Бүгүнтөн баштап жаңыртылган 50 жана 100 сом номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө чыкты

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/18 «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 2016-жылы чыгарылган IV сериясындагы жаңыртылган банкнотторун жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө» токтомуна ылайык, 2017-жылдын 1-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн…

Сумбула айыл өкүмөтүндө 186 баатыр эне бар

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүндө жалпы 186 баатыр эне бар. Аларга мамлекет тарабынан кандай жардамдар көрсөтүлөт, алардын жашоосу кандай болуп жатканы тууралуу билип көрдүк. Адегенде Сумбула айыл өкүмөттүн социалдык коргоо боюнча адиси Кутмат Убайдуллаев менен маек курдук. Саламатсызбы? Сумбула айыл…

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынды

«Ата Мекен» партиясынын лидери  Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук сотунун судьясы кабыл алды. Текебаевдин жактоочусунун айтымында, митингчилерден чочулоо болгондуктан Ө.Текебаевдин баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунун имаратында эмес, мурунку аскердик соттун имаратында өткөн.

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши козголду.

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бир топ массалык маалымат каражаттары жызып чыкты. Камакка алуунун негизги себеби катары орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү болууда деп айтылууда.

Жаңы мечит пайдаланууга берилди

Исфана шаарынын 2-кичи районунда жаңы курулган мечит пайдаланууга берилди. Жаңы мечиттин ачылуу аземине Лейлек районунун акими Б. Бекмуратов, Исфана шаарынын мэри А. Анарботоев, Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун имам-хатибдери жана алыс-жакындан чакырылган коноктор катышышты. 350 кожолуктан турган 2 кичи районунун калкы үчүн…

Сүлүктүдө "Ак кар" майрамы белгиленди

Салтка айланган “Ак кар” майрамы быйыл да Сүлүктү шаарында жогорку деңгээлде уюштурулду. Шаардык мэриянын демилгеси жана шаардагы мекеме-ишканалардын колдоосу менен Кошбулак аймагында өткөрүлгөн майрам шаар тургундарынын катышуусунда шаңдуу маанайда өттү. Шаардагы ишканалардын даярдаган оюн-зоок жана концерттик программалары да көрүүчүлөр тарабынан…

“Кыргыз нуру” – кыргыз ыры — кыргыз кызы!

Сүлүктү шаарынын таланттуу кызы, ырчы, обончу жана элдик ырлардын мыкты аткаруучусу Надирабегим Исабекова тууралуу канча жакшы сөз айтсак да жетишсиз. Өзүнүн жаштыгына карабай чыгармачылыкка баш-оту менен киришип, көптөгөн областык сынактардын жеңүүчүсү болгон. Көп жылдан бери Сүлүктү шаардык маданият сарайынын мүдүрү…

Ватсап запустил новую функцию

Новая функция позволяет делиться фотографиями и видео, которые можно украсить рисунками, текстом и смайликами. В мессенджере Ватсап появилась функция публикации самоуничтожающихся сообщений, которая заменит собой прежние текстовые статусы, отображавшиеся рядом с именем контакта, передает Life.ru. Новая функция позволяет делиться фотографиями и…

Исфана шаарынын бюджети 53 млн, сомдон ашык каражат менен бекитилди

Исфана шаарынын бюджети 53 млн 374 миң 500 сом менен бекитилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, шаардык кеңештин кезектеги сессиясында шаар мэринин 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча отчету угулду. Сессияга жалпы 31 депутаттан 27 депутат катышып, отчёт бир добуштан…

23-февраль — эс алуу күнү

КРнын эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, 23-февраль жумуш күнү эмес болуп эсептелет жана 26-берене боюнча 22-февралда иш убактысы 1 саатка кыскартылат. Мекенди коргоочулардын күнүн майрамдоого байланыштуу 23-февраль календарда кызыл менен белгиленди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги белгиледи. КРнын Эмгек…