Негизги кабарлар

27-май рамазан айынын алгачкы күнү деп белгиленди

Асмандын бүркөө болгондугуна байланыштуу ай көрүнбөдү. Ошондуктан үстүбүздөгү Шаабан айын 30на толуктап, 27-май, ишемби күнү улуу Рамазан айынын биринчи күнү деп жарыялайбыз. Тактап айтканда 26-майдан 27-майга караган түнү таңкы саат 03:16да (Бишкек убактысы) ооз бекилип, орозо кармалат. Ал эми тарабих…

"Энелер мектеби" облустук илимий-практикалык конференциясы

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Энелер мектеби» облустук илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Алгач райондогу алдыңкы мектептердин даярдаган окуу куралдарынын көргөзмөлөрү менен конференцияга келген меймандар  таанышып чыгышты. Андан соң  жыйындар залында «Энелер мектеби» облустук илимий-практикалык конференциясы өз ишин баштап аны Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким…

Аркада май куюучу бекеттен өрт чыгып, андан бир адам жабыркап ооруканага түштү

Жаңы-Жер айыл аймагындагы май куюучу бекеттен өрт чыгып, бир адам коңшу Тажикстандын аймактык ооруканасына жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда,Кыргызстан 60-жылдык айылында жайгашкан «Петрогаз» май куюучу бекетиндеги оператордук имаратынан ашкана бөлмөсүнөн газ балондун редукторунан өрт чыккан.…

39 жаштагы Эмманюэль Макрон Франциянын президенти болуп шайланды

7-майда Францияда өлкө президентин шайлоонун экинчи туру өтүп, «Алга!» кыймылынын лидери Эмманюэль Макрон мамлекет башчы болуп шайланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, бюллетендердин 100 пайызы эсептелип бүтүп, анын жыйынтыгында шайлоочулардын Макронго 65,82 пайызы добуш беришти. Анын…

Баткен шаарында согуштун 2 ардагерине «Жигули» үлгүсүндөгү эки унаа беришти

4-майда Улуу Ата Мекендик согуштун Баткен шаарындагы ардагерлери Ашир Рахматов менен Садык Буркановго «Жигули» үлгүсүндөгү эки унаа тапшырылды. Шаар мэри Мамыржан Рахимовдун айтымында, ардагерлер үчүн шаардык бюджеттен 200 миң сом, шаардык депутаттар жана жеке ишкерлер тарабынан 104 миң сом бөлүнүп,…

Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен 2017-жылдын 30-апрели Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-апрелде “2017-жылдын  30-апрелин Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыктын тексти: 2017-жылдын 29-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылдык аймагынын Аюу айылында адам курмандыктарына алып келген жер көчкү болду.…

Икрамжан Илмиянов коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-апрелде кол койгон буйрукка ылайык, Илмиянов Икрамжан Саттарович коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.

БШКнын мүчөлөрү жетекчисине "биз менен макулдашпай туруп сөз сүйлөбөңүз" деп эскертишти

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова комиссия мүчөлөрү менен макулдашпай туруп БШКнын атынан сүйлөбөшү керек. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Назарали Арипов 19-апрелде  SUPER.KG порталына билдирди. Арипов президенттик шайлоо 2017-жылдын 19- ноябрында өтөрүн айткан Шайлдабекованын аракети туура эмес. «Бир эле президенттик шайлоо эмес, бардык маселелерде БШКнын…

Исфана-Бишкек авиа каттамы кайрадан жанданды

«Исфана-Бишкек» маршруту боюнча авиа каттамы кайрадан жанданды. Бүгүн 10-апрель күнү алгачкы авиа рейстин самолету Исфана шаарына келип конду. Эми мындан ары ар жуманын дүйшөмбү күндөрү саат 13-00 дө учмакчы. Өткөн жумада дүйшөмбү күнү белгиленген авиа рейс аба ырайынын жаан чачындуу болгондугунан улам…

Исфана—Сүлүктү унаа жолунунда жер сүрүлүү катталды

Бүгүн 9-апрель күнү түшкө жакын Исфана—Сүлүктү унаа жолунун 14-чакырымын Кызыл-Бел участогунда кызыл топурак сүрүлүп кетип жолду тосуп калды. Анын көлөмү болжол менен 10 миң метр кубга жеткен. Жер сүрүлүүдөн адамдар, авто унаа жана турак үйлөр жабыр тарткан жок. Сүрүлгөн аймак №13…

Самат айылында Кувейттин кайрымдуулук фондусунун көмөгү менен ФАП курулууда

Самат айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункттун имаратынын курулуш иштери башталды. Анын курулушу Кувейттин кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда. Жалпы суммасы 18 млн сомду түзгөн имараттын аянты 240 чарчы метр болуп, 8 бөлмөдөн турат. Келечекте бул мекемеде Исфана шаарына караштуу Самат, Беш-Бала, Калта-Кол…

Авиа жүргүнчүлөрдү эсине

Борбор калаабыз Бишкек шаарына учак менен барууну каалоочулар үчүн кулагына күмүш сырга.  «Исфана-Бишкек» маршруту боюнча авиа каттамы кайрадан жанданмакчы. Тагыраак айтканда, 3-апрель айынан баштап жумасына бир жолу, ар дүйшөмбү күнү саат 13-00 дө учмакчы.  Билет баасы 3900 сомдон 4200 сомго…