Жаңы-Жердеги Жаштык айылында ооганчыларга эстелик тургузулду

Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык айылында Ооган согушунун катышуучуларына тургузулган эстеликтин ачылыш аземи болуп өттү. Маалым болгондой, иш-чара Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы, аталган райондогу Ооган согушунун ардагерлери, Баткен облусунун Ооган согушунун ардагерлеринин коомдук уюмунун төрагасы, чек ара кызматкерлери, милициянын…

Улуу жеңиштин урматына

Республика — Ата Журт саясий партиясынын Лейлек районундагы бөлүмүнүн демилгеси менен Улуу Жеңиштин 72 жылдыгынын урматына 8-май күнү Самат айылында, 9-май күнү Исфана шаарында спорттун (мини футбол, гиря көтөрүү, шахмат ж. б.) түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Байгелүү орунду алгандарга акчалай сыйлыктар берилет.

Баткен шаарында согуштун 2 ардагерине «Жигули» үлгүсүндөгү эки унаа беришти

4-майда Улуу Ата Мекендик согуштун Баткен шаарындагы ардагерлери Ашир Рахматов менен Садык Буркановго «Жигули» үлгүсүндөгү эки унаа тапшырылды. Шаар мэри Мамыржан Рахимовдун айтымында, ардагерлер үчүн шаардык бюджеттен 200 миң сом, шаардык депутаттар жана жеке ишкерлер тарабынан 104 миң сом бөлүнүп,…

Өзбек дарчылары Исфанада

Өзбек Республикасынан келген цирк тобу 2-майдан 9-май күнүнө чейин өз өнөрлөрүн Исфана шаарынын борбордук стадионунда көрсөтөт. Цирк тобунун курамында маскарапоздор, жанглер-акробаттар жана дарчылар коштоп келишкен.

Футбол боюнча мелдеш

1-май эмгекчилердин бүткүл дүйнөлүк тилектештик күнүнө карата, «Бүркүт» футбол командасынын демилгеси жана райондук администрациясынын колдоосу менен шаардын борбордук стадионунда, 50 жаштан жогорку курактагылар арасында кичи футбол боюнча райондук мелдеш өткөрүлдү. Онго жакын куралган командалар беттешип байгелүү орундар үчүн таймашуу өтө курч…

Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен 2017-жылдын 30-апрели Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-апрелде “2017-жылдын  30-апрелин Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыктын тексти: 2017-жылдын 29-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылдык аймагынын Аюу айылында адам курмандыктарына алып келген жер көчкү болду.…

Жумушуңду берилип аткарганың сени үч нерседен сактайт

Эгер бактылуу жашагың келсе бардык нерсени анализдей, бардык нерсени чечмелей, бардык нерсени тактай бербе. Алмазды тактап табам деген адам  көмүрдү казып алышы турган кеп. Сен ыйлап төрөлгөндө адамдар күлүп, кубангандыгын эсиңден чыгарба! Сен көз жумган күнү адамдар ыйлап кайгырышат, ошол күнү…

Голбо айылына жаңы маршруттук каттам ачылды

Жакынкы күндөрдөн баштап Исфана шаарынан Голбо айылына карай жаңы маршруттук такси каттамы ачылып, аталган айыл тургундарына шаарга каттоо үчүн бир топ ыңгайлуу болуп калды. Жол кире акысы 15 сом.

Маданият жаңылыктары

Өнөрпоздор  Ак-Суудагы  чек арачыларда Райондук  маданият  үйүнүн чыгармачыл  тобу  Ак-Суу тозотунун жоокерлерине  маданий кызмат  көрсөтүү  максатында  чакан программадагы  концерт  менен мейманда болушту. Мекен сакчылары  өздөрунун  аткарып жаткан атуулдук милдеттери, жашоо шарттары  менен кенири  тааныштырып,  өздөрү кызыккан  суроолору менен пикир алышууга …