СҮЛҮКТҮ

сулюкта

Сүлүктү – кенчилердин шаары

Сүлүктү – Кыргызстандагы эң байыркы шаарлардын бири. Сүлүктү шаары тарыхый сырларга, маданиятка, достукка, интернационалдуулукка бай аймак. 1868-жылы россиялык ишкерлердин жардамы менен көмүр казып алуу боюнча алгачкы иштер башталып, шаардын негизделиши ошол жылга туура келе тургандыгын тарых өзү күбөлөндүрүп турат.  Көмүр казып алуу алгачкы убактарда өтө жөнөкөй жол менен алынган. Көмүр жер алдынан жер үстүнө кол күчү менен чыгарылган. Ошентип, көмүр казып алууда иш издеген жумушчулар жыйылып отурукташа баштаган. Ал жерде кичине шаарча пайда болгон. 1902-1903–жылы биринчи геологиялык изилдөө болгон. Ал эми 1906-жылы биринчи шахта түзүлгөн. 1912-жылы өнөр жай катарында көмүр казылып алына баштаган. 1932-жылы шахта башкармасы түзүлгөн. 1940-жылдын 19-январында Сүлүктү шаар  статусун алган. Ошондон баштап, көмүр казып алуу боюнча иш илгерилеп, дүркүрөп өсө баштаган. Согуш маалында кенчилер мурдагыдан да эки эселеген кайрат менен иштей баштайт. Бул жылдары көмүр казып алуу 500,0 миң тоннага жеткен.

«Орто Азиянын кочегары» деп аталган Сүлүктү шаарында 1970-жылдары көмүр казып алуу эң жогорку деңгээлге жеткен. Жылдык көмүр казып алуу 900,0 миң тоннага чейин жеткен. Бүгүнкү күндө жер астындагы «Кара алтындын» запасы 180,0 млн. тоннаны түзөт.

СССР жоюлгандан кийин, республикабыз эгемендүү болгондон баштап, көмүр өндүрүүнү көбөйтүү процесси туруп калган. Бирок азыркы мезгилде акыркы 2 жылда көмүр казып алуу 2 эсеге өсүп, жылына 180,0 миң, ал эми 2013-жылы 204,0 мин тоннага жетти. Бүгүнкү күнгө шаарда 18 шахта иштеп жатат.

Сүлүктү – Кыргызстандын эң алыскы аймагынын бири. Шаар Түркистан кырка тоолорунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1380 метр бийиктикте, борборубуз Бишкектен 1050 км, область борбору Баткенден 150 км алыстыкта турат. Территориясы 1733 га, калкынын саны 21,3 миң адам.  Шаарда гуманитардык-экономикалык институт, педагогикалык колледж, кесиптик лицей, 9 орто мектеп, 1 мектеп-интернат, балдар музыкалык мектеби, өспүрүмдөр спорт мектеби, карылар жана майыптар үйү, 6 балдар бакчалары, маданият сарайы, 3 китепкана, балдардын эс алуу лагери, шаардык эс алуу багы, 2 оорукана, 3 ФАП жана башка социалдык-коммуналдык ишканалар бар.


Абдыназаров Рахманберды Эрматович
Сүлүктү шаарынын мэри
туулган жылы.
28 февраль 1960 жыл.
туулган жери.
Сүлүктү ш.
улуту
кыргыз
билими.
Фрунзе политехникалык институту, кесиби тоо инженери.
Эмгек жолу
1978-1980 — Советской Армиянын катарында кызмат кылган.
1986-1989 — «Шахтоуправление»
1989-1991 — Сүлүктү элдик контролу, инспектор.
1991-1997 — Госгортехнадзор, инспектор.
1997-1998 — ГАО «Сүлүктүкөмүр», тоо иштери боюнча директор.
1998-2002 — АО «Сулюкташахтакурулуш», башкаруу иштеринин председатели .
2002-январь 2017 — ОсОО «Нур» (шахта), директор.
20-январда Сүлүктү шаарынын мэри болуп шайланган.
 
 
20140604_091628
 
 
 
 
Сүлүктү шаарынын 1-вице мэри                                      
 — Ташев Бавабек Ергашевич.
1962-жылы 25-ноябрда Сүлүктү шаарында туулган.
1976-1981-жылдары Тажик Республикасынын Ленинабад областынын Зафарабад шаарындагы курулуш техникумунда, техник куруучу адистигине окуган.
2000- жылы Сүлүктү шаарындагы Баткен мамлекеттик университетинин филиалында тарых факультетин аяктаган.
1981- жылдан баштап шаардагы “Сүлүктү көмүр» мекемесинде иштеген.
1982-1985- жылдары «Кызыл-Булак» разрезинде устат.
1985- 1993-жылдары Сүлүктү шаарындагы ремонт курулуш участкасында мастер, товаровед.
1993-2005-жылдары Ош облжилкомхоздун Сүлүктү шаарындагы ККПнын начальниги.
2003-2004-жылдары “ Сүлүктү водоканал » МИнын директору.
2007-2009-жылдары Кошбулак айыл өкмөтүнүн башчысы.
2010-жылы шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы.
2011-жылдын октябрь айынан баштап Сүлүктү шаарынын биринчи вице-мэри кызматында эмгектенүүдө.
 
 
Сулюкта аппарат
 
 
 
 
Сүлүктү мэриясынын аппарат жетекчи                   —  Каримов Алмазбек Абдимухтарович.
 
 
 
 
бакыт
 
 
 
 
 
Кош Булак аймактык б/тын башчысы                       — Сапаркулов Бакытбек Эркинович
СПРАВКА-РЕЗЮМЕ
Ф.И.О Сапаркулов Бакытбек Эркинович
Год рождения: 28 мая 1977 года
Место рождения: г.Сулюкта, Ошская (ныне Баткенская) область
Национальность кыргыз
Гражданство: гражданин Кыргызской Республики
Образование: Высшее
Окончил (когда, что) в 1999 году Кыргызский технический университет
Специальность инженер-технолог
Научная степень Магистр по направлению « Социальный менеджмент» окончил Академия Государственного Управления при Президенте Кыргызской Республики 2014 году
Каким иностранным языков владеет английский,
Семейное положение: женат, четверо детей.
Награды /какие/: Почетная Грамота Международного Союза «Боевое Братство» Героя Советского союза Б.В.Громова
Государственные Награды: «Отличник Муниципальной Службы Кыргызской Республики»
Медаль «За Заслуги»
В 2008 году Был избран депутатом Сулюктинского Городского Кенеша
ТРУДОВАЯ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ
Месяц и год Наименование учреждения, организации, предприятия Занимаемая должность
поступления ухода
01.09.1999 01.09.2007 Баткенский Государственный Университет Ст. преподаватель
01.09.2007 По н/В Сельское Инвестиционное Объединение «Восточный» Председатель Сельского инвестиционного объединения.
2007 2008 Кошбулакский айыл окмоту Зам. Главы
2008 2009 Мэрия г.Сулюкта Руководитель аппарата
2009 2010 Сулюктинский городской Кенеш Ответ секретарь
2010 По наст время Кошбулакское поселковое управа Глава
РАБОТА ПО СОВМЕСТИТЕЛЬСТВУ:
С 2007 года по настоящее время являюсь директором по совместительству Фонда «Кожой-Серек»
2010 году окончил курс по планировании малого бизнеса «Бишкекского Делового клуба»
2010-2011г.г прошел полный курс «Школы Лидерства» Международного Ресурсного центра «Интер- Билим»
2011 год окончил Полный курс повышения квалификации муниципальных служащих при Ошском филиале Академия управления при Президенте Кыргызской Республики.
 
 
Ж А Р Ы Я            Ж А Р Ы Я                Ж А Р Ы Я                   Ж А Р Ы Я                      Ж А Р Ы Я
объявления 2015

Сүлүктү: Шайлоого үгүт иштери кызуу жүрүп жатат

4- Октябрь күнү өтө турган Жогорку Кенештин Депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштери Сүлүктү шаарында да кызуу жүрүп жатат.
Бул боюнча Сүлүктү шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы А. Ниязов төмөнкүдөй маалымат берди:
14- сентябрга карата Сүлүктү шаары боюнча аймактык комиссияга 14 партиянын ичинен 6 партия өкүлдөрү келип, бардык тиешелүү документтерин тастыктап, каттоодон өттү. Алар:
1) Бүтүн Кыргызстан Эмгек партиясы;
2) СДПК партиясы;
3) Өнүгүү- Прогресс партиясы;
4) Республика- Ата Журт партиясы;
5) Замандаш партиясы
6) Бир Бол партиясы;
Ушул партиялар штабдарын ачып иштерин жүргүзүп жатат дейт- А. Ниязов
Кабарчы: М. Исканов 15/09/2015
 

Мугалимдердин кызыкчылыктары корголууда.

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Сүлүктү  шаардык комитети иш берүүчүлөр менен өзүнүн ишмердигин социалдык  өнөктөштүк принцибинде алып барат.

Биздин шаарда 8 жалпы билим берүүчү, 1 мектеп гимназия, 6 балдар бакчасы,

1 балдардын чыгармачылык борбору , 1 балдардын спорт мектеби бар. Аларда 600дан көп профсоюз мүчөсү эмгектенип жатышат.

Бүгүнкү күндө Сүлүктү шаардык Билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук комитетинин төрагасы Кудаяров Канатбек Сапарович эмгектенип келе жатат.  Шаардык профсоюз комитети  өз ишин аткаруу үчүн ар түрдүү усулдарды, механизмдерди колдонуп, алдыга койгон маселелерди, максаттарды чечүүнүн үстүндө иштеп келе жатат. Атап айтсак, профсоюз мүчөлөрүнүн айлык акыларынын өз убагында туура эсептелиши, берилиши, кошумча төлөмдөрдүн жүргүзүлүшү колго алынды. Мугалимдерибиздин көптөгөн социалдык проблемаларын Шаардык Билим берүү бөлүмү, шаардык Мэрия менен бирдикте эки тараптуу келишимдердин түзүү жолу менен чечип келе жатат.Бул келишимдер бардык социалдык экономикалык, эмгекти коргоо, укукту коргоо жана ден соолукту чындоо жагдайларын камтыйт.

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдан статусу” жөнүндө  мыйзамдарында мугалимдерге көрсөтүлүүчү социалдык жана материалдык колдоолорду ишке ашыруу жолдору колго алынган .

Профсоюздук мүчөлүк акыларды туура жана максаттуу пайдалануу үчүн эмгекчилердин ден соолугун чындоону колго алып “Жалал-Абад” курорту ,  “Арсланбап” турбазасы , Ош шаарындагы Мамакеев санатория-профилакториясы , Ыссык-Көл менен келишимдер түзүлүп, билим берүү кызматкерлерибиз профсоюздун каржылоосунда эс алып жатышат.

Шаарыбызда жылда белгиленетурган “Мугалимдер күнү” 2015 жылы профсоюз комитети тарабынан эсте калардык деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү. Быйылкы жылкы шаардык масштабда өткөрүлгөн майрамга мугалимдер толугу менен 100%  катышышты. Ардагер мугалимдерибизге өзгөчө көңүл бурулуп , бардыгына баалуу белектер берилди.

Майрамдык салтанатка шаардык мэриянан, жетекчилерден, шахта башчыларынан келишип өздөрүн куттуктоолорун айтышты. Мугалимдерге “Ардак грамоталар” , “Ыраазычылык каттар”,  ”Материалдык жардамдар” , “Кызыктыруучу стипендиялар” жана башка баалуу белектерди шаардык профсоюз комитети тарабынан, Шаардык Мэрия , Шаардык билим берүү тарабынан тапшырылды.Бүгүнкү күндө шаардык профсоюз комитетинин алдында аткаратурган иштери арбын. Иш учурунда пайда болгон көйгөйлүү  маселелерди социалдык өнөктөштөр менен биргелешип чечип, баштапкы уюмдардын жардамы менен кызматкерлердин кызыкчылыктары жана укуктары корголо берет демекчимин.

Сүлүктү шаардык Билим берүү бөлүмүнө караштуу Т.Рустамов атындагы
№ 5 орто мектебинин директору Чолбобаев Хожихужа Рахматович/
 

Бир кылымдык тарыхы бар Жалпы дарыгерлер практика борбору.

Октябрь революциясына чейин Сүлүктү падышалык Орусиянын элди ар түрдүү буюмдар менен камсыз кылуу боюнча эң артта калган чет жакаларынын бири болгон.
Айрыкча саламаттыкты сактоо жана элге медициналык жардам берүү эң төмөнкү деңгээлде эле. Медициналык мекемелер жок болгондуктан ооруган элди бакшылар менен табыптар дарылап келген. Ошондуктан кээде жугуштуу оорулар таркап кетип, эл ичинде каза болгондордун саны көбөйгөн. Мына ушул кыйынчылыкка карабастан эл ичинде саламаттыкты сактоонун учкундары акырындык менен пайда боло баштаган.
Падышалык Орусия мезгилинде Туркстанга борбордук казынадан аскер жана флотту кармоо үчүн 64,1 %, мамлекеттик аппараты кармоо үчүн 11,9 %, ал эми элге билим берүү жана саламаттыкты сактоого бар болгону -3,2 % акча болгон.
Совет бийлигине чейин Сүлүктүдөгү элге медициналык жардам берүү абдан жаман абалда болгон. Архивдик жана мезгилдик басма сөзгө жарыяларган материалдар Сүлүктүдө саламаттыкты сактоо кандай кыйынчылыктар менен пайда болгонун жана өнүккөнүн баяндап турат. Бир архивдик документте минтип жазылган: «1908-жылы Сүлүктү таш көмүр кениндеги Тангибашы айлына жакын жерде фельдшердик амбулатордук пункт ачылган. Ушул эле пункта 1910-жылдын аягында стационардык оорулар үчүн бөлмө курулат да, 3 кишилик койкасы бар атайын кабыл алуучу бөлмө ачкан. Жетекчиси фельдшер болгон». Бардык көмүр кендери падышалык Орусиясынын кишилери А.М. Вербов менен М.Падуровскийге тиешелүү болучу. Кендин ээлери кенчилердин ден соолугун сактоого кызыгышкан эмес. Алар жумушчулардын турмуш шартына, материалдык жана медициналык жактан жардам берүүгө аз көнүл бурган.
1911-жылы бир фельдшер Турскстан аймагынын тоо-кен инженерине Сүлүктү кениндеги медициналык абал жөнүндө мындай деп билдирген: «Амбулаториялык пункттун абалы адам ыйлай турган абалда. Кабыл алуучу бөлмө эн төмөнкү санитардык денгээлде. Эч кандай хирургиялык аспаптар жана тануучу буюмдар жок».
Жумушчулардын талабы боюнча А.М.Вербов 1912-жылы бейтаптарды кабыл алуучу бөлмө ачкан. Бирок байкуш ооруган кенчилер жер полдордо жатышкан. Ооругандар бир күндө дарылануу үчүн өздөрүнүн конторасынан 15 тыйындан алса дары дармектерди пайдалангандагы үчүн өздөрү 25 тыйындан төлөшкөн. Биздин кенчилер массалык жугуштуу ооруулардан коргоосуз болгон. 1914-1918-жылдардагы биринчи дүйнөлүк согуш, чарбалык булунууну жана жергебиздеги санитардык оор абал жугуштуу оорууларды кенири жайылышына себеп болду. Ушул оорудан коптогон адамдар каза болгон. Ошондуктан 1916-жылды жергиликтүү элдер «Жаман жыл» деп аташкан.
Февраль революциясынан кийин Сүлүктүдө кенчилердин ден соолугун жакшыртууга бир аз көнүл бурула баштады. Айрыкча чет өлкөлүк согуш туткундары полковник В.Амляхер менен подпоручик С.М. Курдюк элдин ден соолугун жакшыртуу үчүн чын пейили менен эмгектенишкен. Булардын кесиби аскардик дарыгер болушкан. Ошондой эле чет өлкөлук аскер туткуну Шашек деген дарыгер аял Пролетарск станциясында башкы дарыгер болуп иштеген. Бул дарыгерлер кенибиздеги жана Булакбашы, Чалдыбалды, Карабулак жана башка айылдарындагы ооруган адамдарды дарылоодо көп күч жана эмгек жумшашкан.
Совет бийлиги женгенден кийин биздин мамлекетибиз ачка калган элдерде азык-түлүк менен жардам берип, ооруларга медициналык көмөк көрсөтө баштады. Совет өкмөтү биринчи күндө баштап эле элге медициналык жардам көрсөтүү негизги маселелердин бири деп эсептеген. Ошондуктан 1917-жылдын 22-декабрында мамлекетибиз «ооруган учурда коргоо жөнүндө» деген декрет жарыялаган. Декрет боюнча элди бекер медициналык дарылоо башталып, оорукуналарды адис дарыгерлер менен камсыз кылуу жанданды. Медициналык борбордон атайын каражат бөлүнүп, жаны медициналык кадрлар жиберилип, дары-дармектерди көбүрөөк бере баштады.
Сүлүктүдө ооруларды дарылоо тармактары канчалык өсө баштаса да элге жетишерлик медициналык жардам көрсөтүү алы начар абалда эле. Бирок революцияга чейинки мезгил менен салыштырганда Совет бийлиги орногондон кийин Сүлүктүдө медицинанын өнүгүшү чон жетишкендик болгон. Бирок элдин ден соолугун сактоого алы көп нерселер жетишсиз эле. Жабдууларды, буюмдарды жана дары-дармектерди өз убагында алуу кыйын болгон.
Дарыгерлердин медициналык адистиги начар, оорукананын шарты жаман абалда эле. Кыргызстанда өзүнүн медициналык кадрлары жок болгондуктан Орусиядан чакырып алып турган. Ушундай абалда болсо да республикабызда, анын ичинде Сүлүктүдө салматтыкты сактоонун өнүктүрүү үчүн жыл сайын кошумча акча көбүрөөк берилип турган.
1919 –жылдын 22-июлундагы «Известия» (Ташкент) газетасында Сүлүктү көмүр кенинин өкүлү Э.Я.Вахильконун «Тоо-кен жумушчуларынын» чукул чакырылган профсоюздук Х съездине сүйлөгөн сөзу бар. Ал: «Оорукана дарыгер В.Амляхердин жигердүү аракетинин жана кайраттуулугунун натыйжасында жакшы жабдылган. Азыркы убакта ооруканада 25ке жакын бейтаптар дарыланып жатат. Бирок Сүлүктүдө турак үйлөр жана санитардык абал абдан начар. Ал эми азык-тулук маселеси боюнча Сүлүктүдөгүдө оор абал бир дагы ишканаларда болбосо керек».
Сүлүктүдөгу саламаттыкты сактоонун ал-ахыбалы жөнүндө дагын бир архивдик материалдан мисал келтирели. Самаркан облустук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы дарыгер Гельфгот менен катчысы Черновичтин «Ходжент уездинде саламаттыкты сактоо жана дарылоо мекемелеринин текшерүү жана кароо жөнүдөгү» докладынан үзүндү: «1920-жыл 6-август Кольцо станциясында амбулатория канааттандырарлык таза абалда. Шкафтар, зарыл аспаптар жана дары-дармектер жок. Керектүү медициналык буюмдарды Сүлүктүдөн алып турат. Жумушчулардын дарыгер Яновскийге болгон мамилеси эң жакшы. Сүлүктү кениндеги дарылоочу мекеменин имараты ооруканага ылайыкташтырылган эмес. Бирок оорукана таза абалда. Дарылануучу жайдын башчысы дарыгер С.М.Курдюк тартипти жакшы сактап, аракеттенип иштейт. Текшерген мезгилде бардыгы жайында болуп чыкты. Оорулуулар дарыгерлер абдан ыраазы болушат. Көмүр кенине байланыштуу оорукананы ченемден тышкары самын менен камсыз кылуу керек. Мындан тышкары хинин, нашатырдык спирт жана тануучу буюмдар менен көбүрөөк камсыз кылуу керек»
1923-жыл Совет өкмөтү үчүн оор жыл болгон. Ал эми Сүлүктүнүн ооруканасы үчүн өтө ыйын мезгил эле. Оорукананын айнектери сынып, сынык айнектердин ордуна балыштарды тыгып койгон. Оорууларга жана инвалиддерге акчалай жардамды кечиктирип берген. Зарыккандар акчалай жардамды алуу үчүн ай бою ишкананын канторасына тынбай каттап турган.
Амбулаторияда бинт жана тануучу буюмдар жок болгон. Медициналык кызматкерлер бинттин ордуна оорукананын эски кийимдерин жана шейшептерин пайдаланышкан. Дары-дармектерда жакшы жетишкен эмес. Акыркы күндөрдө дарыгерлер бир да тамчы йод калган эмес. Мындай абалда кендин ичинде кокустук болуп калса кантип жардам бериш керек? Себеби, кенде ар кандай кокустуктар болуп турат эмеспи. Ушундай жетишпегендиктер жөнүндө газеталарга да жазылып турган.
«Туркенстанская правда» газетасынын 1923-жылдын 27-январындагы санына Сүлүктүдөгү ооруканада медициналык аспаптардын жетешсиздиги жөнүндө сын-макала жазылып, сатиралык сүрөт да тартылган. Макала «Биздин кантип дарылайт?» деп аталган. «Дарыгер В.Амляхер безгек менен ооругандарды тез-тез дарылап турат, ийне саят, дары куят жана башка. Бирок, ийне саюу үчүн анын жалгыз гана ийне сайгычы бар. Ал ийне сайгычы менен айбандарды дарылабастан жалаң гана адамдарды дарылаган. Оорукана Драгомирово станциясында (азыркы Пролетарск) жайгашкан.
өтө оор шарттарда Сүлүктү көмүр кенин казуучуларын ошол ийне сайгыч менен дарылап турган. Бизге, жумушчуларга «медицинанын илимпоз эр азаматынын» жасаган иши эрдиктей эле сезилүүчү. Анын ийне сайгычынын өлчөмү 1, 1 сантимерден 4,4 сантиметрге чейин болгон. Биз үчүн бул буудайды капка салып тепчиген теменедей эле сезилүүчү. Дарыгер В.Амляхер күлүк, жакшы аттарды сүйүп, аларды дайыма дарылап жүрчү эле, деп элдер айтар эле. Адамдарды да ошол аттарын дарылаган ийне сайгыч менен дарылап жүрбөдү бекен?
Ошол эле газетанын 1923 –жылдын 28-февралында чыккан макаласында дарыгер В.Амляхер мындайча жооп жазган: «Билерман» үчүн «керемет» техника болуп көрүнгөн ийне сайгыч- бул жөнөкөй эле 10 граммдык «Рекорд» деген эки ийнеси бар ийне сайгыч болчу. Аны 1922-жылы декабрда ишкананын башкаруучусу Ташкенттен сатып алып келген. Тиллекке каршы бул да азыр сынып калды. Атайын айбандар үчүн же «татаал» жана «татаал эмес» адамдардын оорусу үчүн ийне сайгыч жок. Бардыгы эмне үчүн, кайсы оорууга таандык болсо, ийне ошол максат менен сайылат.
Ооруган кенчилер үчүн ынгайлуу имарат абдан керек болгон. Кендин жектекчилери оорукананы өз убагында оңдой берген эмес. Ошондуктан имараттын үстүнөн тамчы өтүп, жамгырдан суусу агып, минут сайын шыптын урап түшү коркунучу пайда болгон. Ал эми ооруканада оор ооруулар жаткан. Тамчынын натыйжасынан шыптан чоң-чоң шыбоолор көчүп түшө баштаган. Оорукананын жетекчилери ооруп жаткандарды жамгырдан жана ылайдан сактоо үчүн алардын керебеттеринин үстүнө бош керебеттерди коюшкан. Бул да жакшы жардам бербеген. Себеби, тамчы тама берип, минут сайын шыптын кулап түшү коркунучу сезилип, ооруларды басып калышы мүмкүн эле. Кокустуктан сактануу үчүн оорулардын бардыгын жүмүшчүлардын үйлөрүнө көчүрүп жаткырышкан.
1925-жылы марта Кара Кыргыз Автономиялуу областынын Советтеринин чукул чакырылган 1-съезддинде каралган маселелердин бири элдин ден соолугун жакшыртуу жөнүндө болгон. Съезддин чечиминде: «Жакын арада ооруканалардын уюмдарын чындап, аларды медициналык кызматкерлер менен камсыз кылуу, акушердик жардам берүү, аялдар жана балдар консультацияларын уюштуруу, элди арзан баадагы дары-дармектер менен камсыз кылып, жугуштуу оорууларга каршы күрүшүү» — деп аталган. Чечимге байланыштуу кенчилердин ден соолугун жакшыртуу үчүн көп иштер аткарылган.
1925-жылдан баштап биздин республикада биринчи жолу элге хирургиялык жардам көрсөтүлө баштады. Амбулаторияларда хирургиялык кабинеттер түзүлдү. Мына ушундай кабинет Сүлүктүдө да түзүлгөн.
1927-1929-жылдары Сүлүктүдө саламаттыкты сактоону жакшыртуу үчүн дарыгердик атайын пункт ачылган. Ал эми 1929-жылы бизде оорукана ачылат да бир дарыгер иштеген.
Жылдан–жылга көмүр казуу өнүгүп, жумушчулардын саны көбөйөт да кенибиз кенейе берет. Көмүр өнөр жайынын өнүгүшүнө байланыштуу ишканаларда саламаттыкты сактоочу пункттар көбөйө баштады. Мына ушуга байланыштуу 1936-жылы шаардык ооруканада үч бөлүм ачылган: хирургиялык, терапевдик жана гинекологиялык. Ооруканада 100 кишилик койка болгон.
1940-жылы шаардык оорукана клиникалык оорукана бөлүп өзгөртүлүп түзүлгөн.
Мурдагы жылдарга салыштырганда көмүр казуу көбөйөт да, кенчилердин саны өсөт. Мына ушуга байланыштуу шаарыбыздагы дарыгерлер жумушчулардын жараат алышын азайтуу үчүн көп аракеттенишкен . Натыйжада дарыгерлер бир топ ийгиликтерге жетишкен. Мисалы, 1929-жылы бир жылда 1000 жумушчудан 251 адам жараат алган болсо, 1933-жылы 94 адам жараат алган. Доктор Ф.Я. Соколов көмүр казылып жаткан лаваларга түшүп, кендердеги иштер жана кенчилердин эмгеги менен жакшы таанышып чыккан.
Жеке өзүнүн көргөндөрө жана байкагандары боюнча, кенчилердин жараат алышынын себептери боюнча жана аны азайтуу үчүн ар кандай алдын алуу иш чараларын жүргүзгөн. Кенчилердин чогулушунда жумушчулардын жараатты аз алуу жолдору жөнүндө сүйлөгөн. Жараат алган кенчилерди чын пейли менен дарылаган, айыктырган, Мына ошондуктан дарыгер Ф.Я. Соколовду шаардын калкы жакшы сайлап, Эл ичинде кадыр барктуу болгон. Ф.Я.Соколов элибиздин салататтыгын сактоодо көп эмгек сиңирген.
Улуу Ата-мекендик согуштун мезгилинде Сүлүктүнүн саламаттыкта сактоочулары өлкөбүздүн бардык дарыгерлери сыяктуу өздөрүнүн иштерин фронт жана ооруктун зарылчылыгына байланыштарып иштей башташты.
Согуш бүтүп, фронтон шаарыбызга жаңы дарыгерлер келе баштады. Ошондой дарыгерлердин бири О. Н. Левина болгон. Дарыгер шаарыбыздын калкынын ден соолугун чындоо боюнча көп жыл бою эң жакшы иштеп, пенсияга чыккан. Чын пейли менен элге туура эмгек кылгандыктан Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган, Анын эмгеги жогору бааланып, Ленин ордени менен сыйланган.
Мурда шаарыбызда кыргыздардан бир да дарыгер болгон эмес. 1950-жылдардан баштап орус жана европалык улуттагы дарыгерлерден тышкары кыргыз улутундагы дарыгерлер келип иштей баштады. Шаарыбызга биринчи келген кыргыз дарыгер-хирург К.Сатаркулов жана санитардык дарыгер Разаков болгон. Биринчи кыргыз дарыгеринин келип иштеши шаарыбыздагы жергиликтүү жаштардын медицина илимине кызыгуусуна өбөлгө түздү. Натыйжада жаштарда Фрунзе шаарындагы медициналык институтка барып окууга кирүү сезимдери ойгонду.
Шаарыбыздагы оорукананын хирургу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, Ош областтык Кеңешинин депутаты А.Абдираимов менен аңгемелешкенибизде, ал өткөн күндөрүн эскерип мындай деди:
Ал кезде биз окучу элек. Шаарыбызга биринчи кыргыз дарыгери К.Сатаркулов менен Разаковдун келип иштеши биз үчүн жаңылык болду. Себеби, кыргыздардан да дарыгер чыгат экен деген ойго келдик. Алардын ак халат кийип иштегенине кызыгып, келечекте мен да ушулардай дарыгер болсом деген максат койдум. Ойлогон тилекке жетүү үчүн көп окуп аракеттенип, мектепти жакшы бүтүп, медициналык институтка кирүү экзамендерин ийгиликтуу тапшырып студент болдум.
1956-жыл. Токтогул атындагы № 2 орто мектебинин бүтүрүүчүсү, казак жигити Калменов Эргалый шаарыбыз боюнча биринчи болуп Фрунзе шаарындагы медициналык институтка студент болуп кирди. Аны көргөн жаштардын кызыгуусу ого бетер артты.
1957–жыл. Ушул эле мектептин бүтүрүүчүлөрү: А.Абдираимов, А.Жэмуратов, Э.Рахманкулов, О.Кочкоров, Н.Ташев, З.Мурзалиевдер ушул эле медициналык интитутка студент болуп киришти. Ысымдары аталган жигитер медициналык институтту ийгиликтүү бүтүрүшүп, жергиликтүү элден биринчи дарыгер болуп иштеген жаштар эле.
Кыргыз дарыгерлеринин ичинен шаарыбыздын эмгекчилери үчүн көп эмгектенип, элибиздин алкышына жана урмат-сыйына ээ болгон дарыгер-хирург С. Кожокматов болгон. Ал шаарыбызда иштеп жүрүп, «Медицина илиминин кандидаты» деген илимий даража ээ болгон. Бишкек шаарында 1985-жылдан баштап эмгектенген, медицина илиминин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген дарыгери.
Мурда шаарыбызда бир оорукана жана бир поликлиника иштеп келсе, базардык экономиканын натыйжасында ооруканабыз 2002-жылдын май айынан баштап, Сүлүктү аймактык ооруканасы жана үй-бүлөлүк медицина борбору (УБМБ) болуп экиге бөлүнгөн.
Сүлүктү аймактык оорукананы көп жылдан бери ушул жерде иштеп, дасыккан дарыгер, директор Самадов Абдипатта жетектеген. Бул ооруканада мурда башкы дарыгер болуп Мамбетов Касымбек иштеп келген. К. Мамбетов көп жылдар бою азыркы Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун статкатчысы болуп Бишкекте иштеген. Касымбек шаарыбыздын калкына саламаттыкты сактоосуна көп жардам берип жүргөн. Ошондуктан элибиз ага ыраазы.
Кыргыз Республикасынын саламаттакты сактоосуна эмгек синирген дарыгер А. Абдираимов пенсияга чыкканга чейин ушул ооруканада жогорку категориядагы хирург болуп эмгектенип, азыркы убакта ардактуу эс алууда.
З.Мурзалиев Сүлүктү жана Лейлек аймагы боюнча жергиликтүү кыргыздардан чыккан биринчи дарыгер-аптекар болуп саналат. Закир Мурзалиевич саламаттыкты сактоонун мыктысы (отличниги). Ал ооруларды дарылар менен камсыз кылып, 40 жылдан ашык иштеп, пенсияга чыккан.
18-жыл хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп Абдыкадыр Раимбекович Жемуратов иштеген.
Шаарыбызда жогорку билимдүү 30 дарыгер жана 149 мээрбан эжелер эмгектенип жатышат. Бул жамаатта 36 саламаттыкты сактоонун мыктысы деген наам берилген. Ооруканын эмгек жамааты 2014-ж. октябрда мамлекеттик аттестациядан ийгиликтүү өтүп, лицензия алган. Оорукана оорулардын ден соолугун текшерүүчү азыркы убакты эң акыркы техникалар менен жабдылган.
Медициналык борбордун ичинде үч үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Ар бир топту клиникалык жетекчиси жетектейт. Шаарыбызда № 1 жана № 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштесе, Кошбулак айыл өкмөтүндө № 3-тобу эмгектенет.
Мурда шаарыбызда Кыргыз кыз-жигиттерден бир да дарыгер жана мээрбан эжелер болгон эмес.
Бул эмгек жамаатында көп жылдардан бери ак ниети менен эмгектинип, элдин алкышына ээ болгон дарыгерлер арбын. Алардын айрымдарынын эмгек стажы жарым кылымга чейин жеткен. Мисалы, Курманалиева М.К. – 45 жыл, Кулбаев К.Т. – 45 жыл, Байкова Н. – 50 жыл.
Курманалиева М.К. балдар дарыгери Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, бүгүнкң күндө ардактуу эс алууда.
Мажитов Тажибай Темирбаевич, Гайпбеков Эрежеп Халбекович, Эшанкулов Аллакул Эшанкулович бүгүнкү күндө көп жылдык стажына карабастан Жалпы дарыгерлер практика борборунда иштеп келе жатат.
Улуттук Манас программасы жана Манас Таалим программасынын негизинде саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформа шаарыбыздын медициналык көрсөткүчтөрүндө жакшы жетишкендер болду.
Шаарыбыздын ооруканасы 2001-жылы 4,5 млн. сомго капиталдык ремонтон өткөрдүк. үй-бүлөлүк дарыгерлер № 3 250 мин сомдук капиталдык ремонт жүргүзүлгөн. Медициналык аспаптар менен камсыз болгон УЗИ аппараты, ЭГД скопия аппараты менен, реанимация бөлүмү толук медициналык аппаратуралар менен камсыз болгон. ФАП «Кенчи», «Кольцо», «Бөкөнбаева» 364 миң сомдук медициналык аспаптар менен камсыз болуп иштеп жатат.
15 жылдын ичинде 3 Тез жардам машинасы менен камсыз болуп элге кызмат кылып жатат. 2005-2016 жылдын ичинде энелик өлүм катталган эмес. өлгөн адамдардын саны 2006-2016-жылга кыскарып жатат. Төрөлгөн балдардын саны 2006-2016 жылга салыштырмалуу өсүп жатат.
Сүлүктү шаарында оорукананын жетекчилеринин тизмеси:
1935- 1938 – башкы дарыгер Старченко Л.С. иштеген.
1938-1939 – башкы дарыгер Ахмедов иштеген.
1940-1942 чейин — Воронков И.В.
1942-1945 чейин – Семененко
1945-1946 чейин – Старченко Л.С.
1946-1950 чейин – Радецкий В.А. иштеген.
1950-1957 чейин – Червякова А.Л. иштеген.
1957-1968 чейин – Сатаркулов К.С.
1968-1975 чейин – Максимбеков И.Н.
1975-1982 чейин – Кабылов Т.К.
1982-1987 чейин – Амираев А.А.
1987-1992 чейин – Мамбетов К.Б. азыркы убакта ардактуу эс алууда.
1992-1997 чейин – Кабылов П.И.
1997-1999 чейин – Айдаров А.И.
1999-2002 чейин – Эльмуратов К.Э.
2002-2005 чейин – Мавлютова Х.У.
2005-2008 чейин – Самадов А.К.
2001-2008 — Ибрагимов А.А. үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси.
2008-жылдан – азыркы убакта Ибрагимов А.А. Жалпы дарыгерлер практика борборунун жетекчиси болуп иштеп жатат.
Хамавова Зайнаби Алимхаджиевна 1992 жылдан бери улуу мээрбан эже болуп иштеп жатат.
Сүлүктү шаарынын Жалпы дарыгерлер практика борборунун 2013- 2014-2015 2016-жылдарга карата материалдык жана техникалык базанын оңдолушу.
2013-жылдын материалдык техникалык базасы:
Тендер өткөзүлүп 1,5 миллион сомго ЭГД скопия жана УЗИ аппараты 480000 миң сомго ЮНИТ_Т фирмасы утуп алган. Бүгүнкү күндө дартты аныктоо бөлүмүндө УЗИ аппараты коюлуп иштеп жатат. ЭГД скопия аппараты хирургия бөлүмүндө УЗИ иштеп жатат.
Терапия бөлүмүнө “Нур” шахтасынын жетекчиси 42 миң сомго 2 стол, 12 отургуч алып берди.
Карабаев Гайназар хирургия бөлүмүнө 1 телевизор, жана видеомагнитофон алып берди.
Демөөрчүлөрдүн жардамы менен жана медицина кызматкерлери өздөрү терапия бөлүмүнүн 25 миң сомго, хирургия бөлүмү 31 миң сомго (“Нур”шахтасы — 15 миң сом, “Марипов” шахтасы — 16 миң сомго.) Жугуштуу оорулар бөлүм — 26 миң сомго (“Нур”шахтасы 10 миң сомго, “Т. Ибрагимов” шахтасы — 8 миң сомго, “Кызыл булак”шахтасы 3 миң сомго, “Ак тилек” шахтасы — 5 миң сомго). Төрөт бөлүмү 104 миң сомго (“Т. Ибрагимов”шахтасы — 33800 сомго жана башка демоорчулор ремонт жасаганга өздөрүнүн салымын кошкон).
Кенчи айылынын айылдык ден-соолук комитети ФАП куруу үчүн проект жазып 2 миллион 200 миң сомдук проектти утуп алган.Шаардык мэрия 60 миң сом, “Карабулак” шахтасы — 5 мин сом, Кенчи айылынын тургундары 15 миң сом өздүк салымды кошуп ФАП курулган.
СПИД лабораториясына стол, стул, сумка, шкаф бардыгы болуп-35355 миң сомдук Глобалдык фондон берилген.
Шейшептер комплеги 257 — 205810 мин сомго алынган, 74 даана тумбочка ооруканага 163 миң сомго жана 1 балдар үчүн реанимационный стол алынган.
22 мартта Бүткүл дүйнөлүк жаштар уюмунун төрагасынын тарабынан. Медицина кербени Сүлүктү шаарында 7 дарыгер 630 адамды кабыл алып, бекер дары дармектердитаркатып берди. Кыргыз медтехникасынын жана Ош медтехникасынын жардамы менен Жалпы дарыгерлер практика борборунда 24 медициналык аппаратура 94,644 миң сомго оңдотулду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо Министирлигинин талабы боюнча төрөгөн аял жана жаны төрөлгөн ымыркайдын бөлмөсүндө 25 градус жылуулук болуу керектиги зарыл үчүн төрөт бөлүмүндө жылуулук системасын автономдук кылуу учун “Аалам — эне мээрими, Бала кулкусу менен жарык” аттуу Марафон өткөрүлүп 188 миң сомго акча түштү. Мэрия тарабынан 20 миң сом берилген.
Төрөт бөлүмүнүн жылуулук системасыны автономдук кылуу үчүн марафон өткөрүлүп 186 миң сом акчалай түштү. Сүлүктү шаардык кургак учук ооруканасыны ремонттоо үчүн марафон өткөрүлүп 165 миң сом акчалай түштү. Мэрия тарабынан 20 миң сом берилген.
Кышка даярдык үчүн оорукананын жылытуу бөлүмүнүн чатыры жабылды74840 миң сомго. Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жылытуу системасын ондогонго 715 мин сомго ремонт жүргүзүлүп, хирургия бөлүмүнө 7700 сомго линолиум алып берилди. Кабыл алуу бөлүмүнү ондогонго 17 миң сомдук иштер бүткөрүлдү. Дартты аныктоо бөлүмүнү ремонтоо иштерине 23800 сом каражат жумшалган. Хирургия бөлүмүнүн эки палатасын Т. Ибрагимов шахтасы 80 миң сомго евро ремонт жасап берди.
үй-бүлөнү пландаштыруу борборунан 1 комлект компьютер-67650 сомго алып берилген.
Жалпы дарыгерлер практика борборунун жамаатына ОсОО “Кызылбулак” жетекчиси Карабаев И.Ж. бир кап көмүр 100 сомдон 4 миң кап көмүрдү түшүрүп берди.
Шаардын калкын медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча ЖДПБда, санэипд көзөмөл, кургак учук ооруканасында, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда көп жакшы жумуштар аткарылган. ЮНИСЕФтин колдоосу менен төрөт бөлүмүнө ОсОО “Ош строй”-13 терезе, 2 эшик, бардыгы болуп-268,964 миң сомдук жумуш аткарган.
Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна 231,372 сомдук медициналык апаратуралар жана инструменттер берилди.
Сүлүктү ЖДПБда түрткү берүү гранттын эсебинен 997 мин сомдук канализациясын кайра куруу боюнча жумуш аткарылды. Демөөрчүлөр тарабынан бул проектке 100 мин сом, “Кызылбулак”, “Акбулак” шахтасынын жетекчилери берген.
Актилек шахтасынын жетекчиси Жураев Н.Д. 250 мин сомдук стоматологиялык аппаратура алып берди.
Сүлүктү Жалпы дарыгерлер практика борборунун төрөт бөлүмүнүн тепкичтерин жана бөлүмдү ремонттоодо түрткү берүү гранттан 672 мин сомдук долбоор жазылып ремонт иштери бүтүрүлгөн.
35 мин сомго портативный стоматологиялык аппаратураны “Акбулак” шахтасынын жетекчиси Юнусов О.М алып берди.
2014-жылдын материалык техникалык базасы:
Япон посольствосуна “Чөптүн тамыры адамзаттын коопсуздугу” программасына долбоор жазылып 80 мин долларга медициналык аппаратуралар алынып келинген, ооруканада жана амбулаторияда коюлуп иштеп жатат”
Швейцария Красный Крестен 2,200 мин сомго Кенчи айылындагы фельшердик акушердик пунк бүтүрүлүп 7 майдан иштей баштады.
Төрөт бөлүмүнүн жамааты жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен 2014-жылга 77430 сомго ремонт иштери жүргүзүлдү.
Жандандыруу бөлүмүндө бюджеттин эсебинен 358 миң сомдук ремонт иштери жүргүзүлүп бүттү.
Оорукананын тамак жасоо бөлүмүндө 17 миң сомдук ремонт иштери бүткөрүлдү.
Терапия бөлүмүнө “Т.Ибрагимов” шахтасынын жетекчиси 70 метр линолиум алып берди ремонт иштери бүттү.
Август айында 700 миң сомго тендер өткөрүлүп медициналык аспаптар алынып келди.
Бюджеттин эсебинен 58 миң сомго 5 муздаткыч алынып келди.
Октябрь айында медициналык аккредитационный комиссиядан өтүш үчүн бардык бөлүмдөрдө ремонт иштери өткөрүлүп бүттү.
Хирургия бөлүмүнүн ремонт иштерине жеке менчик ”Марипов” шахтасынан-35 миң сом, “Т. Ибрагимов” шахтасынан-5 миң сом, “Кызылбулак” шахтасынан-5 миң сом, “Акбулак” шахтасынан-4 миң сом, “Актилек” шахтасынан-5 миң сом жардам берген.
Оорукананын канализациясы 942 миң сомдук долбоор толук бүттү.
Сүлүктү шаардык Кургак учук ооруканасы 360 миң сомдук ремонт иштерин бүтүргөн, 49 миң сомго чарбалык материалдар алынган, лабораториясынын-12 миң сомго ремонт иштерин бүтүргөн.
2015-жылдын материалдык техникалык базасы:
Жеке менчик “Кызыл-булак” шахтасынын жетекчиси И. Ж. Карабаев, Кольцо айылына 2 млн. 97 миң сомго фельшердик-акушердик пункт куруп берди.
“Нур” шахтасынын жетекчиси Р. Э. Абдуназаров 800 мешок ар бир мешок 100 сомдон 40 медицина кызматкерине көмүр түшүрүп берди.
“Марипов” шахтасынын жетекчиси О.М. Юнусов 200 мешок медицина кызматкерлерине көмүр түшүрүп берди.
Төрөт бөлүмүндө демөөрчүлөрдүн жардамы менен 117 миң сомдук ремонт иштери жүргүзүлдү.
Түрткү берүү гранттын эсебинен Раззаков көчөсүнөн шаардык дартты аныктоо бөлүмүнө жана №5 орто мектебинин алдына чейин жолду асфальтоого республикалык бюджеттен 1 млн. 280 миң сом бөлүнгөн, 120 миң өздңк төлөмдү шаардык мэрия төлөп берди.
Ооруканада ашкана менен кир жуучу бөлүмдүн чатыры толук алмаштырылып бүтүрүлдү.
Ооруканада борбордук медициналык аспаптарды тазалоо бөлүмүндө капиталдык ремонт жүргүзүлдү, таштандыларды таштоо бөлүмүнүн кире берүүчү чатыры ондолгон, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн айланасына даараткана курулган, шашылыш медициналык бөлүмүндө, дартты аныктоо бөлүмүндө ремонт иштери жүргүзүлгөн, флюро кабинеттин, дартты аныктоо бөлүмүнө кире берүүчү чатырлары оңдолгон.
Бөкөнбаев айылында фельшердик-акушердик пункттун көмүр сактоочу склады, дааратканасы, кире берүүчү чатыры ремонттон өткөрүлдү.
Баардыгы болуп ремонтко республикалык бюджеттен 429 миң 300сом анын ичинен бюджеттен 373 миң 300 сом, атайын бюджеттен 56 миң сом сарпталды.
Бюджеттен 250 миң сомго төрөт бөлүмүнө, жандандыруу бөлүмүнө видео байкоо орнотулду, оорукананын дарыканасына сигнализация коюлду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин көрсөтмөсү менен бюджеттен 52 миң сомго 6 КВттык генератор коюлду.
1 сейф 10 миң 800 сомго, китеп шкафтары-15, стол-15, отургуч-12, медициналык шкаф -2 даана, муздаткыч-3 даана, кир жуучу машина-2 даана, 2-компьютер, 3-стабилизатор бюджеттен баардыгы болуп 686 миң 100 сомго алынып берилди.
Республикалык бюджеттен 226 миң 721 сомдук кант ооруларына дары-дармектер келген.
Республикалык инфекциалык көзөмөлдөө борборунан 1-ноутбук, 1-принтер, балдар үчүн ларингоскопия комплект жана медициналык аспаптар, 14-дозатор, бардыгы болуп 196 миң 743 сомго берилген.
Гуманитардык жардам USAIDтин “Туберкулезди жеңем “ программасынан 26 миң 206 сомго медициналык маскалар жана респираторлор келген.
ХОУП программасынан туберкулез менен ооруган 16 адамга 55 упаковка азык-түлүктөр берилген.
Кургак учук ооруканасында бюджеттин эсебинен 24 миң сомго лабораториясында ремонт иштери жүргүзүлдү, 12 миң сомго оорулар үчүн эс алуу шыйпаны курулду.
7 мин сомго спорт аянтчасы курулган.
12 миң сомго спонсордук жардам менен кожолук эмеректер жана дезинфекциялык заттар алынды.
Демөөрчүлөрдүн жардамы менен 21 миң сомго сыналгы алынып берилди.
Сүлүктү шаардык санэпид көзөмөл борбору 60 миң сомго лабораторияга атайын каражаттан реактив алынып берилген.
35 миң сомго бардык медициналык аппараттар госстандарттан өткөргөн.
Бир бөлмөнү 80 миң сомго ремонт жасаган
2016-жылдын материалдык техникалык базасы:
705 миң сомго шашылыш жардам бөлүмү, бюджеттин эсебинен капиталдык ремонт жүрүүдө.
Ооруканадагы медициналык таштандыларды бөлүмү, кир жуугуч бөлүм, оорукананын ашканасы, хирургия бөлүмүнүн операция блогу ремонттон өткөрүлдү 300 миң сомдук бюджеттин эсебинен.
Азыркы убакта 1 миллион 92 миң сомго, түрткү берүү гранттын эсебинен оорукананын ички сырткы суу түтүкчүлөрүнү ондоо ремонт башталды.
2010-жылдан 2016-жылга чейин Баткен облусу боюнча эң мыкты Жалпы дарыгерлер практика борбору болуп келе жатат. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын медицина мекемелеринин арасынан медициналык негизги көрсөткүчтөрүнө жетишкен үчүн “Эң мыкты жамаат” деп табылып 25 миң сомдук сертификат алганбыз.
Сүлүктү шаарынын Саламаттыкты Сактоонун
Координатору,
Жалпы дарыгерлер практика борборунун мүдүрү: А.А.Ибрагимов
21/09/2015


 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *