Ислам, Ыйман-адеп

Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев кыргызстандыктарды Рамазан айы менен куттуктады

«Урматтуу мекендештер, ага-ини, эже-карындаштар! Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын атынан жана өзүмдүн атыман сиздерди касиеттүү Рамазан айы менен куттуктайм! Алланын белеги болгон, рухий калыптануунун, чын ыкластуулукка жетишүүнүн айы болгон, бактылуу мезгил – Рамазан айы келди. Касиеттүү Куранда, бул айда Аллага жагуучу…

Тайлан орто мектебин 20 жыл мурун аяктаган окуучулар мечитке таза суу чыгарып беришти

Исфана шаарына караштуу Тайлан айылындагы “Тайлан” атындагы орто мектебин мындан 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр  айылдагы “Тайлан” атындагы мечитке таза суу чыгарып беришти. Мындай саамалыкка  айыл эли ыраазычылыктарын айтышып, ак баталарын беришти.    

Жумушуңду берилип аткарганың сени үч нерседен сактайт

Эгер бактылуу жашагың келсе бардык нерсени анализдей, бардык нерсени чечмелей, бардык нерсени тактай бербе. Алмазды тактап табам деген адам  көмүрдү казып алышы турган кеп. Сен ыйлап төрөлгөндө адамдар күлүп, кубангандыгын эсиңден чыгарба! Сен көз жумган күнү адамдар ыйлап кайгырышат, ошол күнү…

Муфтийликти көздөгөн үч талапкер аныкталды

Жаңы муфтийдин шайлоосуна үч талапкер — азыркы муфтий Максат Токтомушев, Чубак Жалилов жана Ниязалы Арипов катталды. Бул туурасында Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди. «Кыргызстан муфтийлигине талапкер Муфтийди шайлоо 4-апрелге коюлган. Ага чейин атайын комиссия…

Лейлекте “Бир момунга бир дарак” акциясы өтүп, 2000 түп көчөт отургузулду

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын №68 жана №98 буйругун ишке ашыруу максатында Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуртовдун тапшырмасы менен Лейлек районунда “Бир момунга бир дарак” аттуу айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу акциясы уюштурулду. Акцияга райондун аймагында бардык дин кызматкерлери катышты. Лейлек…

Адеп-ахлак жана сый-урмат (Жума худбасы)

Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Улууларыбызды сыйлабаган, кичүүлөрүбүздү ызаттабаган адам, бизден эмес»- деп айткан. «Улууга урмат, кичүүгө ызаат» — деген ата-бабанын накыл сөзү бар. Бул макалдын түбү жогорку хадиске барып такалат. Ата-бабаларыбыздын жашоолору дин менен болгондуктан көптөгөн хадистер…

Жума худбасы

Эң жакшы, Эң касиеттүү, Эң бактылуу… Эң жакшы сөз Алла Эң жакшы үн Азан Эң жакшы китеп Куран Эң касиеттүү жер Мекке Эң касиеттүү ай Рамазан Эң жакшы иш Садака (берүү) Эң жакшы касиет Орозо Эң жакшы аңгеме Хадис Эң…

Арипов Ниязали Турдалиевич

Ниязали Арипов 1974-жылы 17-майда Баткен облусунун Лейлек районунуна караштуу Кара-Булак айылында туулган. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин теология факультетин аяктаган. Жогорку билимдүү. Эмгек тажрыйбасы: 2003 — Эмгек жолун Ош технологиялык университетинин «Эл аралык мамилелер» факультетинде араб тили боюнча окутуучулуктан баштаган 2005-2010 — Ош…

Лейлек районунун борбордук мечитинде, Дача-Суу айылындагы авия кырсыктан каза болгондорго багыштап куран окулду

20-январь күнү, Лейлек районунун борбордук мечитинде Дача-Суу айылындагы авия кырсыктан каза болгондорго багыштап куран окулду. Жума намазга келген момун мусулмандар авия кырсыктан жабыр тарткандар үчүн материалдык жардам да көрсөтүштү. Райондун баш имам хатиби Медер ажы Намазбаев: «Жыйналган акча каражаты Кыргызстан…

Баткен облусундагы имамдар иш кагаздарды туура жүргүзүү тартиптерин үйрөнүштү

Баткен казыятынын катчылык, кадрлар жана маалымат кызматы жана Стимул коомдук фонду биргеликте Баткен облусунун аймагындагы шаар, райондун баш имамдарына жана катчыларына иш кагаздарды жүргүзүү эрежелери боюнча окуу семинарын өткөрдү. Окуу семинарын КМДБнын юристи Нурбек Ысманов өтүп, делолордун номенклатурасы, иш кагаздарынын…

210 кг. эт таратылды

Исфана шаардык мэриясы жана шаардык кеңеши тарабынан, шаар аймагындагы жардамга муктаж, социалдык абалы оор 105 үй-бүлөлөргө ар бирине 2 кг. эт таратылды. Мындай кайрымдуулук иштери  Курбан Айт майрамынын урматына жума күнү аткарылды.