Сумбула айыл аймагы

Сумбула айыл өкмөтүнүн кыскача маалыматы

SAMSUNG

Айыл аймагынын жалпы аянты 30 700 кв. м. Аймактын курамында  Андарак, Искра, Сары-Дөбө, Көк-Таш айылдары бар. Калктын саны 14455.

SAMSUNG

Билим берүү мекемелери: 2 балдар бакчасы. Көк-Таш айылындагы “Ариет” жана Искра айылында  “Байчечекей” балдар бакчалары. башталгыч жана орто мектептердин  саны 7, Андарак 1, Андарак 2, Манас, Сары-Дөбө, Саттаркулов, Боронбаев жана Дейнөө мектептери.

SAMSUNG

Оорукана жана ФАПтар Андарак ооруканасы, ҮДТ-12 Искра, ҮДТ-13 Көк-Таш, ФАП Сары-дөбө.

Врачтардын саны 3, орто медициналык кызматкерлер 11.

Лейлектин Cумбула айыл өкмөтүндөгү «Сумбула FM» радиосу өз толкунун кеңейтүүнү көздөп жатат

radio

  Лейлек районунун Cумбула айыл өкмөтүндөгү «Сумбула FM» радиосу өз толкунун Лейлек жерине жана кыргыз элине жеткирүүнү көздөп турат. Аймактык кабарчы маалымдагандай, бул радио Сумбула айыл өкмөтүнүн кеңсесинде жайгашкан. Көркөм жана сөзгө чебер мектеп окуучулары кызмат алып барат. Мында жарыялар, куттуктоолор жана башка элди кызыктырган макалалар менен жаңырат.

«Сумбула FM» уктуруусу Сумбула айыл өкмөтүндө эле кызмат кылат, себеби айылдарда зым менен тартылып барып, ар бир столбаларга колонкалар орнотулуп коюлган.

Башка жактар менен кызматташууну көздөгөн Сумбула айыл өкмөтүнүн кызматкерлери эки радионун толкунун Лейлек жерине жана кыргыз элине жеткирүүнү максат кылууда.

——————————————————————-

Лейлек районунун Сары-Дөбө айылындагы мектеп окуучуларына ысык тамак бериле баштады

Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Дөбө айылынын Сары-Дөбө мектебинде заманбап тамак бышыруучу печкалар курулду.

Маалыматка ылайык, анда тамак бышыруучу ашпозчулар дайындалып, окуучулар санына карап азык-түлүктөр алынып, окуучуларга ысык тамак бериле баштады

turmush

Лейлектин Сумбула айыл өкмөтүндөгү жаштар жаңы ачылган борбордон чет тилдерин үйрөнүп, компьютерди өздөштүрөт

Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүндө жаштар борбору ачылды. Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы Баймурат Бекмуратов маалымдагандай, аталган борбор БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты тарабынан ачылып, жаштардын тил үйрөнүүсүнө, компьютерди өздөштүрүүсүнө жана ар кыл багыттагы семинарларга катышуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Ошондой эле айыл өкмөт башчысы Б.Бекмуратов, ичүүчү жана сугат суу менен толук камсыз болбогон Көк-Таш айылынын көйгөйүн чечүү үчүн түрткү берүүчү грант алууга долбоор даярдоо аракеттери көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

«Эгер долбоор кабыл алынып калса кийинки жылы Көк-Таш айылынын тургундары ичүүчү жана сугат суу менен толук камсыз болуп, ошондой эле ички жолдор оңдоодон өткөрүлөт», — деди Б.Бекмуратов.

turmush

Turmush —  В селе Андарак Лейлекского района Баткенской области местный житель Мансуржан Наврузов открыл чайхану, сообщил корреспондент Turmush.

Как сообщается, чайхану Мансуржан открыл 4 года назад. До этого он занимался животноводством. Его рабочий день начинается с 5 утра. Ему помогают его жена и дети.

«Для того, чтобы открыть чайхану продал домашний скот и взял кредит. Сначала купил участок, затем построил чайхану. На сегодняшний день гостям предоставляю все блюда из национальной кухни. Кроме местных жителей приходят гости из Баткена и Оша. Также заказывают плов на вынос. Таким образом, получаю хорошую прибыль. Все вырученные деньги тратим на нужды семьи», — говорит Наврузов.

Сумбула айыл — өкмөт башчысы Бекмуратов Баймурат жылдын мыктысына татыды
24.01.2016
Баймуратов
“Эркин Тоо” гезитинин аныктаган жыл мыктыларынын катарында Сумбула айыл -өкмөт  башчы Бекмуратов Баймурат да бар .
Албетте  ушундай  айыл  өкмөт башчылары  бар  экенине  сыймыктануу  керек.
Жылдын  мыкты  айыл-өкмөт  башчысына  кайрылганыбызда  ал  бизге  буларды  айтты:
«2015 — жыл ушундай жакшы жетишкендиктер менен  аяктаганы биз үчүн чоң сыймык. Мурунку жылы бүтүрө албай калган  иштерди быйылкы  жылы  бүтүрдүк деп ойлойм. Биз  албетте  ыраазыбыз   өтүп кеткен  жыл  ушундай  жакшы  ийгиликтер  менен бүткөнүнө жана да өтүп кеткен  жылда  көптөгөн  жакшы иштер  жасалды . Албетте  мындан ары да жылдын аягы  жакшы  бүтүшүн  тилейбиз . Ушинтип жылдын мыкты айыл-өкмөт башчысын алуу да чоң жетишкендик деп ойлойм,» —
деп билдирди Бекмуратов.  Элдин  жакшы  жашоосу  үчүн  жакшы  иштер жасалып  жатат . Айыл өкмөтүбүздүн жылдын  мыктысын  алуусу  да анын  жакшы  иштеп  жаткандыгын  көргөзүп  турат.
Айылыбыз мындан  ары  да  жакшы жетишкендиктерге  жетет деп ойлойбуз.

Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит.

Т О К Т О М Д О Р:

15 14 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 28 29 31 30 32 2 3 34 1 33 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13

2 комментариев к “Сумбула айыл аймагы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *