ЛЕЙЛЕК

477156309

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын блогу

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким:

БЕКМУРАТОВ БАЙМУРАТ АСАТОВИЧ

 

аким

              Бекмуратов Баймурат Асатович 1961-жылы 2-сентябрда Лейлек районунун Искра айылында туулган. 1983-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун ийгиликтүү аяктап, инженер-технолог адистигине ээ болгон.

              Эмгек жолун 1983-жылы ФПИнин ТООП кафедрасында ага лаборант болуп баштаган. 1985-жылы ушул эле кафедранын башчылыгына дайындалган. 1986-жылы ЛКСМдин Биринчи Май райондук комитетинин алдындагы ТФнын комсомол комитетинин катчысы болуп дайындалып, ушул эле жылы ФПИнин ТООП кафедрасына стажер-изилдөөчү болуп которулган.

1987-1988-жылдары ФПИнин МАПП кафедрасында кенже илимий кызматкер болуп иштеп, 1988-1990-жылдары №241 аскер-соода, “Кыргыз керек-жарак союз” тармактарында инженер-технолог кызматын аркалаган.

              1991-жылы Лейлек даярдоо конторасына товаровед болуп которулуп келген. 1994-жылдан 2000-жылга чейин “Евгения” ПКФнда директор болуп эмгектенген. 2000-2004-жылдары “Туўгуч”АКнун төрагасы, 2004-2008-жылдары Лейлек киновидеодирекциясында директор, 2008-2009-жылдары “Байтүшүм” МККда кредиттик адис, 2009-2012-жылдары жеке ишкер, 2012-жылдан азыркы мезгилге чейин Сумбула айыл Өкмөтүнүн башчысы кызматын абийирдүү аркалап келди.

              Бекмуратов Баймурат Асатович КР Премьер-министринин 2016-жылдын 25-февралындагы №99 буйругу менен Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп дайындалды.

              Баймурат Асатович үй-бүлөлүү, 5 баланын ардактуу атасы.

 Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Исаев Абдыкасыт Абдулакимович.  
катыран
 
 Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары
 

 
Ташполотова Марипат
 
 
Исфана шаардык кеңешинин төрагасы

Бакытбек Тагаев

 
Исфана шаарынын мэри  —  Анарботоев  Абдулмухтар Дастанович.
abdulmuhtar-anarbotoev
 

  • Кулунду а/округунун башчысы  —               Сулайманов Кубатбек Абдуллаевич.

кулунду

  • Ак-Суу а/округунун башчысы  —                   Халмуратов Алымбек Турдыбаевич.

аксуу

 

  • Жаңы-Жер а/округунун башчысы —           Эгемберидиев Саатбек Искендерович.

жаны жер

  • Бешкент а/округунун башчысы —               Алимбеков Таалайбек Авазович. 

бешкент
 

  • Маргун а/округунун башчысы —                  Баетов Медербек Мырзабекович.

Маргун

  • Тогуз-Булак а/округунун башчысы —
  • Лейлек а/округунун башчысы —                   Кадыров Таалайбек  Авазбекович.

лейлек

  • Катыраң а/округунун башчысы —                

 
 
 

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУ

Географиялык абалы,
калкы, жаратылыш шарттары

Лейлек районунун аянты 4,66 миң км. Акыркы эл каттоо боюнча калкы 115,3 миң адамды түзөт. Анын аймагы 9 айыл өкмөтунө жана 1 шаар башкармалыгына бөлүнгөн. Лейлек району Баткен областынын батыш тарабынан орун алып, калганы үч жагынан (түштүк-батыш жана түштүк) Тажикстандын Исфара, Канибадам, Хожент, Пролетарск жана Айни райондору менен чектешет. Район геосаясат жактан, өтө маанилүү жерден орун алган. Мындайча айтканда. Фергана өрөөнүнүн эң кууш жери менен чектешет. Тажикстан менен чектешип турат. Райондун аймагы деңиз денгээлинен 400ден 5000 метрге чейин бийиктик ортосунда орун алган. Мындайча айтканда, анын көпчүлүк бөлүгүн Туркестан кырка тоосу ээлеп жатат. Анын түндүк бөлүгү Фергана өрөөнүнүн түздүктөрүнөн башталып, Арка жана Кулунду өрөөндөрүнө өтүп, акырындык менен тоолорго туш болот, андан ары райондун бүткүл түштүк бөлүгүн ээлеп жаткан Туркестан бийик тоо кыркасына өтөт. Бирок бул бийик тоо менен бөксө тоолордун ортосунда дыйканчылыкка өтө ыңгайлуу Карабулак, Маргун, Исфана. Кара-Суу жана башка 1000-1500, бийиктиктеги тоо арасындагы өрөөндөр жатат. Мындайча айтканда, райондун рельефи өтө контрасттуу келип, ар түрдүүлүгү менен айырмаланат.

Биздин райондун аймагындагы тоолордун, бөксө тоолордун, ойдуңдардын пайда болушунда геологиялык доорлордун таасири зор болгон. Ошондой болсо да, Туркестан тоо кыркаларынын калыптанышында айрыкча полеозой доору өтө күчтүү таасир эткен. Бул тоолордо кезигүүчү акиташ кварцтык-хлориддер, вулкандык слансигер, гранитгер. кремнийлер, кумдар жана башка тсктер ошол доорго байланыштуулугун айгинелейт. Перм, Юра, Бор, мезгилинде көпчүлүк жерлер жылуу деңиз суусу менен капталып жатса, райондун орто бөлүгүндө чытырман токойлор өсүп турган. Бул доорлордун күбөсү катарында батыштан чыгышка карата созулуп жаткан өтө кубаттуу ак кум, көмүр, кызыл кум. бор тсктери. кызыл тустегу топурак катмарлары болуп саналат.





Айыл турмушу: Лейлектин Арка айылынын тургуну Э.Бахавадинов Жапониядан билимин өркүндөтүп келип, райадминистрацияда кызмат кылууда

Арка айылынын тургуну Эрмек Бахавадинов Жапония өлкөсүндө билимин өркүндөтүп келип, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы болуп иштөөдө.
Анын айтымында, Жапонияга барганга чейин эле Лейлек райондук мамлекеттик администрациясында эмгектенип жүргөн. 2012-жылы Кыргыз Республикасы менен Жапон өлкөсүнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы атайын келишимге ылайык Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жана квалификациялык деңгээлин жогорулатуу максатында мамлекеттик кызматкерлер арасында сынак жарыяланган. Ошого катышып Жапон мамлекетинин түштүк аймагында жайгашкан Кюсю аралындагы Азия-Тынч океан Рицумейкан эл аралык университетинин эл аралык мамилелер саясаты факультетинин магистратура бөлүмүнө өтүп, 2 жыл билим алган.
«Мен билим алган окуу жай Жапон мамлекетиндеги эң жаш университеттердин бири экен. Ал 2000-жылы негизделип, Жапониядагы эң кымбат алдыңкы беш университеттин катарында турат. 6000ден ашуун студент окуп, алардын 50%ынан көбүн чет өлкөлөрдөн баргандар түзөт. Шарттары да ыңгайлуу. Стипендия менен окуганга, өз алдынча төлөп окууга, келишимдин жарымын төлөп, бош убакта университетте иштөөгө жана үй-бүлө менен жашоого да мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ал эми илимий изилдөө ишиме токтолсом магистрдик диссертацияда суу көйгөйү тууралуу изилдөө иштерин жүргүздүм. Алсак, Борбор Азияда эле эмес бүтүндөй дүйнө жүзүндө сууга болгон муктаждык жакынкы 20-30 жыл ичинде биринчи орунга чыгаары белгилүү болуп калды. Сууга ээлик кылуу коңшулаш мамлекеттер ортосунда эле эмес, бир мамлекеттин ичиндеги эки райондун, эки айылдын жада калса эки адамдын ортосундагы талаш маселеге айланды. Ошондон улам ушул багытта изилдөө иштерин жүргүзүп, Жапон мамлекетинен тышкары Филиппинде атайын жолугушууда презентация жасап, дүйнөнүн ар кыл мамлекеттеринен келген суу боюнча эксперттер менен өз ара талкууладык. Жыйынтыгында магистрдик диссертациямды жазып, сунуштарымды илимий жетекчиме берүү менен магистрдик диссертацияны ийгиликтүү жактадым», – дейт Э.Бахавадинов.
Ошондой эле, Эрмек мырза жапон элинин билим берүү системасы менен элинин каада-салты тууралуу да токтолуп өттү.
«Жапондордун билим берүү системасы тууралуу айтсам, алардын мектептеринде жаңы окуу жылы 1-апрелден тарта башталат. Ал эми окуу жылынын аягы 20-мартта бүтөт экен. Мындан улам 10 күн эле каникулга чыгышып, калган убакта сабактар менен алек болушат. Калкы абдан меймандос келип, салттарын бекем сакташат. Эне тилин да абдан аздектеген эл экен. “Кечирип коюңуз”, “рахмат” деген сөздөрдү көп айтышат. Эгерде бул сөздөрдү колдонбосоңуз иштин ийгиликтүү болушу күмөн. Мындан тышкары айрым салттары кыргыздардыкына окшошуп кетет экен. Маселен аларда да аял, эркек чайканага бирге барып калса эркектерди төргө өткөрүп, аялдары кызматта турушат. Улуу, кичүү дебей бири-бирине ийилип салам беришип, ынтымакта жашашат. Өмүр бою байлык топтоого деле кызыгышпайт. Айрымдары үй да салбастан, батирде жашап өмүрүн өткөрүшөт экен. Саясатка аралашуу аракети такыр жок. Ар ким өз иши менен гана алек», – деп сөзүн жыйынтыктады Э.Бахавадинов.

 

Катыран айылында «Алтын-Бешик» бала бакчасы өз ишин баштады

katran
Лейлек районунун Катыран айылындагы «Алтын-Бешик» бала бакчасынын ачылыш аземи болду.
Жергиликтүү тургундар маалымдагандай, бала бакчанын имаратын оңдоп-түзөө иштери үчүн республикалык бюджеттен 3 млн. 400 миң сом каралган. Ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан керектүү эмеректерди алууга акчалай жардамдар көрсөтүлдү.
«Ал эми бала бакчанын тарбиялануучулары жергиликтүү бийликтин жана ата-энелердин көмөгү аркылуу ысык тамак менен камсыз болууда», — дешет алар.
Учурда бала бакчада 90 бала тарбияланууда.
Ал эми бул айылда 3 миң адам жашаса, алардын жарымын мектеп жашына чейинки курактагылар түзөт.
Turmush —  25.01.2016
Лейлек районунда 34 окуучусу облустук предметтик олимпиадага тандалды
Лейлек районундагы мектептердин 34 окуучусу облустук олимпиадага жолдомо алышты. Бул тууралуу Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-январда өткөн предметтик олимпиадага 67 орто мектептин окуучулары катышып, жыйынтыгында 15 орто мектептин 40 окуучусу 1-орундарга ээ болушту. Анын ичинде эң көп орун алган орто мектеп болуп №3 гимназия табылды.
Ошондой эле №1 гимназиянын 7 окуучусу, Ю.Гагарин атындагы орто мектептин 3 окуучусу, Кыргызстандын 60-жылдык орто мектебинен 3 окуучу, №2 гимназиянын 2 окуучусу, Андарак орто мектебинен 2 окуучу, Б.Саттаркулов орто мектебинен 2 окуучу, А.Навои атындагы орто мектептин 1 окуучусу, Бабур орто мектебинен 1 окуучу, Жаңы-Турмуш орто мектебинен 1 окуучу, Маданият орто мектебинен 1 окуучу, Бел-Алма орто мектебинен 1 окуучу, Жаштилек орто мектебинен 1 окуучу, Х.Боронбаев орто мектебинен 1 окуучу ийгиликке жетишти.
Тандалган 40 окуучунун ичинен 34 окуучу облустук турга катышат. Ал эми калган 6 окуучу күч сынашкан предметтер блустук турдун предметтик тизмесине кирген эмес.
Жыйынтыгында Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Р.Амирова жеңүүчүлөргө ийгилик каалап, алардын облустук турга катышып келүү үчүн ар тараптан колдоо көрсөтүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырды.
• Turmush — 26.01.2016
 
Быйыл Лейлекте Тарых жана маданият жылына карата 35 иш-чара өткөрүлөт.
Быйылкы жылы Тарых жана маданият жылына карата Лейлек районунда өткөрүлө турган иш-чаралар бекитилди.
Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы билдиргендей, КРнын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана КРнын президентинин жарлыгына ылайык тийиштүү иш-аракеттерди көрүү жана жогорку деңгээлде өткөрүү максатында Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын атайын буйругу кабыл алынды.
«Буйрукка ылайык 2016-жылдын ичинде КРнын көз карансыздыгынын 25 жылдыгын өткөрүү боюнча атайын уюштуруу тобу түзүлүп, анда райондук деңгээлде өткөрүлө турган жалпы 35 иш-чара бекитилди», — деп билдирди администрация.
Turmush — 26.01.2016
Катран айылы таза суу жана жаңы көпүрө менен камсыз болду
Катран айыл аймагына караштуу Козу-Баглан айылы ичүүчү таза суу менен камсыз болду.
Айыл аймагынын башчысы Абдикасыт Исаев билдиргендей, демөөрчүлөрдүн жардамы менен аталган айылга суу чыгаруучу мотор орнотулуп, айыл элинин көйгөйү чечилди.
«Ошондой эле айылга ӨКМ тарабынан 4 млн сомдук көпүрө курулду. Үстүбүздөгү жылы бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен мөмө-жемиштерди иштетүүчү ишкана куруу жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга көңүл буруу каралууда. Андан сырткары Баул айылындагы 1935-жылы салынган эски мектептин ордуна жаңысын курууну пландап жатабыз», — деди А.Исаев.
Ал белгилегендей, Катран айыл аймагы облустан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган айыл аймакка 4 айыл карап, жалпысынан 10 миңден ашык адам жашайт. Бул аймакка 2015-жылы 40 млн сомдук инвестиция тартылган.
Turmush -26.01.2016
 
Сельская управа Тогуз-Булак Баткенской области нанесла ущерб государству на сумму более одного миллиона сомов
Сельская управа Тогуз-Булак Баткенской области нанесла ущерб государству на сумму более одного миллиона сомов. Нарушения выявили сотрудники Государственной службы по борьбе с экономическими преступлениями по Баткенской области. Об этом сообщили в ГСБЭП.
По их данным, глава сельской управы Тогуз-Булак Баткенской области грубо нарушил закон КР «О государственных закупках». Уголь, рыночная стоимость которого составляла около 2 тысяч сомов, был закуплен по 6 тысяч сомов за тонну, то есть в три раза дороже. Таким образом государству нанесен ущерб, по предварительным данным, в размере 1 миллиона 160 тысяч сомов.
По данному факту следственный отдел УГСБЭП по Баткенской области возбудил уголовное дело по статье 189 УК КР. Ведется следствие.
«24.kg» 29/01/

2 комментариев к “ЛЕЙЛЕК

Добавить комментарий для jetinur Отменить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *