ош кантонунун Бөксө-Исфара болуштугунун комсомол комитетинин активдүү уюштуруучусу болгон. Бош убактыларын текке кетирбей көп окуу менен дүйнөлүк классиктер А.Чеховдун, Л. Толстой ж.б. адабий чыгармалары менен таанышып ал тургай аларды которууга киришкен. 1931-жылы Раззаков институтту аяктап, ошол эле окуу жайынын кафедрасында мугалим болуп калган. Көп өтпөй, келечектеги лидердин ак жолу ачылып Москва шаарындагы Кржижанов атындагы Мамлекеттик пландоо институтуна жолдомо алат. 1936-жылы эң мыкты окуган Раззаков «Күйүүчү ресурстарды рационалдуу пайдалануу жөнүндө» деген дипломдук ишин эң жогорку деңгээлде коргоп, чыныгы билимге ээ экендигин далилдеген. Москвадагы окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин ал Өзбекстанга жөнөтүлүп республиканын мамлекеттик пландоо комитетинин бир бөлүмүн жетектейт. Бир нече айдан кийин Фергана областынын мамлекетик пландоо комитетинин төрагасы болуп ишмердүүлүгүн уланткан. Бир жылдан кийин Өзбекстан республикасынын мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары андан кийин анын төрагасы болуп республикалык масштабдагы чоң кызматка которулган. Бул мезгилде өзүнүн ишмердүүлүгүн, билимин, жөндөмүн көрсөтүп республиканын экономикалык өсүшүнө ири салымын кошкон.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Раззаков Өзбек республикасынын эл агартуу комиссары, ошол эле мезгилде Өзбек ССРинин Эл комиссарлар Советинин төрагасынын орун басарлык кызматын да аткарган. 1944-жылы Өзбекстандын БК КП(б) пропаганда жана агитация иштери боюнча секретарь болуп иштеген. Баш аягы Өзбекстандагы 10 жылдык ишмердүүлүгү анын коомдук жана мамлекеттик ишмер катары калптандырып чыныгы лидердик сапатын айкындады. 1945-жылы 4-ноябрда КПСС БКнын Саясий бюросунун чечими менен Совет өкмөтү Исхак Раззаковду- Кыргызстандын Министрлер Советинин төрагалык кызматына жөнөткөн. Ал ошол мезгилде 35 жашта болгону менен мамлекеттик масштабдагы табылгыс ишмер, эл чарбасын өнүктүрүүдөгү чоң тажрыйбага ээ болгон жетекчи, чыныгы элдик уул эле. Согуштан кийинки эл чарбасынын абалы оор эле. Исхак Раззаков болгон күчүн, билимин, таланттын республикабыздын экономикалык өнүгүп-өсүшүнө жумшады. Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин иши Раззаковдун жөндөмдүүлүгү жана иштин көзүн билген уюштуруучулугунун аркасында илгерилеп республикада атаандашсыз лидер экендиги айкындалды.

Согуштан кийин, эл чарбасын кайра калыбына келтирүүчү беш жылдык план кабыл алынды. Алдыдагы милдеттерди аткаруу багытында иштөөгө бардык эл жапа тырмак киришти. Ал кезде патриоттук аң-сезим калк ичинде күчтүү болуучу. Мына ушундай олуттуу иштин башында Исхак Раззаков турган. Раззаков күнү түнү тыным албастан иштеп бардык маселелерди пландаштырып республиканын чар тарабындагы жүргүзүлүп жаткан иштерге өзү барып көз салып турган. Элдин кайратман эмгеги, республиканын жетекчиси Раззаковдун кайратмандыгы өз жемишин берди. Бүлгүнгө учураган эл чарбасы бутуна туруп ал гана турсун эң ири машина куруу тармагы өзүп чыкты. М.В.Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын куруучу ири завод, текстиль, трикотаж, бут кийим фабрикалары ишке берилген. Исхак Раззаковдун жетекчиликтеги ишмердүүлүгү жогору бааланып 1950-жылы Кыргызстан КП БК биринчи секретарлыгына көтөрүлүп, 1961-жылга чейин республиканын партиялык уюмун жетектеп турду. Бул мезгилдерде да эл үчүн кам көргөн жетекчинин тыным албай иштеши, иштин илгерилешине өбөлгө түздү. 1953-ж союздагы эң оор тоолуу аймактагы Фрунзе — Ош авто жолу курула баштады. Республикада оор өнөр жайы гана эмес айыл чарбасында да ири жетишкендиктер болду. Буга мисал 1956-жылы айыл чарбасындагы ири жетишкендиктер үчүн биздин республикабыз биринчи жолу Ленин ордени менен сыйланган. Раззаков билим берүү тармагынын да өнүгүшүнө өбөлгө түздү. Мектептердин саны өскөн, орус тилдүү мектептерде кыргыз тили окутула баштаган. Жетекчинин демилгеси менен 1957-ж баштап республикадагы 80 миңге жакын окуучуларга бекер ысык тамак берүү уюштурулган. «Кадр бардыгын чечет» деген ураан алдында өз кесибин мыкты билген билимдүү кадрларды даярдоого чоң көңүл бөлүндү, натыйжада 1960-ж. республикада 8 жогорку окуу жайы жана 27 техникум, аларда окуган студенттердин саны 40 миңге чейин жеткен. Раззаковдун түздөн түз катышы менен 1954-жылы Илимдер Академиясы ачылып кыргызстандын жаш окумуштууларынын өсүп өнүгүшүнө өбөлгө берди. Кыргыз тарыхына да көңүл борборунда болуп 1956 жылы ири окумуштуулар катышкан кыргыз элинин этногенези жөнүндө илимий конференция болгон. Маданият тармагы болуп көрбөгөндөй өсүш жолунда болду .Анын айкын мисалы 1958-жылы октябрь айында Москва шаарында кыргыз маданий ишмерлеринин декадасы болуп Совет эли кыргыз элинин ири маданияты менен таанышкан. Көп улутуу калкыбыздын бардык тармактар боюнча алдыга чыгышына, албетте акылман жетекчинин ишмердүүлүгү менен гана байланыштырууга болот. «Элден эр туулат, эр элди багат» деген накыл сөздүн жөн-жайы Раззаковдун жетекчилик ишмердүүлүгү менен айкалышып тургандай сезилет. Раззаковдун эли үчүн өзгөчөлөнгөн ишмердүүлүгү, элине болгон камкордугу Москвадагы тоталитардык башкаруу бийлигинин сазына баткан жеткчилерге жакан эмес экен. Ар кандай куру шылтоолор, далили жок фактыларга таянган жогору жактагылар 1961-жылы 9-майда Исхак Раззаков кызматтынан бошотушкан. 1961-жылы эле ал үй-бүлөсү менен Москвага көчүрүлгөн. Исхак Раззаков 1965-жылга чейин СССРдин экономикалык кеңешинин тамак-аш бөлүмүнүн башчысы, 1965-67-жылдары СССРдин мампланынын бөлүм башсысы болуп иштеп, ден-соолугуна байланыштуу 57 жаш курагында персоналдык маанидеги пенсияга чыккан. Өмүрүнүн акырында Москвада жашаган 18 жыл ичинде Кыргызстанга бир ирет, аз гана убакытка келип, керемет кыргыз жергесинин абасынан жутуп , сагынычын таратып, бирок жүрөгүндөгү кусалыгынан арылалбай кеткен. 1979-жылы мартайында кыргыз элинин улуу уулу Исхак Раззаков дүйнөдөн кайтып Москвадагы Кунцево мүрзөсүнө коюлган.

Раззаковдун республикабыз үчүн иштеген зор иштери гана эмес анын адамдык сапаттары да бүгүнкү күнгө чейин эл эсинде сакталып аңыз болуп айтылып келе жатат. Ал жөнүндө Кыргыз Эл Баатыры, академик Түгөлбай Сыдыкбеков: «Нукура жөнөкөй мүнөзү, кайталангыс таланты, адамкерчилик сапаты, эмгекчилдиги, интернационалисттик көз карашы бири-бирине айкалышкан, барды кишке чыгармачылык мамилесинен тайбаган, курч жан эле»-деп эскерет. Исхак Раззаков өз эскерүүсүндө мындай деп жазганы бар : «Эмне кылдым, эмнеге жетише алдым, республикадагы жетекчилик мезгилимде кимдер үчүн аракеттендим? Эл акыйкат, эл баалайт». Чындыгында Раззаковдун артында турган калың кыргыз эли, коом мезгилдин өзгөрүшү менен бөтөн жерде жаткан И.Раззаковдун сөөгүн 2000-жылы, 1-июнда Кыргызстанга алынып келинип, бардык жөрөлгөсү менен коюлду. Кыргыз эли өз уулунун астындагы өз озуйпасын кеч да болсо ишке ашырышты.

Исхак Раззаковдун өмүрү муундан-муунга өрнөк жана сыймык. Анын өлбөс-өчпөс жаркын элесине түбөлүк таазим кылабыз. Исхак Раззаковдун ишмердүүлүгүнөн таалим алып анын ар бир айткан сөздөрүнө маанисинин төркүнүн түшүнө алсак, келечегибиздин жакшырышына өбөлгө болоруна шек жок.

«Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот!»-деген накыл сөзү, бүгүнкү күнгө төп келип, ар бирибиздин Ата Мекенибиз үчүн акыйкат иштешибизге үндөп тургансыйт.

sadykov

САДЫКОВ  САМАТ

Самат Садыков 1920-жылы Кыргыз ССРнин Ош областынын Лейлек районундагы Кара-Сай айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Улуту кыргыз. Жети жылдык мектепти бүткөндөн кийин колхоздо иштеген. 1940-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылат. Гвардиянын кенже сержанты. Станоктуу пулеметтун  расчетунун командири.

1943-жылдын март айынан Борбордук, 1-Белорус фронтторунун составында Улуу Ата Мекендик согуштун салгылашууларына катышат. Белоруссиянын, Польшанын жана Германиянын аймактарында согушкан. Аскердик эрдиги үчүн «Ленин» жана «Кызыл Туу» ордендери «Каармандыгы үчүн» эки медалы «Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы» ордени менен сыйланган. Тайманбастыгы, тапкычтыгы, туруктуулугу  жана каармандыгы менен өзгөчөлөнгөн.

1945-жылы 1-майда кыргыз элинин даңктуулугу Берлин үчүн салгылашууда эр жүрөктүүлүк менен курман болгон.

1945-жылы 31-майда өзгөчө эрдиги жана каармандыгы үчүн Садыков Саматка курман болгондон кийин Советтер Союзунун Батыры деген наам берилген.

Эл Баатырды ыйык эскерет. Лейлек районунда анын музейи ачылган. Сүлүктү жана Исфана шаарларында, Самат айылында эстелиги тургузулган. Самат Садыков туулган айылы, окуган мектеби анын ысмы менен аталган

zholbaev

РҮСТӨМ ЖОЛБАЕВ

Рүстөм Жолбаев 1914-жылы 14-январда Лейлек районунун Голбо айылында туулган. 1932-жылы 18 жаштагы Рүстөм №3-кенге көмүр жүктөгөн вагондорго сүйрөөчү аттарды айдоочу болуп ишке кирет. Жаш кенчи үчүн жаңыдан иштеп баштаган да өтө оор болгон. Тоочулук кесиптин татаал түрлөрүн кыйынчылыктар менен өздөштүрүп, бирде шат, бирде капа, бирде ач, бирде ток болуп Рүстөм жаш башынан кенчилик кесиптин маңдай терин төккөн күндөрдүн далайын өткөрдү. Андан кийин кенде бекемдөөчү, өткөөлчү, лаваны чөктүрүүчү болуп иштеди.

1935-жыл. Бул мезгил Стахановдук кыймылдын башталашы. Ушул новатордук кыймылдан Рүстөмдүн бригадасы да четте калган жок. Алардын бригадасы Кыргызстанда биринчиден болуп күндөлүк нормасын 217%га чейин аткарышкан. Р. Жолбаев жетектеген комсомолдук-жаштар бригадасы стахановдук кыймылды кызуу колдоп, 1937-жылы жылдык планды 137%га аткарышса, 1939-жылы 500%га аткарышкан. Бул көрсөткүч СССР боюнча биринчи орунда болуп, Кыргызстандын кенчилери үчүн рекорддук көрсөткүч болгон.

Ата Мекендик согуш мезгилинде да Р. Жолбаев эпкиндүү эмгектенди. Кенде кээде 2-3 нөөмөт катары менен иштеп, өлкөбүзгө көмүрдү көп берип, душманга ооруктан сокку берип турган. Согуш башталган күндөн баштап, бүткөнгө чейин айлык планын 150-170%га аткарып турган. 1943-жылы булардын бригадасы жылдык планын 191,2%га аткарышкан. Ал каардуу согуш жылдарында 47 жаш тоочуну “Кара алтындын устаты” кылып даярдаган. Кенде иштеген үзүрлүү эмгеги үчүн Рүстөм Жолбаев 1949-жылы Орто Азияда биринчи болуп, СССРдин “Ардактуу кенчиси” деген ардактуу наамга татыктуу болгон.

Согуш бүткөндөн кийин да Р. Жолбаевдин бригадасы эпкиндүү эмгегин улантып, планын ар дайым ашыгы менен аткарып турган. Орто Азиядагы кендердин ичинде биринчи болуп 1952-жылы 1-апрелде “Донбасс”комбайны Жолбаевдин бригадасында иштей баштады. Бул комбайн Рүстөм Жолбаевдин бригадасы өндүрүмдүү пайдалангандыктан 1953-жылы 1 айда 10миң тоннага чейин көмүр казышкан. Бул көрсөткүч Орто Азиядагы кендерде рекорддук көрсөткүч эле. Мына ушундай ийгиликтерди жараткандыктын натыйжасында 1955-жылы Р. Жолбаевди Кыргыз ССРинин Жогору Советине депутат кылып шайлашкан.

Ал кенчилердин коомдук иштерине да активдүү катышкан. Рүстөм Кыргызстандын профсоюздарынын Ш жана IV съездине жана 1959-жылы Москвада өткөн СССР элдеринин профсоюздарынын XII съездине делегат болуп катышкан.

Көмүр казууну көбөйтүү жана көмүр өнөр жайын өнүктүрүү ишинде сиңирген эмгеги жана алдыңкы ыкмаларды киргизгендиги үчүн СССР Жогорку Советинин Презиудумунун 1957-жылы 26-апрелдеги Указы менен Рүстөм Жолбаевге Ленин орденин “Орок менен Балка” алтын жылдыз, медалын тапшыруу менен “Социалисттик Эмгектин Баатыры” деген жогорку даражадагы наам берилген.

Жолбаевдин көп жыл бою кенде эпкиндүү эмгегин өкмөт жогору баалап Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери, Орок жана Балка алтын жылдыз медалы жана башка медалдар менен сыйланган.

Р. Жолбаев 1971-жылы каза болгон. Өзү туулуп өскөн Голбо айылындагы көчөнүн бири анын ысымы менен аталат. 1990-жылы Сүлүктү шаарындагы №4 орто мектеби Р. Жолбаевдин аты берилген жана эстелиги тургузулган.

IMG

АБДИРАИМШАМА

Абдираим Шаматов (1892, Лейлек р-ну – 1953, Тажик Республикасы, Хожент обл.,) – жазма ж-а төкмө акын. АБДИРАИМШАМА алгачкы билимди Аксуудагы медреседен, 1905–1910-жылдарда Хоженттин Нов шаарындагы мусулман мектебинен алган. 1913-ж. Хожент шаарындагы орус-тузем мектебин бүтүргөн. КРУИАсынын Колжазмалар фондунда анын арап арибиндеги 1916-жылдан 1929-жылга дейре жыйнаган эмгеги сакталып турат. Абдираим Шаматов жаңы заман орнотуунун алгачкы жылдарында жергиликтүү аймактагы агартуу кызматтарында жүргөн-дүгүнө байланыштуу аталган дептердеги ырлар негизинен окуу, тарбия маселесине арналган:

“Качасың оку десем, кайран журтум,

Караңгы, тоодо жүргөн айран журтум”

Эл арасына кеңири тарап кеткен санат, терме, насыят жанрындагы:

Туура сөздөн танбагын,

Башыңды кесип алса да.

Семире түшсөң сереңдеп,

Секирип кетпе асманга, – дегендей ырлары да арбын.

Ал өмүрү он эки жыл түрмөнүн түбүндө өткөнүнө, кийинки “боштондуктагы” 8 жылдык өмүрү да тынч өтпөй, артынан кара көлөкө кубалап жүргөнүнө карабастан, зор патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан нагыз акындардан болгон.

ажы

АБДЫРАЙЫМ АБДРАХМАН УУЛУ

Лейлек районунун Гордой айылында туулган. 16 жашка чейин Тажикстандын Ходжент, Өрө-Төбө медреселеринде окуп, куранды жатка билген. Ал өз алдына ак максат коюп, Меккеге карай жол тартып баратып Ооганстанда 13 жыл жашап калат. 29-30 жаш курагында Меккеге барып «Ажы» болуп ошол жерде жашап калат. Сауд Аравиясында 37 жыл жоокерлердин кийимин бычып-тигүү фабрикасында бычмачы болуп эмгектенет. Ошентип иштеп жүрүп эс алууга чыгат. 1992-жылы 29-августтан 1-сентябрга чейин өткөн Бишкектеги Бүткүл Дүйнөлүк кыргыздардын 1- курултайына кызы Жамила менен катышат.

1981-жылы Туркиядагы Памирден көчүп барган кыргыздар­дын ханы Рахманкул менен жолугуп, кеңири ой-пикир алышат. Абдырайым ажы 28 жолу Меккедеги Арафат тоосуна чыгып, ошончо жолу «Ажылык» атты алат. Ошол 28 жолу ажылыгын баарын кыргыз элине, бир боорлоруна арнаган.

  • 1991-жылы июнь-июль айларында өзүнүн туулуп-өскөн Гор­дой айылына келет. Жарым кылым чет жактарда жүргөнү менен өзүнүн эне тилин унутпаган. Өз каражатынын эсебинен туулган Гор­дой айылына соопчулук үчүн чоң мечит салдырат.
  • 1992-жылы мечиттин ачылышына экинчи жолу кызы Жамила менен келет.

Кемпири араб кызы 1988-жылы көз жумган. Абдырахман, Мухаммет, Мариям, Жамила, Айниса аттуу уул-кыздары бар. Эки уулу жогорку билимдүү. Балдары Мекке шаарында иштейт. Мекке жана Тайыф шаарларынын ардактуу жараны болгон Абдырайым ажы Меккеге жакын жердеги Тайыф шаарында жашап жүрүп 2012-жылы каза болгон.

Абдырайым ажы тууралуу Батыр уулу Наркозу, 2002-жылы “Меккелик кыргыз” деген китепче жазган.

 

Курбаналы Сабыров

k_sarbanov
(1942–1981)
Курбаналы Сабыров Лейлек районундагы Гордой айылында 1942-жылы 17-апрелде туулган.
1959–1966-жж. Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуган.
1966-жылы Баткен районундагы Коргон орто мектебинде мугалим,
1966–1969-жж. Баткен районунда «Кызыл-Туу» гезитинде кабарчы,
1969–1974-жж. Ош облустук радио уктуруусунун редактору, башкы редактордун орунбасары,
1974-жылы КСЭде редактор,
1975-жылы «Кыргызстан пионери» гезитинде кабарчы,
1975–1981-жж. «Кыргызстан» басмасында редактор болуп иштеген.
1990-жылы жарык көргөн “Керээз» аттуу жыйнагы үчүн А.Осмонов атындагы адабий сыйлык ыйгарылган.
1980-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.
ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ
Кыргыз тилинде
Козу-Баглан: – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 44 б.
Hyp Булак: – Ф.: Мектеп, 1978. – 65 б.
Өрүкзар: Ырлар жана поэмадан фрагменттер. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 112 б.
Жүрөктөгү күн: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 126 б.
Керээз: – Ф.: Адабият, 1990.
Орто жаш: – Б.: Адабият, 1992.
Козу-Баглан: – Б.: Сабыр, 1999.
Өрүкзар: – Б.: Сабыр, 2001.

(Уикипедия)

 
 

2 комментариев к “Аймактын атактуулары

    1. suleyinfojetinur Автор

      Аймагыбыздын алп акындарынын катарын толуктаган Авазов Абдиллабек сыяктуу чыгармачыл инсандардан, деги эле өзүнүн кичи мекенине кайдыгер карабаган мекендештерибизден, эл-жерине ак кызмат кылган атактуу инсандарыбыз жөнүндө маалыматтарды кутөбүз.

Добавить комментарий для Абиллабек Авазов Отменить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *