Куттуктоолор

10632851_1506034029639101_8254539897377219756_n

АБДУВАХАБ  ИНИМЕ  АК  ДИЛДЕН

(Эр ортону – 50 жашын куттуктап)

“Атадан 3 түрдүү бала туулат: 1-атадан кем бала,

2-атага тең бала, 3-атадан артык бала,

атаңдан артык болгун, уулум!”.

Кыргыз эл макалы.

 

Адам баласынын табияты табышмактуу да, татаал да, анан таң каларлык касиетке ээ. Наристе чакта тезирээк эле эрезеге жеткенди, мектеп босогосун жаңы эле аттап жатып, аны батыраак эле бүтүрүүнү, айтор, бүгүн – эртеңди, быйыл – эмики жылды, кычыраган кышында – жадыраган жазды самап, сагынып, эңсеп, делөөрүп да, делбеленип, кай жаккадыр ар дайым шашылып жүргөнүбүз-жүргөн. Аттиң, бирок, ошол эле мезгил агымында өмүрүбүздүн аласалып агып баратканын, четинен секунд санап кетилип-кемип баратканын элес албайт экенбиз. “Эң эле арзан, анан да бааланбаган нерсе – бул убакыт, өмүр жана ден-соолук” – деген сөз ошондон улам айтылып калган болсо ажеп эмес.

Убакыт учкан куштай зымырылып, албуут суудай атырылып, кечээки эле чыт курсак наристелердин алды ак кар, көк муздуу 60тын дабаанына жакындап, арты эр ортону – 50 жаштын каалгасын кагып, терезесин чертип калыптыр. Эсил кайран СССР менен май-көл, сүт-көл социализм доорунун нанын жеп, тузун татып, балкаймак балалык чагы азыркыдай “бай”, “кедей”, “кембагал” деген түшүнүктөр түшүнө да кирбей чоңойгон муундун өкүлү, мен өтө сыйлаган, чын ыкластан баалап-барктаган инилеримдин бири – сүлүктүлүк Жалил уулу Абдувахаб да ана-мына дегенче, ачып-көздү жумганча ошол кутман куракты желкелеп калыптыр, атаңгөрү десең.

Демейде жакшы адам тууралуу сөз айтуу ары оңой да, ары кыйын экенин бүгүн дагы бир сездим. Оңою – аны менен бала кезден чогуу ойноп чоңоюп, кийин эр жеткенде бир топ жылдар бою ар кайсыл тармактарда ийиндеш иштешип, кесиптеш-кешиктеш болуп, ортодо орою суук осолдуктун, кылдан ичке кыйкымдын болбогону, кандай гана шарт, жагдай, турмуштук кырдаал болбосун, ырайы ысык мамиле, азыр азыраак бааланып калган ага-иниликтин изги бийиктигинде калгандыгыбыз болсо, кыйыны – ал жөнүндө ушунча мезгилден бери (шарт дагы, мүмкүнчүлүк да болгону менен) бир ооз жылуу сөз айтууга жарай албай келгендигим. Ошол кенемтени азыр аз да болсо да толтуруп коюу мүмкүнчүлүгү жаралганына шүгүрчүлүк.

Абдувахаб экөөбүз бир айылданбыз. Айылыбыздын аты – “18-шахта” эле (кээде “Кош-Булак” деп да койчубуз). Ошол кездин мен үчүн бир артыкчылыгы, кымбаттыгы, азыр ойлосом, улуусу да, кичүүсү да кадимки бир курактагы балдар сындуу, азыркыдай бөлүнүп-жарылбай, чогуу ойноп, ар дайым чогуу-чаран жүрчү элек. Алардын үйүнүн алдында шахтанын темир-бетондон курулган (жарымы жер астында, жарымы үстүндө) хаузу (суу сактагычы) боло турган. Ошол хауздун үстү демейде биздин оюн аянтчабыз болуп, аерде жазында болобу, кышында болобу ар дайым ашык ойночубуз. Эң популярдуу оюнубуз – “круг” (тегерек) эле (азыркы “Ордо” оюну), бирде утуп, бирде утулуп, айтор оюнга эзелим тойчу эмеспиз. Кышында чана, жылгаяк тээп, кар үстүндө хоккей ойноп, жазында 18дин тоолорунан байчечекей, кызгалдак терип, козу-улак багып, жайында болсо “камерондун” капкара суусуна чамбыл-ала болуп чөмүлчүбүз. Анан, шахтадан топ-топ болуп алып көмүр, карагай отун ташычубуз.

Баса, оюн демекчи, биздин убактагы балдардын оюндары өтө эле көп болчу. “Чикилдак”, “күлөк”, “паара”, “эшек минди”, “тах-тах”, “бекинбечек”, “ак чөлмөк”, дагы толгон-токой. Азыр, тилекке каршы, ал оюндардын бири да калбады. Ошондогу балдардын азы менен гана учурашып калбасам, көбү ар кайсыл тараптарда турмуш арабасын тартып жүрүшсө керек. Эх, алтын балалык!..

Ошентип, балалык чак да тез эле өтүп кетти. Кийин, аскерден келген соң, шахтада, шахта курулуш башкармасында, шаардык гезитте, билим берүү бөлүмүндө иштеп калдым. Абдувахаб менен ошондон тартып тез-тез жолугушуп, кийин чогуу иштеп калуу насип этти. Кандай гана эсте каларлык күндөр өттү.

Жашоодо идеалдуу, төгөрөгү төп, кем-кетиксиз адам болгон эмес, болбойт дагы. Жашоо ошонусу менен кызык го. Деген менен, адам баласына гана таандык боорукерлик, айкөлдүк, кайрымдуулук, сабырдуулук, жөнөкөйлүк, эмгекчилдик менен адилеттик сыяктуу көзгө көрүнбөгөн, колго урунбаган ажайып сын-сыпаттар Абдувахапта да бар деп коркпой эле айта аламын. Бул — курулай мактоо, кошоматка кой союп, жагалдануу эмес. “Казанда болсо – чөмүчкө чыгат” демекчи, дал ошол сыпаттары менен, анан да дээринде, көкүрөк-көрөңгөсүндө бар жигит тепкичтен-тепкичке тез эле көтөрүлүп, билим берүү тармагынын бардык баскычтарынан кабагым-кашым дебестен өтүп, бир топ жылдардан бери тоочулар калаасынын билим берүү бөлүмүн камчы салдырбай жетектеп келатканынын өзү эле көп нерседен кабар берип тургансыйт. Баса, өткөндө эски фото-сүрөттөрдү аңтарып олтуруп, балалык кездеги сүрөттөрдөн өзүмдүн, досторум менен Авбувахабка окшогон кымбат инилердин элестерине жолугуп, ошол учурда азыркы күндөгү ал-ахыбалыбызды элестете албаганыбызды эстеп, аябай таң калып, мезгилдин өктөмдүгүнө, учкулдугуна дагы бир ирет тан бердим эле.

Абдувахаптагы мен баалаган жана жактырган дагы бир жакшы сапаттары – ал өз ишине болгон бийик жоопкерчилиги, анан да өтө пунктуалдуулук менен тыкандыгы, бийик интеллектуалдык деңгээли менен терең дүйнө таанымы, адамдарга болгон астейдил мамилеси. Бул нерсеге мен бир топ жылдар мурда (ал жаңыдан жетекчи болуп дайындалган кезде) күбө болгонмун. Аны куттуктап койоюн деп атайын келип, кабинетинде сүйлөшүп жатып, сөздөн-сөз чыгып, өткөн-кеткен күндөрдү эскерип олтуруп, бир кезде: “Сизге бир нерсе көрсөтөйүнбү?” – деди да, кабинетиндеги китеп текчесинен бир калың папканы алып, менин алдыма койду. Ачып карасам, папканын ичинде менин ар кайсыл жылдарда жазылган аңгеме, ыр, сценарий ж.б. жазууларым экен. Чынында, мен аларды жоготуп жиберген болчумун (топтогонго аракет да кылбасам керек). Мен аябай таң калып, Абдувахаптын  тыкандыгына, кол жазмаларга болгон урматына тан берип, рахматымды айтканым күнү бүгүнкүдөй эсимде.

Абдувахаб өзү кесиби боюнча тарыхчы болгону менен адабиятка, маданиятка жана искусствого өтө жакын инсан. Учурда поэзияны мындай кой, китеп, мезгилдүү басма сөзгө көз жүгүрткөн жетекчилер аз эле. Ал эми Абдувахаптын кыргыз акын-жазуучулары болобу, дүйнөлүк классиктер болобу, такай окуп, дүйнөдөгү өзгөрүүлөр, жаңылыктардан кабардар болуп, ал турсун гезитке ар кандай жанрдагы макалаларды жазып, жарыялап  турганынан кабарым бар. Бир топ жылдар бою шаардагы ар кандай деңгээлдеги маданий-массалык иш-чаралардын сценарийин жазып, алып баруучулук милдетти аркалап келгендигин да шаардыктар жакшы билишет. Бала кезинде, мен билгенден ал шаардагы музыкалык мектепке каттап, аккордеон да ойноп жүрчү эле. Орус туугандардын “Талантливый человек во всем талантлив”, ал эми өзүбүздүн “Бу чарөнөр жигит!” дегениндей, иним ушундай таланттуу жигит.

Менин эсимден эзелим чыкпас дагы бир окуяны айта кетпесем болбос. Райондук “Ата Журт” гезитинде башкы редактордун орун басары болуп иштеп жүргөн кезим. Бир күнү Сүлүктүдөн кабар келип калды, Абдувахаптан экен. “Сизди кыргызга таанымал сүлүктүлүк чыгаан акын катары сыйлап, шаардык маданият Үйүндө чыгармачыл кечеңизди өткөрөлү деп чечтик” – деп жазыптыр. Ошентип, Абдувахаб инимдин жеке демилгеси менен менин алгачкы чыгармачыл кечем жогорку деңгээлде өтүп, ага Бишкек, Ош шаарларынан бери акын-жазуучулар келип, райондон, шаардан чакырылган чыгармачыл инсандар, жөн эле чыгармачылыкты сыйлай билген шаар тургундары, алардын ичинде шаардын ардактуу аксакалдары – ыраматылык Пахриддин, Тургун авалар да катышып, аябай жакшы таасир калтырган эле.

Өткөн кылымдын 93-жылы мен турмуш-шартка байланыштуу Исфана шаарына көчүп кетип, ошол жакта иштеп калдым. 1998-жылы Лейлек менен Сүлүктү кошулганда, шаарга кайтып келип, 1 жылча шаардык администрацияда мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адис болуп, Авбдувахаб, Алмаз, Камалидин сындуу инилер, Марзия, Максатай ж.б. карындаштарым, Мамбет, Чолпонбек агалар менен бирге иштедим. Бир жыл болсо да эски достор менен мамиле-алакам ого бетер чыңдалып, ага-инидей ынак болуп калганыбыз эсимде. 1999-жылы район менен шаар кайрадан бөлүнгөн соң, мен Исфанага кайтып кеттим.

… Арадан 20 жылга жакын мезгил өтүп, азыр Исфанада жашап-иштеп жатсам да Абдувахаб иним менен ага-ини катары тез-тез кабарлашып, шаарга келген сайын сөзсүз алдына кирип, жолугуп кетүү мага адат болуп калган. Ал дагы өз кезегинде район борборуна келип калса, мага жолугуп, же телефон чалып кабарлашып, майрамдарда сөзсүз куттуктап турат. Идиректүү дилинде инсандык изги тилектер, асыл, аруу максаттар менен жашаган адам гана ар дайым алдыда болуп, артындагыларды да алга карай сүрөп турары турмуш чындыгы экендиги эчак эле далилденген, айныксыз аксиома. Мындай нерсе ар бир адам үчүн бир берилген өмүрдөгү зор бакыт, түгөнгүс дөөлөт деп ойлоймун.

Абдувахаб иним, эр ортону ЭЛҮҮ ЖАШЫҢ кут болсун! Ишиңди ири ийгиликтер менен орошон оомат коштоп, жигит пири Шаймерден колдоп, ар дайым жолуң шыдыр, жолдошуң Кызыр Алейхиссалам болсун! Жакшылыкка жанашып, жамандыктан адашып, алган жарың менен кошо карып, кошо арып, уулдун урматын, кыздын кызматын көрүп, агарып-көгөрүп, бактап-шактап, өрүктөй мөмөлөп, өрдөктөй жөжөлөп, алмадай мөмөлөп, ак куудай жөжөлөп жүрө бергиниң, ылайым! Азыр жеткен бийиктиктериң Сен үчүн чек эмес, бараалыңа келип, толуп-ташып турган учуруң, элиңе берээриң али өтө эле көп! Төмөндөгү ыр саптары сенин юбилейиңе арналган гүлдесте болсун!

                                                                                        

Элүү эмне, аппак, албуут дайрабы,

Агып кеткен аска айланып, бурулуп?

Гүлбү кызыл, адам жеткис жайдагы,

Же кыялбы колдон учкан суурулуп?

Ак үмүтпү, дилин ышкка бөлөгөн,

Алыс жолдон арып келе жаткандын?

Же күн бекен кирпигинен нур төккөн,

Ай-ааламдын ачып турган ажарын?

Элүү келди кызыл кымкап кийинип,

Бирок, али арбын жагаар көмүрү.

Жараткандан суранамын ийилип:

“Мындан аркы узун болсун өмүрү?!.”

Терен ызаат жана урмат менен –

Абдиллабек аваң.

Январь, 2017-жыл.

Исфана шаары.

lijn1

Урматтуу Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары, билим берүү тармагынын кызматкерлери, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар!

Сиздерди келе жаткан жаңы 2017-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Жаңы жыл сиздерге бакты таалай, үй-бүлөңүздөргө тынччылык, аманчылык, эл – жерибизге береке пайыз, молчулук, токчулук, ынтымак алып келген акжолтой, ийгиликтердин жылы болсун! Өз өмүрлөрүн келечек муунду тарбиялоого арнаган ардактуу мугалимдерибиздин иштеринде ийгилик болсун! Биздин шаарыдын мектеп окуучуларынан келечекте Мекенибиздин тагдырын чече турган, эл журтунун керегине жараган, Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган билимдүү, патриот, мыкты инсандар тарбияланып өсүп чыксын. Бүгүн жаңы жылды тосуп отуруп, артка кылчайсак өтүп бараткан жыл да биз үчүн жакшы жыл болду. Билим берүү тармагында көп ийгиликтерге жетиштик. Көп бүтүрүүчүлөрүбүз мектепти мыкты аяктап, жогорку окуу жайларында билим алышууда. Мугалимдерибиз сынактарда көп ийгиликтерди жаратышты. Мектеп жетекчилери бир топ долбоорлор менен иш алып барышты. Айтор кетип бараткан жыл жөнүндө бизде жакшы, жылуу гана эскерүүлөр калмакчы.

Жаңы жылда ийгиликтер мындан дагы арбын жаралып шаарыбыздын, мамлектетибиздин экономикасында жана социалдык тармактарында жетишкендикктер көп болсун!

Дагы бир ирээт майрамыңыздар менен куттуктайм!

Сиздерди терең урматтоо менен, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы К.С.Кудаяров.

 lines04
Урматтуу мугалимдер!
       Өмүрдөн кийинки эле баалуу байлык — акыл менен билим байлыгы. Мына ошол байлыкты жаратуучулар мугалимдер, Сиздер! Бала окутуп, билим берүү ар заманда сыймыктуу кесип болуп келген. Мугалим — коомдун жана мамлекеттин түркүгү. Анткени, мамлекеттин курамын түзгөн ар бир адамдын дүйнө таанымына алгачкы чыйыр жол салган — мугалим. Мугалим курган билим пайдубалына бир эле адамдын тагдыры эмес, бүтүн өлкөнүн тагдыры байланыштуу. Кайсы доор болбосун, билимдин, адеп-ахлактын, тарбиянын, маданияттын очогун алып жүрүүчү катары мугалимге өзгөчө баа берилип келген.
Кымбаттуу агай-эжейлер!
Сиздердин иш — түйшүктүү иш! Ошол эле учурда Сиздердин иш — сыймыктуу иш. Анткени жаш жеткинчектерге арип үйрөтүп, окутуп, тарбиялап, аларды турмуштун улуу жолуна багыттаган да Сиздер. Сиздер тарбиялаган ар бир инсан менен кошо мамлекеттин пайдубалы түптөлүп, өлкөнүн интеллектуалдык кубаты чыңдалат.
Караңгыны жарык кылган шам чырак катары, жаратмандык жана бийик атуулдук рух менен эмгектенип келаткан мугалимдерин кесиптик майрамы менен Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн эмгек жамааты чын дилинен куттуктайт! Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, түйшүктүү, бирок асыл ишиңиздерге чыгармачылык ийгиликтерди каалайт. Кесиптик майрамыңар кут болсун!
 
Мугалимдерге 
Дили таза, билими күч агайлар!
Пейли кенен Күн мээримдүү эжейлер!
Түйшүгү жанга баткан,
Түшүмү жан жыргаткан.
Баркын билгенге — алтынга тете,
Баркын билбегенге — жардыга тете.
Адам аттуунун баары карыз,
Акылын уккандарга кончу ырыс.
Билбейм, кайдан бир баалуу сөз табаарым,
Билим берген эжейлерим, агайым.
Жаратканга жагаар таалим үйрөтүп, 
Башатысың, биз жолуккан таалайдын.
Бардык адам өзүн сезген билимдүү,
Космонавттар, окумуштуу, илимдүү,
Жазуучулар, композитор, врачтар,
Президент да Сизден алган билимди.
 
 
Лейлек райондук билим берүү
бөлүмүнүн башчысы:                                                               А.Жамилов

 
 
 

Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин буйругу менен Лейлек райондук юридикалык консультация бөлүмүнүн башчысы Шукурова Саават эже “Кызматташтык үчүн” медалы менен сыйлынды. Юрист эжебизди кезектеги алган ардактуу төш белгиси менен куттуктайбыз.


Урматтуу замандаштар! Баардыгыңыздарды Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
Мекенибизде тынччылык, элибизде ынтымак, үйүбүздө кут, береке болсун!
Жараткан баарыбызга чың ден-соолук жана ийгиликтерди ыроолосун!
нооруз-2015

  • Ыраазылык 

АДАБИЯТТЫ АРДАКТАГАН АЗАМАТТАР 

Дүйнө жүзүн 70 жылдан ашуун дүңүрөтүп да, титиретип турган улуу империя – эсил кайран СССР бир паста кыйрап, өткөн кылымдын 90-жылдарындагы эгемендүүлүк эйфориясынан баш айланган кездер өттү…

Анан Аскар Акайып деген паашабыздын жеп-ичмей, талап-тономой, кыргызды уруу-урууга, кокту-колот менен жылга-жыбытка болгон сасык саясатынын айынан сайда самсып, тоодо тентиген замандар өттү. Эртеңки күнү бүдөмүк, бараткан багыты белгисиз, эси эңгиреген эсил гана кыргыз эли эси жок хандарынын, ханышалары менен ханзаадаларынын, алар менен “бир акырдан жем жеген” Арзыматтардын айынан аргасыз төгүлүп-чачылып,, эки элдик төңкөрүштү, оңбогур Ош окуясынын кандуу калабасын башынан өткөрдү. Элибиз менен экономикабызды дале болсо Орусия, Казакстан, дагы башка чет жактагы байкуш эмгек мигранттары, башкача айтканда, гастарбайтерлер багып келатышканы жалганбы…

Ошол… оомал-төкмөл мезгилдерде адабиятыбыз, маданиятыбыз да катуу мүдүрүлдү, мүңкүрөдү. Бардык нерсенин башында акча, байлык, бийлик, мансап гана доорон сүрүп, адабияттын Олимпин ээлеген псевдо акын-жазуучулар ал жерди акыр-чикирге толтуруп жиберишти. Ал эми чыныгы эл ичинен суурулуп чыгышкан (таанышы жок) таланттуу инсандар ташыркап, жашоонун өйүзүнө чыгып калышканы да чындык.

Деген менен, чыныгы адабиятты, көркөм сөз өнөрүн аздектеп, сыдыргыга сала сынай да, сыйлай да билген азамат атуулдарыбыз да жок эмес экендиги эртеңки күндөн күдөр арттырып, кубандырбай койбойт.

Лирикалык чегинүүнү эпсиз эле созуп жибердим шекилди. Айылдык таланттуу акын агам Өмүрзак Саттаров айткандай “Сандыкта камалып” саргарып, жарык көрүүнү ондогон жылдар самап, багы ачылбай келген менин да алгачкы ырлар жыйнагым былтыркы жылы дал ошондой азамат атуулдардын колдоп-жөлөөсү менен жарык көрүп, окурман колуна кеч болсо (мен 50дөн өткөн соң) да тийип олтурганы мен үчүн зор бакыт, таалай экендигин айта кетсем ашыктык кылбас.

“Атын атасаң – куту сүйүнөт” демекчи, өрүкзар аймагыбыздын өнүгүп-өсүп, өрүш алуусу үчүн өздөрүнүн үлкөн үлүшүн кошуп, ар кайсыл тармактарда үзүрлүү эмгектенип, эл жүгүн көтөрүп жүрүшкөн ардактуу агалардын, эжелердин, досторум менен инилердин аттарын атоо мен үчүн зор сыймык.

Алар – районубуздун акими Тилеберди Арипов баш болгон инилерим Алмазбек Рахманкулов (депутаттардын Исфана шаардык Кеңешинин төрагасы), Бишкектен Асилбек Мукарамов, Исфанадан Таалайбек Осмонов, Нуржан Жалалов, Осмон Ташбалтаев, агаларым – Гапыр Мадаминов, Кадыр Орозбаев, Курбанбек Мурзакулов, Абдулхак Жамилов жана жеке ишкер Саткынай, Халима, Кимсанай, Нарынбүбү эжелерге сүйүктүү гезитибиз – “Ата Журт” аркылуу ыраазылык ыроолоп, башымды ийип таазим кыламын.

Бар болуңуздар, ылайым! Бараткан багытыңыздар түз, жүрөгүңүздөр ар дайым азыркыдай таза бойдон калсын! Сиздерге жашоодогу жаамы жакшылыктарды каалап, алдыдагы Нооруз майрамыңыздар менен ак дилден астейдил куттуктап, терең ызаат жана урмат менен: —

 

Абдиллабек АВАЗОВ, 

КР журналисттер Союзунун

мүчөсү, К. Сабыров атындагы адабий

сыйлыктын лауреаты.

 

Ибадылла АДЖИБАЕВ

аджибаев

Кымбаттуу кыргызстандык кыз-келиндер,энелер,эжелер,карындаштар 
суйуктуу айымдар,жалпы баарынарды жаз майрамы менен чын дилден куттуктайм.


АЯЛЗАТКА ГУЛ ДЕСТЕ
Бул дуйнонун сулуусу сен болосун,аялзат.
Бул дуйнонун улуусу сен болосун аялзат.
Ар бир уйго шамчырак сен болосун аялзат.
Махабатка бал чылап сен коесун аялзат.

Мээрим чачкан дуйного сен болосун аялзат.
Конулго да омурго,дем болосун аялзат.
Берекеси омурдо сен болосун аялзат.
Бейиштин да торундо сен болосун аялзат

От очпогон коломто сен болосун аялзат
Асмандагы чолпонго тен болосун аялзат
Эр азамат баатырдын жары сенсин аялзат
Эргуу суйуу,бакыттын баары сенсин аялзат

Энем ,эжем,карындаш,Жарым сенсин аялзат
Гул ыргытам жолуна,Баарым сенсин аялзат!!!

——————————————————————————————————————————————————

хабибилла АЗИРЕТКУЛОВ

ХабиУрматтуу ак элечек Энелер, кымбаттуу Апалар, эжелер, карындаштар, жеңелер! Баардыгыңыздарды 8-март аялдардын Эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, узун жана бактылуу өмүр тилейм! Тилеген ой-тилек максаттарыңыздар орундалсын. Үйдүн куту, жарыгы жана берекеси болуп жүрө бериңиздер! Таазим сага, АЯЛЗАТ!Урматтуу ак элечек Энелер, кымбаттуу Апалар, эжелер, карындаштар, жеңелер! Баардыгыңыздарды 8-март аялдардын Эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, узун жана бактылуу өмүр тилейм! Тилеген ой-тилек максаттарыңыздар орундалсын. Үйдүн куту, жарыгы жана берекеси болуп жүрө бериңиздер! Таазим сага, АЯЛЗАТ!

Сүлүктү шаарынын мэри Ибрагимов Абдизакир Арзыбаевичтин жаңы жылдык куттуктоосу.

Сүлүктү шаарынын 1-вице мэри Ташев Бавабек Ергашевичтин жаңы жылдык куттуктоосу.

«Ак-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Халбеков Абдисамат Дыйканбаевичтин жаңы жылдык куттуктоосу.

Сүлүктү шаарынын ардактуу тургуну  Жороев Карчыгабек Бакыбековичтин жаңы жылдык куттуктоосу.

«Сүлүктү-шахтакурулуш» ачык акционердик коомунун директору Джураев Ырысбек Нишанбаевичтин жаңы жылдык куттуктоосу.

8a48474d44a6

«Сулукту-тазасууканалы» муниципалдык ишканасынын директору, шаардык Кеңештин депутаты Шамшиддин Каримович Халовду «Кыргыз Республикасынын этностор аралык карым-катнаштын отличниги», «КРнын жергиликтуу өз алдынча башкаруунун мыктысы» төш бегилери менен сыйланды.

ТАЗА СУУ

 

Сыйлыгыңыз кут болсун,

Жана дагы жуп болсун.

Үй-бүлөнүн бактысы,

Үйүңүзге кут консун.

 

Ишкана жетекчиси болуп, бизге да ийгиликтерди коштоп турасыз.

Арабызда дайыма аман болуп жүрө бериңиз демекчибиз.

 

«Сүлүктү-тазасууканалы» муниципалдык ишканасынын

эмгек жамааты.

8a48474d44a6

 Сыйлык – сыймык

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Лейлек райондук юридикалык консультациясынын башчысы Шүкүрова Саават Шүкүровна күнөстүү аймагыбызга дагы бир сүйүнүчтүү кабар алып келди.

Жакында эл арасында мыкты адвокат катары таанылган эжейибиз Кыргыз республикасынын юстиция министрлигинин Ардак Грамотасына жана Кыргыз Республикасынын адвокаттар Союзунун «Ардактуу адвокат» медалына татыды. Эмне демекчибиз сыйлык-сыймык – демекчи көп жылдан берки үзүрлүү эмгегиңиз мамлекет тарабынан бааланганы өзү чоң сыймык. Дагы да болсо эл үчүн кызмат кылып алардын алкышына арзый бериңиз деген каалоолорду айтмакчыбыз.

8a48474d44a6

 Кесип – адам бактысы

60

 Ар бир инсан бул дүйнөгө жаралганда, жараткан ал инсанга өзүнчө бир кесиптин ээси болууга, ал кесип менен элге ак кызмат кылууга буйурганы жалпыбызга маалым. Ошол кесипти аркалаганда баары эле анын кадырына жетип, ал кесип менен эл оозуна алынып, бала-бакырасы менен бактылуу жашаганга аракет кылышат. Бирок, тандап алган кесиптин баркына жетип ошол аркылуу көздөгөн максаттарына жеткендер саналуу гана болору ачуу чындык. Кесиптин чыныгы ээси болуп аны менен дүйнө таануу бул чоң эрдик. Ал үчүн эмне керек? Албетте биринчиден терең билим, тандаган кесипти тулпардай кылып талыкпастан таптоо, эл менен мамиле түзө билүү, үй-бүлөдөгү ынтымак жана бекем тартип. Ысык-суукта, барда-жокто бир калыпта болуп сабырдуулук менен иш алып барып, дос-туугандар менен мамиле бекемделсе анда ар бир кесип өз дүйнөсүнүн каалгасын кенен ачып берери белгилүү.

Тилекке жараша биздин илегилек мекендеген куш ысымдуу лейлек жергесинде да  мына ошол кесиптин чыныгы ээси болгондор арабызда бар экенин укканда кулак, көргөндө көзүң сүйүнүп, алардан кайсы бир жагынан үлгү алып жүрүүнү ниет кылып кетериңе калет жок. Мына ошондой азамат инсандардын бири бүгүнкү биздин каарман, элибизге коп жылдардан бери керек-жарак тармагында кызмат кылып, заманга жараша ал тармакты туура багыттап, ошол жерде иштеп жан багып жаткан мекендештерибизге ыңгайлуу шарт түзүп, улуу- кичүүгө, улут-уруулардын баарына бирдей мамиле жасаган инсан ал Орозбаев Кадыр Карабаевич.

Орозбаев Кадыр Карабаевич 1954-жылы 11-октябрь күнү Лейлек районунда жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан кийин 1971-1972-жыдары Жалал-Абад кооперативдик окуу жайында атайын орто билим алат. Андан соң мурдагы Фрунзе – азыркы Бишкек шаарындагы соода техникумунда билим алуусун улантат. 1977-1981 -жылдары Самарканд шаарында В. Куйбышев атындагы Кооператив институтунда билим алып жогорку маалыматтуу «Экономист -бухгалтер» кесибинин ээси болот.

Чындыкты айтуу керек, Самарканд шаарында билим алып жүргөн мезгилде студенттик тажрыйбаны мол жыйнаган каарманыбыз, ал жерде староста болуп шайланат. Кыргызстандан барган жаш студенттерге өзгөчө колдоолорду көрсөтүп, айрым чабалыраак студенттер окуусунан жетишпей окуу жайынан кете турган учурларда аларга колдон келишинче строста катары жардам берип, ал студенттин окуу жайда калып аны бүтүрүүсүнө да себепчи болгонун, ошол кездеги курсташтары жылуу маанайда эскеришет.

Кадыр Карабаевич

1981-1985-жылдары Кулунду СелПОсунда башкы эсепчи кызматында эмгектенет.

1986-жылы Лейлек райондук ЗаготСбытБазасында директор

1990-жылы Лейлек райодук Керек-Жарак коомунда башкы эсепчи

1990-1995 -жылдары аталган ишканада жетекчилик кызматын аркалайт.

Эске саларыбыз өз кезинде Кадыр Карабаевичтин Кулунду СелПосунда мыкты жетекчилик сапатына жана терең билимине күбө болгон ошол убактагы райкомдун биринчи секретары Абдыкадыр Сапарбаевичтин назарына алынып анын көрсөтмөсү менен Лейлек райодук Керек-Жарак коомуна келип жетекчилик орунга дайындалган, Кадыр Карабаевич 1995-2003-жылдары “Мекен” өндүрүштүк фирмасынын директору болуп эмгек жолун уланткан. 2003-жылдан азыркы кезге чейин Исфана шаарындагы Керек-Жарак кооперативинин төрагасы болуп үзүрлүү эмгектенүүдө.

Кадыр Карабаевич Исфана айылдык кеңешине андан кийин Исфана шаардык кеңешке жана  Лейлек райондук кеңешке бир нече жолу депутат болуп шайланган.  Республикалык облустук жана райондук деңгээлдеги Ардак Грамоталарга татыктуу болгон.

2005-2010-жылдары Ак Жол элдик партиясынын лейлек районундагы координатору, штабдын башчысы болуп,  коомдук саясый иштер менен да алектенип районубуздун саясый жактан кайсы бир деңгээлде өсүшүнө да салым кошкон десек ашыкча болбос. Албетте тарых өзү күбө, убагында Акаев, андан кийин Бакиев деле президент болгондо алгачкы иш сапарларын улуу инсан И. Раззаковдун мекени деп, дал биздин районубуз Лейлек жергесине зыярат кылып таазим этүү менен баштаганын баарыбыз жакшы билебиз. Бирок алар элге кандай кызмат кылды, мамлекетибиздин өнүгүшүнө кандай салым кошту аны убагы келгенде тарых өзү баарын жайына коюп коёт. Карапайым калктын жана анын ичинде биздин бүгүнкү каарманыбыз  Орозбаев Кадыр Карабаевич милдети бүтүндөй кыргыз эли шайлаган эл башчы-президенттерге ак батасын берип ал президенттерден мамлекетибиз өнүгүүсү үчүн элге ак кызмат кылуусун гана каалашкан.

Кадыр Карабаевич үй-бүлөдө мыкты камкор ата. Ал эки уул, эки кызга жубайы Зейнеп эже менен таалим тарбия беришип, колдон келишинче балдарына билим алуусуна шарттарын түзүп беришкен. Ооба, алар азыр баары өз алдынча турмуш жолу менен бара жатышат. Улуу уулу Акжол, Канада мамлекетинде, кичүү уулу Мекен Америкада окуп иштеп кыргыздардын намыса жарап келүүдө. Чоң кызы Динара Турция мамлекетинде жашап эмгектенсе кичүү кызы Жылдыз, Бишкек шаарында жашап эмгектенүүдө.

Жыйырма жаштын жолуна жаңы эле аттанган эгемендүү Кыргыз мамлекети үчүн мындай алыскы өнүккөн мамлекеттерде окуп анан жумушка орношкош жаштар чоң олжо. Алардан убак-сааты келгенде Кыргызстандын келечегине кандайдыр бир деңгээлде оң таасири тийерине күмөн жок.

Кадыр Карабаевич ДОС-ТУУГАН маселесине да өзгөчө көңүл бурат. Туугандарга көңул буруу бул өз ата-тегин, тага, кайын журтунду сыйлап урматтап, аларга таазим кылуу. Досторго көңул буруу, бул өзгөчө нерсе. Чыныгы достор өз тууганыдан да сени жакыныраак тутат. Сага керек болсо өзүнүн эч кимге айткыс сырлары менен бөлүшүп кыйын күндөрдө санаңды көтөргөн, жакшы күндөрдө кубанычыңды бөлүшкөн жан дүйнөңө эң жакын болгон инсандар болуп саналат.

Элибизде “Эшигин көрүп төрүнө өт” деген накыл кеп бар эмеспи. анын сыңарындай учурда  Кадыр Карабаевич  жетектеген Керек-Жарак кооперативиндеги иштерди карап көңүлүң жылыйт. Жыл сайын заман талабына жараша жумуштар аткарылууда. Борбордук базардын жолдору асфальтталып, жамгыр –кардан тоскон чатырлар жабылып, жаңы соода түйүндөрү ачылып соодагерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. “Базары байдын эли бай” дейт элибизде. Анын сыңарындай башка аймактарга салыштырмалуу биздин районубузда базар баалары төмөнүрөөк экенин моюнга алышыбыз керек.

Эсибизде болсо керек Союз жаңы эле ыдыраган мезгилде кара курсактын айынан интеллигенция өкүлдөрү болгон билим беруу, саламаттыкты сактоо тармактарынын бир топ кызматкерлери базарга чыгып балдарынын камын көрүп калганын жакшы билебиз. Мына ошолордун баарына базардан жай берип алардын соода сатык иштеринин жүрүшүнө жакшы  шарттарды түзгөндөрүн да жакшы билебиз. Ошол жылдары базарга аралашкан социалдык тармактардагы инсандарыбыз, учурда өздөрүнчө ишкана ачып, керек болсо кошумча жумуш орундарын түзүп, райондун өнүгүшүнө да салым кошуп жаткан азыркы тил менен айтканда чоң бизнесмен ага эжелер, мына ошол Лейлек базарынан өсүп чыгышты.

Эми жогоруда айтып жаткан жалпы маалыматтардын жана айтылган сөздөрдүн аялдамасына токтолсок, бул биздин каарман Орозбаев Кадыр Карабаевичтин торколуу алтымыш жылдык юбилейине келип токтолууда. Ооба, айтканга оңой турганы менен алтымыштын ашуусуна багыт алган агабыздын аткарган иштерине саресеп салып аны элге жеткирүү биздин милдет. Анын жасаган жумуштарынан үлгү катары ала турган нерселер да арбын. Андыктан Кадыр Карабаевичке бекем ден-соолук, кажыбас-кайрат, дагы да болсо Лейлек жери, эли үчүн пайдалуу болгон жумуштарды аткарып, элдин назарынан калбай Кыргызстандагы белгилүү ишкер инсандарынан болуп, келечекке өзгөчө кам көргөн аталардын санын толуктап, Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө салым кошкон атуулдардан болуп жүрүшүнө тилек айтмакчыбыз.

Алтымышка чыктым мына мен бүгүн,

Адыр тоолуу аска зоолуу Лейлекте.

Бакыт издеп бүт алаамды кыдырып,

Аны таптым таза тунук эмгектен.

Кутман курак алтымыш жашыныз кут болсун !

3 комментариев к “Куттуктоолор

  1. Erali.

    Сайтты ачып соонун кылыпсыңар. Чет жерде жүрсөкда жүрөгүбүз мекен деп согот. Мекенге болгон сагынычты ушу сайттан сүрөттөрдү жаңылыктарды окуп чыгарып турабыз. Буйруса, жакшы сайт болуптур ишиңерге ийгилик!

  2. Almaz

    Лейлек-Сулукту сайтын жарыкка чыгарган чыгармачыл топко чон ийгликтерди каалайбыз! Эл арасында дайыма абройлуу болуп, калеми курчуй беришине тилектешпиз!

    1. suleyinfojetinur Автор

      Алмаз сага чо-оң рахмат! Сенин тилегиңди кудай өзү кабыл алган болсун. Буюрса бул сайттын келечеги элдин колунда. Сендей болгон патриот жигиттер көп болсо, демек — сайттын келечеги кең болмокчу.

Добавить комментарий для Almaz Отменить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *